🌾Үнсүз дуа


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


Цель:10k.
Актив ↗️
Начало истории
11. 04. 21.
Глава: @unsuz_dua.

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


Каалоочулар кошулабыз💐




💐💐💐💐💐💐💐Ассаляму алейкум уа рахматтуллоохи уа барокатух🌹🌹Кутман кеч суйууктуу жамаатым 💐💐💐Буткул ааламдын падышасы Аллахка чексиз мактоолор жана чексиз шугурлор болсун🤲🤲🤲Пайгамбарлардын имамы Пайгамбарыбыз саллаллоху алейки ва салламга берекелуу салам жана салаваттар болсун🤲🤲🤲🤲


الحب ليس مجرد كلمات، بل هو أفعال تؤدي إلى قلب شخص آخر. فإن أطهر الحب ما كان في وجه الله

«Сүйүү бул жөн эле сөз эмес, бул башка адамдын жүрөгүнө алып баруучу иш-аракеттер. Сүйүүнүн эң тазасы – бул Алланын ыраазылыгы үчүн болгон сүйүү" 🖤


بِسْــــــــــــــــــــــمِ ﷲِالرَّحْمَنِ الرَّحِيم🤍
{ إِنَّ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُسْلِمَاتِ وَالْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَالْقَانِتِينَ وَالْقَانِتَاتِ وَالصَّادِقِينَ وَالصَّادِقَاتِ وَالصَّابِرِينَ وَالصَّابِرَاتِ وَالْخَاشِعِينَ وَالْخَاشِعَاتِ وَالْمُتَصَدِّقِينَ وَالْمُتَصَدِّقَاتِ وَالصَّائِمِينَ وَالصَّائِمَاتِ وَالْحَافِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَالْحَافِظَاتِ .!}
:Мааниси
„Ырасында, мусулман эркектер жана мусулман айалдар, момун эркектер жана момун айалдар, мойун сунуучу эркектер жана мойун сунуучу айалдар, чынчыл эркектер жана чынчыл айалдар, сабырдуу эркектер жана сабырдуу айалдар, ыкластуу эркектер жана ыкластуу айалдар, садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү айалдар, орозо кармоочу эркектер жана орозо кармоочу айалдар, уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер жана уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу айалдар",!
[Сура Аль-Ахзаб: 35


Ассаламу алейкум урматтуу катталуучулар. Амансыздарбы?Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерге соонун жанылык.
Келе жаткан жекшемби күнү (воскресенье) Москва шаарындагы мекендештер менен жолугуп, китеп окуп талкуу кылсак деп атабыз. Дарегин адамдар чогулганда айтабыз. Бара тургандар болсо байланышкыла.

https://t.me/Abilovv_m


Куран-журөк жазы
Эт жүрөк -муз , көңүлдө-кыш,ойдо-туман
Маңызы жок өмүр өтүп барат улам.
Эх, канчалык максат коюп,жеткен менен,
Тумчугамын тынчтык таппай, билсең тууган!

Дүйнө үчүн тынымы жок аракеттер,
Алпурушуп канча өмүр кетти бекер.
Жашаптырмын унуткарып өлүм соңун,
Жалган дүйнө-түбөлүктүү түркүк бетер...

Абалым оор, көөдөнүм бош, алсыз ыйман,
Багытым жок, кен ааламда жалгыз турам.
Жаратканым бул күндөрдө себеп кылып,
Жолуктурду жол көрсөтчү  момун тууган...

Маңдайынан ыйман нуру жанып турган,
Ошол адам мага дайым насаат кылган.
"Үйрөнүп сен,башкаларга үйрөткүн!" деп
Колдорумдан бекем кысып ,берди КУРАН


  Куранга сен бүтүндөй өзүңдү арнабасан,Куран сага кыпындай да илим бербейт .Тоскоодуктар,кыйынчылыктарды ашып өтүп үйрөнгөн Курандын ырахатын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес...

Үйрөнүүгө бел байлдым жумшап күчүм,
Бекем туруп, тоскоолдукту жеңдим бүтүн.
Мен чыныгы "Куран ээси "болсом экен.
Куран окуп калчу күндү канча күттүм...

Эх Кураным,жакын курбум ,жан шеригим
Сен бар үчүн  дүйнө кең да ,аруу сезим.
Мен бактылуу болор элем чыкса эгер,
Куран окуп жаткан кезде, соңку демим...

✍️Ж.А


Ассаламу алейкум урматтуу катталуучулар. Амансыздарбы?Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерге соонун жанылык.
Келе жаткан жекшемби күнү (воскресенье) Москва шаарындагы мекендештер менен жолугуп, китеп окуп талкуу кылсак деп атабыз. Дарегин адамдар чогулганда айтабыз. Бара тургандар болсо байланышкыла.

https://t.me/Abilovv_m


Ассаламу алейкум урматтуу окурмандар.
Бул жарыя Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер сиздер үчүн.

Швейный цехке упаковщик 1 бала керек. Парда упаковка кылганы.
График 6/1. Жумуш убактысы 10⁰⁰ - 20⁰⁰ чейин. Күнүнө 2500 рубльдан жазылат. Ар жума күнү алабыз. Метро Новокосино.

Байланыш үчүн:
https://wa.me/qr/YPDI5EI6H7ETH1


Адамдарга жагынууга аракет кылба. Себеби, канча аракет кылсаң да, канча жакшылык кылсаң да адамдарга жакпайсын.

Адамдар сени жакшы көрүүсү үчүн, сен Аллахка жагынуунун аракетин кыл, Аллах сени адамдарга сүйкүмдүү кылып койот.

Аллах менен болгон мамилеңди оңдо, Аллах сага адамдардын мамилесин жакшыртып койот. Адамдардын арасында даражаң бийик жана сүйкүмдүү болосуң...

с. Мухаммад Абилов


Forward from: 𝗧𝗔𝗞𝗬𝗕𝗔.𝗡𝗨𝗥
Карылыкка жетем десеңиз...

1. Устат табыңыз. Устаты жок адамды шайтандын азгыруусу баштайт.


2. Көп убактыңызды Куран менен өткөрүңүз. Күн сайын 3 сааттан ашык убактыңызды Куранга арнаңыз. Устатым айтчу: “Күнүнө 2-3 саат Куранга убакыт бөлө албаган адам хафыз боло албайт.”


3. Курандан алыстоо тууралуу ойлор шайтандын азгырыгы экенин түшүнүңүз. Бул улуу жолду Алла Таала сизге тандоону буйруган. Бул чоң ырайымдын кадырына жетиңиз.


4. Кээде Куранды кароого көңүлүңүз чаппай калат. (Мындайды башынан өткөргөндөр түшүнөт.) Адам болгондон кийин чарчайсыз, көңүлүңүз тартып, ниетиңиз солгундап калат. Бул дагы сынак.
Алла Таала Нажм сүрөсүндө айтат:
"Көөдөндөгү жанды алып өлтүрүүчү да, жан киргизип тирилтүүчү да – Ал өзү."
Устатым мындай дей турган: “Бул аяттан дагы бир маанини түшүнүүгө болот: ниетти берүүчү да, алууну чечүүчү да Алла Таала.”
Демек, Алла Таала: “Хафыз болом дедиң, ниетиңди алып койсом сөзүмдү таштап кетесиңби?” – деп сынашы мүмкүн.
Жөн гана токтоп калбаңыз. Эч нерсеге карабастан улантыңыз.

Ниеттин солгундашы күнөөлөрдөн болушу мүмкүн. Көп истигфар айтыңыз (Имран сүрөсү, 147-аят).



5. Куран жаттоого кеңештер:

Эгер жаңыдан жаттай баштасаңыз, алгач кыйынчылыктар болот. Эсиңиз төмөн, тилиңиз Куранга көнө элек, тез окуй албайсыз. Жарым барак жаттоо чоң нерседей сезилет. Бул кадимки эле көрүнүш. Башында эле “колумдан келбейт” деп көңүлүңүздү сындырбаңыз.

Жаттоону тапшыраардан 1 күн мурун жаттап алууга аракет кылыңыз. Ошондо оңой жана ишенимдүү болот.

Жаттоо ыкмасы ар кимде ар башка. Өзүмө жакшы жардам берген ыкманы бөлүшөйүн:

1 бет жаттоону эки бөлүңүз. Биринчи жарымын 33 жолу окуп, андан соң жаттап баштаңыз. Андан кийин жаттаган бөлүгүңүздү 33 жолу жатка окуңуз. Экинчи жарымына да ушундай кылыңыз. Андан соң экөөнү бириктирип жатка окуңуз.

Бул ыкма үчүн сабыр талап кылынат. 15 жолу окуганда эле “болду, жатталып калды” деп токтоткуңуз келет, бирок 33 жолу окусаңыз, пайдалуу жана узак убакытка эсибизде сакталып калат.

Убакыттын өтүшү менен Алла Таала эс тутумуңузду күчөтүп, жөн гана окуу менен жаттай турган абалга жетесиз. Аллаху акбар!




6. Эс тутум жөнүндө кабатыр болбоңуз. Ал – Алланын бергени. Сизден талап кылынганы – тынымсыз жаттоо, дуба кылуу жана түнкү тахажуд намазына туруп дуба кылуу.
Мен үчүн 1 барак жаттоо өтө чоң жетишкендик көрүнчү. Азыр дагы ошондой, бирок Куранды 5, 10, 15, ал тургай 22-32 барактан жаттаган адамдарды көрүп, Алланын улуулугун сезесиз. Ал кааласа, бардык нерсе мүмкүн экен.



Бул кеңештер биринчи кезекте өзүм үчүн жазылды. 🤍

Алла Таала баарыбызга хафыз болууну жана Куранды жүрөгүбүздө Өзү ыраазы боло турган деңгээлде сактоону насип этсин!
❤️‍🩹


Бактылуулук толук дин менен жашоодо гана!!!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram








🌾Ассаламу алейкум
Кандайсыздар?

АНГЛИС ТИЛИН 🇺🇸нөлдөн баштап үйрөнөмүн—деген катталуучулар. Сиздерди мен өзүмдүн акысыз болгон сабактарыма чакырамын.

Катталып кетиңиздер каалоочулар болсо группага‼️‼️‼️




Албетте бул менин жеке оюм...)


21-кылымда сүйүүнүн кадыр-баркы төмөндөп жаткандай.
Себеби, учурда сүйүүдө туруктуулук, ишеним жоголду. Кыз-жигит болуп сүлөшүп жатканы деле, үй-бүлө курганы деле ошол өзүнүн адамы менен токтолбой жатат. Бири-бирине ишеним жок.

Өзү сүйүү никеден кийин башталат. Бирок, учурда никеге чейин эле бир топ иштер болуп кетип жатат. Устаздар, аалымдар "кыз-жигит болуп жүрбөгүлө, бул арам мамиле. Түн ичинде парктарды аралап жетелешип жүрбөгүлө" деген сайын токтолуунун ордуна биз кайрадан күчөп жатабыз.
Нуржигит агай айткандай:
- Биздин жаштарга "Аны кылба, муну кылба" деп айтпаш керек окшойт. Тескерисинче "Кыл" деп айтуу керек окшойт. Антпесе "Кылба, дебе" деген сайын токтотуунун ордуна, кайрадан өчөшкөнсүп көбүрөөк кылышат экен.

Балким таалим-тарбиянын башкача бир усулун колдонуп көрөттүрбүз...
Балким...

©Мухаммад Абилов

20 last posts shown.