Хадистер📜


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


🌟ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛАХ 🌟
🕊_Суроо - жооп.❓
🌸_Хадистер. 📚
🕊_Видео суроттор. 🎥🏞
🌸_Баяндар. 🔊
🕊_Дубаалар. 🤲
🌸_Сүрөөлөр. 🌙
🕊_Жүрөкө жакын сөздөр. 💬
🌟БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУНУЗ 🌟
❤️Владельц akmatbekov Aktan
@amanatm99

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter




Video is unavailable for watching
Show in Telegram


"Жаратыктар сенин сыртыңа карашат.
А Жараткан сенин ичиңе карайт.
Жаратыктар караган сыртыңды көркөмдөп, Улуу Жараткан карачу ичиңди булгоодон өтө сак бол".

Ибни Ийад.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Мечеть Пророка ﷺ
Видео От: ⤵️
@Assaloomualleikum🌹❤️


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🔸🟫ХАДИС🟫🔸


عن عنس رضي الله عنها قل :قل رسول الله صلي الله عليه ؤسلم:جمل قرة عيني في الصلاة(ؤهؤ بعض الحديث) رؤاه النسي بب حب السوء، رقم:...
Анас (разияллоху анху) дан риваят:

"Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) :

„Намаз-көзүмдүн тынчтыгы, бейпилдиги“-деди.

🔸Насаи🔸
⤵️Катталыңыз 🌹
https://chat.whatsapp.com/G5HAnDQGY0O18Fsrae1H9x
⤵️ Катталыңыз 🌹
https://chat.whatsapp.com/Ioag08MMkwn27RgtWj7Xfx
⤵️Катталыңыз 🌹
https://chat.whatsapp.com/ElqIwnAGYBb05jl4raJV46
⤵️ Катталыңыз 🌹
https://chat.whatsapp.com/Dglcx3ZF42oLD70c4IlauU
Жана бөлүшүңүз 🥰


Реакция күтөм
Бейиштигимм ❤️🌹


"و سئل سهل بن عبد الله (قدس الله سره الشريف) عن التوبة، فقال: أن لا تنسى ذنبك"
(الرسالة القشيرية)

Сахл бин Абдулла (Аллах ырайымына бөлөсүн) тообо жөнүндө суралганда, ал: "Тообо - бул кылган күнөөлөрүңдү унутпай, эстеп жүрүүң" - деди.
(Рисалатул-Кушайрия).




Суроо:
Лөлүлөргө (цыгандарга) садака берсе болобу? Балдары менен көчөдө тилемчилик кылышат. Боорум оруйт.
Жооп:
Эгер сиз бербегенде лөлүлөр шаардын көркүн бузбайт эле. Сиз бербегенде, тилемчи муктаждар азаят эле. (Чыныгы муктаждар аз, булар менен көп). Жалкоолукту кесип кылып, даяр акчага көндүрдүк. Жалган байкуштугуна алдандык.

Эмнеге мындай кылып жатасыңар? Менден да бай турат экенсиңерго десек ата-баба салты деп жооп беришет. (Тилемчилик кылып, бекер жашоо).
Ата-энеңер бомж болсо, силер да ошондой болушуңар керекпи?! Ата-энеңер жалганчы, аферист болсо силер да андай болушуңар шартпы?! Аң сезимди оңдоо зарыл!
Балдарын кичинекей чакынан ошого көндүрүп, көчө баласы кылып чоңойтуп жатышат. Кыздары "гадаю, завараживаю" деп көз ачыктык менен таза муунду караңгылыкка чакырышат.
Садака, жардамды чыныгы муктаждарга берүү зарыл!

Жооп берген: Адылбеков А.
Катталып, пайда алыңыз..


❤️🥰https://t.me/amanatm99




💖✨💖✨💖
*_Аллахумма солли ъала саййидина Мухаммад_*

*_Аллахумма солли ъала саййидина Мухаммад_*
💦📿🕋📿💦

*_Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллаху ъалайхи ва салламга татыктуу үммөт болууга аракет кылалы жүрөгү таза 💟 ЫЙМАНДУУЛАРЫМ Аамиин Аллаху Акбар_*
💟💟💟💟💟
🎊🎊🎊🎊🎊
*_ТҮНҮҢҮЗДӨР БЕЙПИЛ БОЛСУН_*
*_ТҮШҮҢҮЗДӨР БЕЙИШ БОЛСУН!_*
🎇🎁🎇🎁🎇

*_Бүгүнкү Жума Түнүнүздөр Эртеңки Жума күнүңүздөр Маарек болсун!_*
🌹🌹🌹🌹🌹

*_Жакшы эс алыңыздар_*
*_Аллахга Аманатсыздар!_*
😍🤗🩷🩷🩷

*_Ассалааму алайкум уа рахматуллаахи уа барокаатух..._*


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жуманыздар маарек болсун Аминь🤲🤲


*ХАДИС*

🦋🦋🦋🌼🌼🌼🍁🍁🍁

عن سهل بن الربي بن امر واالانصاري المعروف بابن الحنظلية و هو من اهل بيعة الرضوان (ر ض ع) قال: مر رسول الله (ص ع و) ببعر قد لحق ظهره ببطنه فقال :*اطقو ا الله في هذه البهاءمالمعجمة، فاركبوها صالحة و كلو ها صالحة*

Бинул- Ханзалия деген ат менен таанымал, Ридван антташуусуна катышкан Сахл бин ал- Рабий бин ал-Ансарии (р д анху) баяндайт. Алланын Элчиси ( с а в ) жакшы багылбаган себшептүү карды кабышып, көтөрүм болоюн деп калган төөнү көрүп мындай деди: "*Бул мунун айтаарга тили*
*жок айбандар тууралуү* *Алладан корккула!* *Жакшы багып минип, жакшы багып союп жегиле"*
(Абудауд, Жихад44)

💦💦💦💦🍁🍁🍁🍁💧💧💧


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


ЖУМА КҮНҮ 3 АМАЛДЫ АТКАРУУНУ УНУТПА!

1. “Кахф” сүрөсүн окууну унутпа!

Буга көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: “Кимде-ким Жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, анын кадам алдынан чыккан нур асман булуттарына чейин жаркырайт. Кыямат күнү ошол нур менен нурданат жана анын өткөн Жумадан берки (кичине) күнөөлөрү кечирилет”. (Хааким, Байхакий).

Ошондой эле, экинчи бир хадисте, минтип айтылган: “Жүма күнү ким Кахф сүрөсүн окуса, ал үчүн эки жуманын ортосу нурга толот”. (Хааким).

2. Пайгамбарыбызга (ﷺ) салам жана дуба айтууну унутпа!

Бул да сенден көп убакыт талап кылбайт. Бейшемби күнү Дигер убактысы өткөндөн баштап, Жума күнүнүн ушул убактысына чейин Жума болуп эсептелет. Мына ушул аралыкта салам жана салават айтуу – зарыл.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Жума күнү мага көбүрөөк салават айткыла, чынында силердин айтканыңар мага жетип турат” – деген. Дагы бир хадисинде, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Күндөрдүн жакшысы – Жума күнү. Адам (алейхис салам) ушул күндө жаратылган.,Ушул күнү бейишке киргизилген. Ушул күнү андан чыгарылган. Бул күнү мага көбүрөөк салават айткыла, анткени салаватыңар мага жетип турат” - деп айтат.

Анын сөзүн угуп отурган сахабалар: “Сиз чирип кетсеңиз, биздин салаватыбыз кантип жетсин?” – деп сурашат. “Аллах Таала пайгамбарлардын этин жешти жерге арам кылган” – деп жоп берет. (Имам Ахмад).

3. Бул күнү дуба кылууну унутпа!

Буга да көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: “Жума күнүндө бир убакыт бар, кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, ал шек-күмөнсүз кабыл болот”. Бул убакыт тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Көпчүлүк аалымдардын айтымында, бул убакыт Дигерден Шамга чейинки аралыкка туура келет.

Бул үч амалдан сырткары, Жума күнү жуунуп, намазга эрте келүү – зарыл. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: “Ким Жума күнү жакшылап жуунуп, алгачкы саатта мечитке барса, төө союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

Ким андан кийинки сааттарда барса, уй союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

Ким андан кийинки сааттарда барса, кой союп курмандык чалгандай соопко ээ болот.

Ким андан кийинки сааттарда барса, ал тоокту курмандык кылгандай сооп алат.

Ким андан кийинки саатта барса, жумуртканы курмандык кылгандай сооп алат. Имам минбарга чыккан мезгилде, периштелер сапка тизилип, анын айтканына кулак салышат”.

Жума маарек болсун! 🤗🌹


ХАДИС
عن عبد الله بن مسعود رضى الله عنه عن النّبيّ صلى الله عليه وسلم قال: من أخطأ خطينة أو أذنب ذنبًا ثم ندم فهو كفّا رته.

🍄🍄🍄🍄🍄🍄🍄

Абдулла ибн Масуд (р.а) дан риваят.Пайгамбар (с.а.в) айтат: «Ким бир ката ,же бир күнөө кылып коюп,анан өкүнсө ,ага кечирим болот».

*Байхаки*


https://t.me/amanatm99


Жатаар дубасын унутпаныздар!
💫💫💫💫💫💫
Ыйманда жатыңыздар!
💖💖💖💖💖

Аллахга Аманатсыздар
🤲🤲🤲🤲🤲

Хузайфа ибн Яман (розияллоху анху)дан риваят: Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) жатаар убакта ушул дубаны окуган.

بسمكَ اللَّهُمَّ أَمُوتُ وَ أَحْيَا

*"_Бисмикаллохумма амууту ва ахйаа._"*

Котормосу:
*_"Оо, Аллах сенин атын менен гана өлөмүн жана сенин атын менен гана кайрадан тирилемин"_*. (Бухари, Тирмизий, Абу Дауд)

*📚Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар китебинен алынды*


Forward from: 🦋Sezim surlary🎀🤍
🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ

Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:

«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.

Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:

► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.

► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.

► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.

► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.

► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.

► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.

► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.

► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.

► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.

Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».

20 last posts shown.