ᎪᏦЫᏢᎬᎢᎢИᏦ ᎪᎷᎪЛДᎪᏢ


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


ӨЛҮМДҮ ЭСТЕ🍂☝🏻

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


БИЗ СЕЗБЕГЕН ЖАЗАЛАР

Бир киши солих адамдардан биринин жанына келип:
— Ар бир күнөө үчүн жаза бар деп уккамын. Мен Аллага көп күнөө кылдым, бирок Алла мени жазалаган жок го? — деп сурады.

Солих адам:
— Эй, уулум! Балким, Алла сени өзүн сезбей тургандай кылып жазалап койгондур! — деп жооп берди.

Ал киши таң калып:
— Кантип?! — деди.

Солих адам мындай деп түшүндүрдү:
— Сени күнөө-кемчилик кылуудан ырахат алгыдай кылып койгон жокпу?!
— Куран окубай жума, айларды өткөрүп жиберчү кылган жокпу?!
— Түндө туруп ибадат кылуудан куру калтырган жокпу?!
— Тилиңди зикирден тосуп койгон жокпу?!
— Сени мансапкор, дүйнөгө берилип, акчадан башканы сүйбөгөн кылган жокпу?!
— Ибадаттарды сен үчүн оор кылган жокпу?!
— Тилиңе ушак, жалган, гайбатты жеңил кылган жокпу?!
— Акыретти унуттуруп, дүйнөнү эң чоң көйгөйүң кылып койгон жокпу?!

Мына ушул кордуктардын баары — сен сезбеген Алланын жазалары! — деп жооп берди.


Ырыскы – бул жалгыз тамак эмес

Жөнөкөй адамдар шылдыңдоо үчүн эмес. Аллах бирөөнү кедей кылганы анын жакырлыгынан эмес; кээ бирөөлөрдү көрксүз жаратканы Өзүнүн алсыздыгынан эмес; же кээ бирөөлөрдү оорулуу кылганы Өзүнүн күчү жетпегенинен эмес. Аллах бул нерселерден таза жана улук! Бирок мунун баары Аллах каалагандай бөлүштүрүлгөн ырыскы.
Аллах бирөөгө байлык берсе, Өзүнүн байлыгынан берген. Эгер байлыктан куру калтырса, ошол байлыгы менен куру калтырган. Кимдир бирөөнү сулуу же көрксүз кылып жаратса, бул да Анын кудурети.

Кедейди жакырлыгы үчүн же көрксүздү келбетсиздиги үчүн шылдыңдасак, Аллахтын керемет жаратуусун кемсинткен болобуз. Биз мындай мамилелердин маңызын түшүнө бербейбиз. Мындай учурларда бизге жарашкан нерсе – шүгүр кылуу гана.

Аллах таала ырыскыны бөлүштүргөн сыяктуу, акылды да бөлүштүргөн. Кээ бирөөлөр өтө жөнөкөй ой жүгүртүшү мүмкүн, бирок биз аларды шылдыңдабастан, тескерисинче, колдоого алышыбыз керек.

АКЫРЕТТИК АМАЛДАР


ЖУМА КҮНҮНҮН БЕРЕКЕСИ

Асманга жайылды нурлуу таң,
Берекелүү жума, куттуу саат!
Күнөөлөргө өкүнүп көз жаш тамат,
Раббим, кечир бизди, Кудурет ээси!

Бул күн береке, ырыскы, кут,
Ар бир мүнөтү ыйманга толгон.
Жүрөктөр жумшап, күнөөнү жууп,
Пенде тообо кылып, үмүтү болгон.

Азан үндөрү көккө жаңырып,
Мечиттерде саптар тизилет.
Имам куттуу сөздөрүн айтып,
Жүрөктөргө нур себилет.

Жума – дубалар көккө чыккан күн,
Суран, пенде, кеч болуп кала электе,
Тообо эшиги ачык кезинде.
Бүгүн мүмкүн акыркы Жумаңдыр,
Шашылгын, кечирим сура өмүрүңдө!

Жума күнүң куттуу болсун,
Берекең артып, өмүрүң нурлансын!
Аллах мээримин чексиз төксүн,
Жүрөгүң бейпилдик менен толсун!🤍
@АКЫРЕТИК АМАЛДАР


Forward from: @MPiarBot
Уюлдук телефонсуз калуудан же андан алыс калуудан коркуу-эмне деп аталат?


Forward from: 𝔄𝔟𝔡𝔯𝔢𝔦𝔪𝔬𝔳𝔞
❗️НОМОФОБИЯ (ФОБИЯ)


Жакшы Мүнөздүн Баркын Билгиле

Бир күнү бай адам базардан азык-түлүк сатып алып, кызматкери менен үйүнө кайтып келе жатты. Жолдо бир киши ага катуу сөздөрдү айтып, акарат кылды. Бай адам мындай сөздөрдү угуп турду, бирок эч кандай жооп кайтарган жок. Кызматкери таң калып сурады:
— Урматтуу мырзам, бул киши сизди кемситти, бирок эмне үчүн ага жооп берген жоксуз?
Бай адам жылмайып мындай деди:
— Эгер кимдир бирөө мага жамандык кылса, мен да ага жамандык менен жооп кайтарсам, анда мен дагы ал сыяктуу болуп калам. Бирок ага жакшылык менен жооп кайтарсам, балким ал өзүнүн катасын түшүнөт.
Ошондо кызматкер дагы сурады:
— Бирок ал сизди абдан жаман сөздөр менен тилдеди го!
Бай адам акылмандык менен мындай жооп берди:
— Эгер бирөө мага белек берсе, бирок мен аны албай койсом, белек кимге калат?
— Белек, албетте, берген кишинин өзүнө калат, — деди кызматкер.
— Ооба, дал ошондой. Эгер кимдир бирөө мага жамандык кылса, мен аны кабыл албасам, анда жамандык кимге калат?
Кызматкер бул акылман сөздөрдү түшүнүп, мындан ары сабырдуу болууну жана адамдар менен жакшы мамиле кылууну өзүнө сабак алды.

Бул окуядан алынган сабак:

1️⃣ Жамандыкка жамандык менен жооп кайтаруу адамды пас кылат.
2️⃣ Жакшы мүнөз – адамдын чыныгы байлыгы.
3️⃣ Сабырдуулук жана жакшы мамиле адамдарды оң жакка өзгөртөт.
4️⃣ Жаман сөздөрдү кабыл албоо – эң жакшы жооп.

*Жакшы мүнөз – адамды бул дүйнөдө да, акыретте да эң жогорку даражага жеткирчү улуу сапат!*


🌿 НААЛЫБАНЫЗ...

💫 Өлүмү анык болсо да, жашоого суусаган оорулууларды көрдүм...

👁 Көзү көрбөсө да, жүрөк көзү ачылгандарды көрдүм...

💰 Акчасы аз болсо да, шүгүрү көптөрдү көрдүм...

🌱 Оору-сыркоосу оор болсо да, үмүтү барларды көрдүм...

⏳ Дагы көпкө уланта алмакмын...

😊 Тынчсызбы, көңүлүңүз токпу, ден соолугуңуз аманбы – наалыбаңыз, берилген жакшылыктарга кыянат кылбаңыз...


🌿кичинекей
жакшылык (аңгеме)

Бир кедейдин кабырына жарык дүйнөдөн үч түтүк түшүп келиптир. 🌟 Кедей таң калып, Аллахка жалбарып сураптыр:
— Эй, Жаратуучум, бул кандай керемет? Бул түтүктөрдөн мен эмнени күтөм?

Жооп болуптур:
— Сооп...
— Кандай сооп?
— Биринчисинен тиккен дарактарың менен өстүргөн бактарыңдан сооп агат. 🌳💧
— Оо, аттиң! Өмүрүмдө бир да көчөт тиккен эмесмин. Демек, бул түтүктөн үмүт жок.
— Экинчисинен урпактарыңдан сооп келет. 👶💫
— Эх, мен бул жакшылыктан да куру калдым. Жарык дүйнөдөн бала-чакасыз өттүм. Артымдан дуба кылчу эч кимим жок.
— Үчүнчүсүнөн курган көпүрөлөрүң, казган арыктарың, салган медреселериң, тегирмендериңден сооп агат. 🌉💦📚
— Оо, тагдырым кандай оор экен. Бир арык казбасам да, өкүнүч!

Кедей ушинтип кайгырып турганда, үчүнчү түтүктөн тамчылап шербет агып баштаптыр. 🍹 Кедей кайрадан Аллахка жалбарып сураптыр:
— Эй, Бардыгын билген жана Көрүп тургучуу Аллахым, бул кандай ырайым болду? Сен кулуңду ушунчалык сыйладыңбы?

Жооп болуптур:
— Жашооңдо көпүрө куруп жаткан кишилерге эки даана ысык нан менен бир кумган чай жеткирген элең. 🍞☕ Ошол ишиң көпүрө курган адамдардын катарында эсептелди. Эми ошол көпүрө бузулуп бүткүчө сага сооп келе берет.

жакшылык унутулбайт деген ушул болуш керек. 🌱


Бисмиллахир Рахманир Рахим

Сөздөрү жазылган Кудуреттүү Аллахтын!
Аты бүткөн Расулуллахтын!
Ар бир тамгасы жок кылат күнөөнү...
Эң улуу китеп – бул Куран Карим!

Бир да жалган сөзү жок, бардык сөзү чын!
Барактап окусаңыз, ишенесиз аны!
Жараткан – Аллах!
Ыйман келтирген – момун!
Эң улуу китеп – бул Куран Карим!

Көз жашын төгөт аны окуган пенде,
Аллах Өзү сүйлөп кайрылат элге!
Миң бир акыл-насаат бар,
Ар бир сөзүндө!
Эң улуу китеп – бул Куран Карим!


Куран менен дем алыңыз!
Жаттаңыз! Угуңуз! Окуңуз!
Тереңден ойлонуп, маани-маңызына түшүнүңүз!

Анткени, ар кандай кайгы-муңдун
Эң улуу дабасы – Куран!

Куран – бардык дарттын шыпаасы!
Жүрөгүбүздүн жазгы нуру,
Көзүбүздүн шамы болсун!

Бул дүйнөдө чыныгы дос,
Кабырда мээримдүү сырдаш!
Сырат көпүрөсүндө нур!

Кыяматта шапаатчы болуп,
Бизге жардам берип,
Коопсуз Жаннатка жеткирсин –
Куран Карим!


🍂 Адамдын пайдалуулугу анын зериккен деңгээлине жараша болот.
Башкача айтканда, киши канчалык зериккен болсо, ошончолук пайдасыз нерселерге алаксып, убакытын текке кетирүүгө аракет кылат.

🍂 Зериккенде сөзсүз түрдө мейманга барып же саякатка чыгыш керекпи? Же андан кутулуунун башка жолдору да барбы?..

🍂 Аял киши үй тиричилигин бүтүргөндөн кийин зерикпеш үчүн көркөм же диний китеп окушу 10 кино көргөндөн, Куран окушу 100 жолу мейманга баргандан, ал эми аз-аздан Куранды жаттоого көнүшү 1000 жолу саякатка чыккандан да пайдалуураак жана артыкчылыктуу.

🍂 Берекелүү адам ар бир иштин башында өзүнө суроо берет:
“Бул ишимдин кайсы дүйнөм үчүн пайдасы чоңураак?” деп. Анан, албетте, акырети үчүн салмагы оорураак болгонун тандайт.

🍂 Бул дүйнө кыска, амалдар аз. Ошол эле учурда түбөлүк жашообуз үчүн канчалаган убактыбызды текке кетирдик. Кудай калган өмүрүбүздү акыретке пайдалуу кылып өткөрүүгө, эки дүйнө үчүн да берекелүү өмүр сүрүүгө баарыбызга сабыр, кайрат жана күч-кубат насип кылсын!


Жолум – Ислам

Күндөр өтөт, өмүр кыска,
Кайда кетем, кайда турам?
Түбөлүктүү сапар үчүн
Туура жолду издеп турам.

Азгырыкка алдансам да,
Тообо кылып кайтам кайра.
Дүйнө жалган – көз ирмемдей,
Чын бейишке умтул дайым

Ыйман менен жан тынчтыгы,
Куран менен жүрөк нуру.
Аллах сүйгөн пенде болуп,
Акыретке жолдуу бол !


Forward from: @MPiarBot
АР ТАРАПТУУ АКЫСЫЗ КАНАЛДАР КАТТАЛЫП ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР 🫶🥰


Бисмиллахир-Рахмаанир-Рахим

Махшарда берилсе ушундай мүмкүнчүлүк
ЖАННАТка бир адамды ала кетүүгө уруксат болсо...
Мен ойлонбой туруп сизди тандайт элем,
Сиз да макул болмок белеңиз, урматтуу ИНСАНЫМ? 💟

КАУСАРды сизге сунуп бермекмин,
АРШтын көлөкөсүндө чогуу турмакпыз
СИРАТ көпүрөсүнөн чогуу өтмөкпүз,
Насип болсо ЖАННАТка чогуу кирмекпиз. 🥰

Балким бул үмүттүн бир түрү – «Кайырлуу күн» деген сөз,

Балким бул тилектин бир көрүнүшү.

Ким билет, балким бул бир сагыныч,

Балким бул эшиктен кирген нурду күтүүнүн белгиси!



Ар бир адамдын жүрөгүндө жакшы ниеттери болот.
Силер үчүн Алладан чын жүрөктөн тилегим –
Ыйык тилектер, үмүттөр, кыялдар кайырлуу түрдө орундалсын.
Ар бир ишибиз күн бою жакшылыктарга себепчи болсун!🌝


✿︎Ар бир бакчага роза гүлдөрүн отургузсаңыз, ал жерди кооздоп, жашоого көрк берет. Бирок ар бир тилге Аллахты зикир кылууну отургузсаңыз, жүрөктөргө нур чачып, руханий тынчтыкты тартуулайт.

♡︎АЛЛОХУ АКБАР – бул жөнөкөй эле зикир эмес, чексиз көркөмдүк жана чексиз сооп! Ар бир айтылган сөздө күнөөлөр кечирилип, жүрөктөр жеңилдейт.

❀Өз бакчаңызга руханий гүлдөрдү да отургузуп коюуну унутпаңыз!



❁𝑨𝒌𝒚𝒓𝒆𝒕𝒕𝒊𝒌 𝒂𝒎𝒂𝒍𝒅𝒂𝒓 ✍︎


Салиха кыз

Салиха кыз, нур жүзүң жаркырайт,
Ыйман нуру жан дүйнөңдү толтурат.
Кыймыл-аракет, сөзүң таза, аруулук,
Жүрөгүңдө Алланын чыныгы жарыгы.

Дуба менен баштайсың күндөрүңдү,
Куран окуп, бекемдейсиң үмүтүңдү.
Жашооңдо аруу адепти сактайсың,
Садага берип жакшылыкты жаратасың.

Салиха кыз, сен үлгүсүң көпчүлүккө,
Сабырдуулук жолдошуң бардык күндө.
Энең менен атаңа сыйың терең,
Жараткан да бул сапатыңды көрөт кенен.

Ар бир кадамың – соопко толгон,
Акыретте бейиш эшигин ачкан.
Салиха кыз, үммөткө жол көрсөтө турган,
Сен биздин сыймыгыбыз жүрөккө жарык жанган.

Аллах ыраазы болсун мээримиңе,
Сыйыналы тилек кылып чын жүрөгүбүздө.
Салиха кыз, исламдын кооз гүлү.💟

АКЫРЕТТИК АМАЛДАР


Жума күнү – күндөрдүн эң улуусу

Жума күнү, күндөрдүн эң улуусу,
Береке менен толтурат өмүр булагын.
Аллах өзү ыйык кылган өзгөчө күн,
Мээрим чачып, ачат бейиш эшиктерин.

Бул күн – чындык, адалдыкка чакырат,
Күнөөлөрдү кечирүүчү жарык күн.
Мечиттерде азан үнү жаңыртып,
Жүрөктөргө тынчтыкты жарытат.

Периштелер жазат ар бир амалды,
Жакшылыкты көбөйтөлү заманда.
Дуба кылып, жакшылыкка ниет кыл.
Келгиле, бул күн ырайымдан пайдаланып,
Аллахтын жолуну бекемдейли .



Жума күнүңүз куттуу жана берекелүү болсун!
Аллахтын ырайымы сизди дайым коштосун!

АКЫРЕТТИК АМАЛДАР









20 last posts shown.