Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


mlsp.gov.kg
+996 (312) 66 01 07

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter




Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас" Достук футбол мелдеши башталды
Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз футболдук союзунун улуттук Футбол академиясында ачылыш аземи болуп өттү.
Мелдешке төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышууда, алардын арасында "Достук" командасы да бар. Бул команданын капитаны - КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров. "Достук" командасында КР Элинин Ассамблеясынын кызматкерлери жана диаспоралардын жетекчилери ойношууда.


Эмгек министри жарандарды жеке кабыл алды
Бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров коомдук кабылдамада жарандарды жеке кабыл алды.


Кыргызстандын эмгек рыногунда квалификациялуу жумушчу адистиктерге суроо-талаптын тенденциясы сакталууда
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров "Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөлөрүн талдоо" консультативдик кеңешинде билдирди. "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров эмгек рыногун өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бир катар тапшырмалар берилди. Дал ушул эмгек рыногун өнүктүрүү иш берүүчүлөрдө жогорку квалификациялуу адистерге суроо-талап пайда болгондо экономикалык жигердүүлүктүн өбөлгөсү болуп саналат.








Равшан Сабиров социалдык контракт программасынын катышуучуларына барды

Равшан Сабиров программанын жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, аны ишке ашырууну мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи:
"Социалдык контракт жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө гана эмес, калктын экономикалык активдүүлүгүнө да өбөлгө түзөт. Биз бул колдоонун аркасында жарандар туруктуу киреше булактарын түзүп жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан реалдуу мисалдарды көрүп жатабыз".
**
Равшан Сабиров посетил участников программы
социального контракта

Равшан Сабиров отметил большое значение программы для улучшения социально-экономического положения граждан и подчеркнул необходимость дальнейшего усиления ее реализации:
"Социальный контракт помогает не только снизить уровень бедности, но и способствует экономической активности населения. Мы видим реальные примеры, когда благодаря этой поддержке граждане создают устойчивые источники дохода и вносят вклад в развитие местных сообществ ".




Министр труда Равшанбек Сабиров ответил на вопросы граждан с инвалидностью
Министр труда, социального обеспечения и миграции Равшанбек Сабиров провел встречу с гражданами с инвалидностью.
В ходе беседы министр выслушал обращения, ответил на вопросы и обсудил возможные пути решения существующих проблем. Участники встречи подняли темы открытия реабилитационных центров в городе Ош и в Иссык-Кульской области, повышения заработной платы для отдельных категорий работников в РУПОИ, а также улучшения качества и моделей обуви. Дополнительно обсуждалась необходимость расширения программ реабилитации и адаптации.
Министр также отметил, что руководство страны работает на благо граждан:
«Сегодня мы видим значительные успехи – открываются школы, детские сады, новые социальные объекты, ведутся переговоры с инвесторами. Министерство труда приложит все усилия для решения озвученных вопросов», – сказал он.
Равшанбек Сабиров выразил готовность к дальнейшему сотрудничеству и поддержке инициатив граждан с инвалидностью.




Эмгек министри Равшанбек Сабиров майыптуулугу бар жарандардын суроолоруна жооп берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров майыптуулугу бар жарандар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр кайрылууларды угуп, суроолорго жооп берди жана көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады. Жарандар Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда реабилитациялык борборлорду ачуу, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесиндеги айрым категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, ошондой эле бут кийимдердин сапатын жана моделин жакшыртуу темаларын көтөрүштү. Кошумча реабилитациялоо жана адаптациялоо программаларын кеңейтүү зарылдыгы талкууланды.
Министр ошондой эле өлкө жетекчилиги жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын белгиледи:
«Бүгүн биз олуттуу жылыштарды көрүп жатабыз – мектептер, бала бакчалар, жаңы социалдык объектилер ачылууда, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эмгек министрлиги көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди ал.
Равшанбек Сабиров мындан аркы кызматташууга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.


Министр труда Равшан Сабиров определил приоритетные задачи перед аппаратом и территориальными управлениями министерства

Сегодня состоялось первое аппаратное совещание под председательством министра труда, социального обеспечения и миграции Равшана Сабирова. В мероприятии приняли участие начальники структурных,  подведомственных подразделений, а также руководители территориальных управлений министерства, подключившиеся в режиме видеоконференцсвязи.

В ходе совещания министр обозначил ключевые приоритеты министерства на ближайшую перспективу, акцентируя внимание на необходимости оперативного реагирования на актуальные вызовы в сфере трудовых отношений, социальной поддержки и миграционной политики.

«Наши усилия должны быть направлены на повышение качества достойного труда, создание условий для роста занятости и обеспечение социальной справедливости. В основе нашей работы лежат интересы людей, и наша цель — сделать государственную поддержку более доступной и эффективной», — отметил Равшан Сабиров.

Также в ходе совещания был проведен анализ текущей ситуации и даны первоочередные указания по оптимизации работы структурных подразделений министерства.

Министр подчеркнул важность слаженной работы сотрудников министерства и взаимодействия с другими государственными органами, международными организациями и гражданским обществом для достижения устойчивого развития в социальной сфере.


Эмгек министри Равшан Сабиров министрликтин аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын алдындагы артыкчылыктуу милдеттерди аныктады

Бүгүн, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабировдун төрагалыгы алдында биринчи аппараттык жыйын болуп өттү. Жыйынга министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактык башкармалыктардын жетекчилери видео -конференц байланыш аркылуу катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Равшан Сабиров министрликтин жакынкы мезгилдеги негизги артыкчылыктарын белгилеп, эмгек мамилелери, социалдык колдоо жана миграциялык саясат чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын белгиледи.

"Биздин күч-аракеттерибиз татыктуу эмгектин сапатын жогорулатууга, жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүнө шарт түзүүгө жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталышы керек. Биздин ишибиздин өзөгүн элдин кызыкчылыгы түзөт жана биздин максат — мамлекеттик колдоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу", — деп белгиледи Равшан Сабиров.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүлүп, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу боюнча алгачкы тапшырмалар берилди.

Министр социалдык чөйрөдө туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн министрликтин кызматкерлеринин ырааттуу ишинин жана башка мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.




Алыскы бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган айылдардын үй-бүлөлөрүнө үчүнчү жана андан кийинки балдары үчүн жөлөк пул 2026 - жылдан баштап берилет

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап, алар 3 жашка чыкканга чейин, алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу дайындоо каралган.

Мындан тышкары, Мыйзамда «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилери белгиленген.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Пособия семьям отдаленных сел расположенных в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах,  за рождение третьего и последующих детей будут выдавать с 2026 года

Президент Садыр Жапаров подписал закон КР «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных пособиях в Кыргызской Республике».

Закон принят Жогорку Кенешем 24 октября 2024 года.
Закон принят в целях оказания государственной социальной поддержки гражданам (семьям), проживающим в населенных пунктах, расположенных в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, на отдельных приграничных территориях, имеющих особый статус, с рождения третьего и каждого последующего ребенка до достижения ими возраста 3 лет.

Законом предлагается установить ежемесячное пособие гражданам (семьям), проживающим в населенных пунктах, расположенных в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, на отдельных приграничных территориях, имеющих особый статус (далее — ежемесячное пособие «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына комок») назначается с рождения третьего и каждого последующего ребенка до достижения ими возраста 3 лет независимо от их социально-экономического положения.

Также законом предусматривается, что размер, порядок назначения и выплаты ежемесячного пособия «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына комок» утверждаются Кабинетом министров.

Закон вступает в силу c 1 января 2026 года.




Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу КМШнын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйынына катышты

2024 – жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу баштаган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү видео – конференц-байланышты колдонуу менен мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттердин биргелешкен комиссиясынын жыйырма жетинчи отурумуна катышышты.
КМШга мүчө мамлекеттердеги миграциялык кырдаал, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча аныкталган каналдар жана Шериктештик өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын тажрыйбасы жана башка бир катар көйгөйлүү маселелер талкууланды. Катышуучулар миграция жаатындагы улуттук мыйзамдар, ошондой эле андагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат алмашышты.
-----------------------------
Замминистра труда Бакыт Дарманкул уулу принял участие в заседании Совместной комиссии СНГ по борьбе с незаконной миграцией

6 декабря 2024 года, заместитель министра труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики Бакыт Дарманкул уулу с представителями соответствующих уполномоченных органов приняли участие на двадцать седьмом заседании Совместной комиссии государств – участников Соглашения о сотрудничестве государств – участников Содружества Независимых Государств (СНГ) в борьбе с незаконной миграцией с использованием видео-конференц-связи.
В ходе обсуждения были затронуты вопросы миграционной ситуации в государствах – участниках СНГ, выявленных каналах и опыте компетентных органов стран Содружества по противодействию незаконной миграции и ряд других проблемных вопросов. Участники обменялись информацией о национальном законодательстве в области миграции, а также об изменениях в нем.



20 last posts shown.