ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Жаңы каналды колдоп катталып койуңуздар.

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
😏😒😔
Биз башкаларды туурап эле жашап калдык 😢.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Исламда аял менен эркектин милдеттеринин саны бирдей. Бирок эркектин өзгөчө бир милдети бар. Ал башчы, коргоочу жана камсыз кылуучу.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Үй бүлөсүн коргоо үчүн калкалап,
Эркек үйдө жатпоо керек чалкалап.
Төшөгүндө оонап, турбай уктаган,
Бузуп алат өз турмушун талкалап.

Үй бүлөнүн нанын таап турмушта,
Карабастан талаш тартыш урушка.
Катын менен катын болуп айтышпай,
Жөнө жигит таң атпастан жумушка.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ушул жакшы амалдарды кылуу үчүн сөзсүз жаңы жылды күтүшүбүз керекпи эмне?

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жаңы жыл маселеси боюнча түшүнүп алыныз. Сөзсүз түрдө угуңуздар!

Башкаларга жеткириңиз!.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Жаңы жылдын шарияттагы өкүмү!

Жаңы жылдын шарияттагы өкүмүн бир нече бөлүккө бөлүп кароого тийишпиз, анткени бул маселеде бир тараптуу гана жооп берилбейт. Бир адам жаңы жыл менен куттуктоо же майрамдоо менен гана динден чыгып кетпейт, динден чыкпаса демек куттуктап, майрамдай берсе болот экен деген дагы ката түшүнүк. Төмөндө сиздерге бул маселени далилдер менен кененирээк ачыктап бергенге аракет кылдык. Бул майрамды майрамдагандарды, куттуктагандарды шарият өкүмдөрүнө ылайык бир нече топко бөлдүк, алардан:

Биринчи:
Кандай учурда ширк болот жана динден чыгат?

Бул топтогу адамдар жаңы жылды, «Иса (алейхи салам) Кудайдын баласынын туулган күнү болуп жатат» же «Аяз ата бардык тилектерди аткарат (ал кудайлык сыпатка ээ)» же «балатыны орнотсо кут келет (балаты пайда-зыян берет)» - деген ишенимде майрамдаса, куттуктаса эч бир талашсыз динден чыгат. Мындай ишенимде майрамдагандар, куттуктоочулар тообо кылып, ыйман келтирип, үй-бүлөлүү болсо никесин жаңылап алуусу керек болот. Мындай абалдагы бул өкүмгө, Ахлу сунна аалымдары бир пикирде.
Айта кетчү ачык сөз, азыркы заманда мындай ишенимде майрамдагандарды табыш оор, дээрлик жокко эсе, андыктан бул өкүмдү бир тараптуу колдонуп, адамдарды динден чыгарууга шашылбайлы. Ислам шарияты адамдарды динден чыгарууга эмес, динге киргизүүгө көбүрөөк ашыгат. Бир адам жаңы жылды майрамдап, куттуктап койсо эле каапыр болдуң деп баса калган өтө чоң катачылык. Мусулман адам каапыр болсо, анын каапырлыгына ылайык көптөгөн өкүмдөр курулат. Эң жөнөкөй мисалдардан: Мурдакы кылган ибадаттары жокко чыгат, ажылык өтөгөн болсо, жаңыдан милдет болот, аял-эркектердин никеси жаңылоого муктаж болот ж.б.у.с оңдоого мүмкүн болбогон толгон токой маселелер куралат. Андыктан мындай бир тараптуу өкүм берүү одоно ката жана негизсиз.

Экинчи:
Кандай учурда арам болуп, чоң күнөөкөр болот?

Бул топтогу адамдар жаңы жылды жогоруда айтылган ишенимдерде майрамдап же куттуктабайт, андыктан динден чыкпайт бирок чоң күнөөкөр болушат. Булар жаңы жылда чоң күнөөлөрдү жасайт жана чоң күнөөлөргө себепчи болушат. Ал чоң күнөөлөрдөн белгилүүлөрүн айта турган болсок: бузукулук (чоочун аял-эркектердин аралашуусу, ичилген ичимдиктер, абийиринен айрылган кыздар, бузукулук коштогон карнавалдар), капилеттик (окулбаган намаздар, араздашуулар), ысырапкорчулук (обу жок чыгымдалган жардыргычтар, таштандыга ташталган тамактар), мындай чоң күнөөлөрдү ким кылса жана мындайга ким себепчи болсо, мисалы: өзү бул күнөөлөрдү кылбастан, бирок отуруш тозсо (ал жерде ичимдик ичилсе, чоочун аял эркек аралашса) кыскасы эмне бузукулук болсо баарына тең шерик болот. Мындай абалдагы бул өкүмгө, Ахлу сунна аалымдары бир пикирде.
Бул күнү мындай бузукулуктар адаттан тыш, көп болот. Андыктан мындай күнөөлөрдөн сактаналы, башкаларды да сактанууга чакыралы. Биз кыргыздар оюн-күлкү, той-топурга маш келебиз. Көп жыл мээнет кылып топтогон акчабызды бир күндө чачып жок кылабыз, ата-энелер гана эмес, жаңы жылда отуруш тозобуз деп окуучулар да канчалаган чыгымга, бузукулуктарга кабылышат. Андыктан бизге керексиз нерсе үчүн, көп нерсебизди коротпойлу. Учурда бул топтогулардын саны аз эмес, мындай бузукулуктарды токтотууга аракет кылалы, тек гана баарын бир эрежеге салып албай, даанышмандык менен иш кылуубуз зарыл. Ширк деп жатып адамдардын баарын динден качыруу туура эмес. Баарынан да диндин маанилүүлүгүн үйрөтүүгө аракет жасайлы, динди түшүнгөн адамга бул нерсени жасоо жеңил эле.

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Палестина 🇵🇸 Газа😢.
Сирия Дамаск

#Бойкодду унутпа дин душмандарына жардам бербе!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
😢😢. Аа сиз кантип майрамдайсыз???

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жаңы жылды ИБАДАТ менен тосом дегендер!
Шейх Чубак ажы. Алла райымына алсын!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМБЫ? Шейх Чубак ажы.

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Христиан же жөөттөр Орозо айт менен Курбан айт майрамдап жатканын элестете албайбыз.
Бирок алар  мусулмандардын жаңы жыл тосуп, Майрамдаганын элестетишет. Ааламдын бүт аалымдары биригип, арамды адал десе да адалга айланып калбайт.

Башкаларга жеткириңиз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Бишкек шаарынын казысы Маджитов Садридин ажынын Жаңы жыл тууралуу мусулмандарга кайрылуусу.
Архив

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Жаңы жыл жөнүндө баяндар,
Устаз Абдугаппар Сманов. Өзбек ажы

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📹 "Аяз ата" жөнүндө.(актуалдуу маселе) Шейх Чубак ажы

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


ЖАҢЫ ЖЫЛ боюнча кеп. Шейх Чубак ажы

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Forward from: ФИРДАУС АЛ-АМИИН🕋
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жаңы жыл жөнүндө баян

Силер айбансыңар деп айбандардын кийимдерин, кебетелерин силерге кийгиздик 👣

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Жаңы жыл мусулмандардын майрамы эмес!!!
Жордждун окуясы, бул окуя азыркы биздин абалыбыз!
Өзүңүз карап көрүңүз😢

Абдышукур ажы Нарматов

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ
ДААВАТ ЖӨНҮНДӨ ОЮН АЙТТЫ....

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Астанада кардар казак тилинде меню жок деп арызданганына кофекананын башкаруучусу "кызматкерлер казак тилин билүүсү милдеттүүсү эмес" деп жооп бергени көпчүлүктү нааразы кылып, эл 27 миң нааразы ой- пикир жазып, кофекананын рейтингин 10 дон 1 ге түшүрүп салды. Жыйынтыгында "Qazaq coffee" кофекана тармактары жабылды.

Казакстанда казак тилинде менюсу жок коомдук тамактануучу жайлар айып пул төлөйт экен.

Ал эми Кыргызстандачы ?

Көпчүлүккө караганда кыргыз тилин жакшы билгениме карабай уялбай туруп кыргыз тилин жаңыдан үйрөнө баштадым.

Буга кыргыз тилин орус тилсиз сүйлөй, жаза албай калганыбыз түрттү. Бул маңкуртташуунун алгачкы себеби.

Кыргыз тили боюнча сөздүк түзүп, китептерди окуп, кыргызчасы мыкты инсандардын маектерин угуп, окуп жатам.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal


Казакстанда коомго пайда алып келбеген жылдыздар, блогерлерге катталуудан баш тартуу тууралуу чакырыктар башталды.

Көпчүлүк аларды чындыкка дал келбеген жыргал жашоону таңуулап, адамдардын жан дүйнөсүнө зыян алып келип, акчаны гана көздөгөн деп айыпташып жатат.

Азыркы учурда он миңдеген катталуучулар чакырыкты кабыл алып жатат.

Мен өзүмдүн жеке баракчамда деле 30 дай адамга катталганмын. Досторум, кесиптештерим гана. Бир дагы жылдыз, блогер ж.б. менин руханий жана материалдык жактан өсүүмө пайда алып келбегендерге катталган эмесмин.

Себеби, изилдөөлөргө караганда адам каза болсо, ийгиликке жетсе 30-50 дей адам гана чын жүрөктөн кайгырып, чын жүрөктөн кубанат экен. Мына ошондуктан көңүлдү, убакытты мына ошол сен үчүн сүйүнгөн, кубанган адамдарга гана коротуу керек.

Телеграм каналга кошулууңуз! https://t.me/firdauskanal

20 last posts shown.