Умар бин аль-Хаттаб
(Аллах андан ыраазы болсун) Халифа болуп турган кезинде көбүнчө римдиктер менен согушкан. Римдиктер ар согушунда мусулмандардан саны көп болсо да жеңилүүгө учураган. Бир согушта римдиктер мусулмандардан жеңилип Дамаск шаарына качан, Гераклий (Римдиктердин бир кол башчысы) Антакъяга качат. Ошондо Гераклий Антакъяга барып римдиктердин кайра-кайра жеңилип жаткан сырын сурайт.
Гераклий: Согушуп жаткандар силер сыяктуу эле адамбы?
Римдик кол башчы: Ооба биздей эле адам.
Гераклий: Силердин саныңар көппү же мусулмандардын саны көппү?
Римдик кол башчы: Бардык беттеште (согушта) биздин саныбыз бир канча эсе көп болчу.
Гераклий: Анда эмне үчүн жеңилип жатасыңар?
Римдик кол башчы: Анткени, алар түндө намаз окуйт, күндүзү орозо кармайт, бири-бирин жаман иштен тыят жана бири-бирине жардам берет. Биз болсо күндүзү арак ичебиз, түнү зына кылабыз, убадабызды аткарбайбыз, бири-бирибизди сыйлабайбыз жана жардам бербейбиз. Жеңилүүнүн сыры мына ушул, - дейт.