ИСЛАМ БУЛАГЫ


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид.
Таухид- бул Исламдын булагы.
✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Пайгамбарыбызﷺ өз үммөтүн жакшылыктын эшиктерине алып барууга ынтызар болгон. Ошондуктан ар бир айдын кээ бир күндөрүндө орозо кармоону сунуштап, үндөгөн жана анын соопторун түшүндүргөн.

Бул хадисте Пайгамбарыбызﷺ “ар бир айдын ак күндөрүндө орозо кармоого үндөгөн”, башкача айтканда, күн баткандан таң атканга чейин ак түндөрдүн күндөрүндө.

Бул орозо бир жылдык орозо сыяктуу буга далил Аллахтын сөзү:

”مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَىٰ إِلَّا مِثْلَهَا وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ”

“Ким бир жакшылык кылса, ага андайдан он эсе берилет. Ким бир жамандык кылса, ага ошондой гана жаза берилет. Аларга зулум кылынбайт”. Куран: Аль-анам:160.

Кимде-ким ар айда үч күн орозо кармаса, ал бир ай бою орозо кармагандай болот. Ким аны ай сайын такай кармаса, ал бир жыл бою орозо кармагандай болот. Ал эми кимде-ким өмүр бою ушул амалды кылатурган болсо, өмүр бою орозо кармагандай болот.
➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

👉
https://t.me/islambulagy


ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
Кадырлуу мусулман бир туугандар! Башка айлардан өзгөчөлөгөн жана кылган амалдарыбыз Аллахка көтөрүлө турган Шаабан айында турабыз. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
 
Усама бин Зайд (радиаллаху анху) Оо, Аллахтын Элчиси, сизди Шаабан айында орозо кармаганыңыз сыяктуу башка айларда орозо кармаганыңызды көргөн жокмун» - деп сурасам, Пайгамбарыбыз: «Ал Шаабан айы Ражап айы менен Рамазан айынын ортосунда келип, элдер ал айды кайдыгер болуп өткөрүп жиберишет. Бул ай - амалдар ааламдардын Роббисине көтөрүлө турган ай. Менин амалым орозо болуп турган учурумда көтөрүлүүсүн жакшы көрөм» - деди. 📚 Насаи: 2356.
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү маани бербеген Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
 
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок, алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир (радиаллаху анху) туурасында мындай деп айтылган:«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн».
 
Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан.

Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан. 

Ошондой эле Хафиз Ибн Ражаб (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деп айткан: “Шаабан айы келгенде Амр ибн Кайс куран окууга өзүн арноо үчүн соодасын жаап, Рамазанга чейин өзүн оңдогон адамга бейиш болсун”- деп айтат эле.
📚 لطائف المعارف: ١٣٨

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Демек, бул айда көбүрөөк орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбызﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын.

Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын.
Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
 
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
 
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.

Зубайд аль-Куфи (рахимахуллах) айткан: «Мен бир сөз уктум, Аллах аны менен мага отуз жыл пайда берди».  
📚 Ас-Сияр: 5/297.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




🚫 ШААБАН АЙЫ ТУУРАЛУУ ТАРАГАН САХИХ ЭМЕС ХАДИСТЕР:

🚫Сахих эмес хадис: Шаабан айынын артыкчылыгы менин бардык пайгамбарлардан артыкчылыгым сыяктуу.

🚫 Сахих эмес хадис: Эгер шаабан айынын ортосу болгон түн болсо, анын түнүндө ойгонгула, күндүзү орозо кармагыла.

🚫 Сахих эмес хадис: Кимде-ким Айттын эки түнүн жана Шаабан айынын ортосу болгон түнүн тирилтсе, анын жүрөгү жүрөктөр өлгөн күнү өлбөйт.

🔍 - Бул хадистердин баары туура эмес.
------------------
🚫 أحاديث منتشرة عن شهر شعبان لا تصح:

▪️ حديث: (فضل شهر شعبان كفضلي على سائر الأنبياء).

▪️ حديث: (إذا كانت ليلةُ النصف من شعبان، فقوموا ليلها، وصوموا نهارها).

▪️ حديث: (مَن أحيا ليلتَي العيد، وليلةَ النصف من شعبان، لم يمت قلبه يوم تموت القلوب).

🔍 - الدرجة: كلها لا تصح
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




ШААБАН АЙЫНЫН КӨБҮНДӨ ОРОЗО КАРМОО СҮННӨТ ЭКЕНДИГИНЕ КЕЛГЕН ДАЛИЛДЕР

1️⃣
Айшадан (радиаллаху анха) риваят кылынган хадисте: “Мен Аллахтын Элчисиﷺ Шаабан айындагыдай көп орозо кармаганын (башка айларда) көргөн эмесмин”. 📚 Бухари жана Муслим.

2️⃣
Абу Саламанын (радиаллаху анху) хадиси: Мен Айшадан (радиаллаху анха) Аллахтын Элчисининﷺ орозосу тууралуу сураганымда, ал:«Кээде Аллахтын Элчиси ушунчалык көпкө орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт деп калчубуз, а кээде көпкө оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт деп калчубуз. Мен Аллахтын Элчисин Шаабан айындай эң көп орозо кармаганын көрбөдүм. Кээде Шаабан айынын баарын орозо менен өткөрчү, кээде аз гана күндөрүндө кармачу»- деп айтты. 📚 Муслим.

3️⃣
Жана Усама бин Зайд (радиаллаху анху) Оо, Аллахтын Элчиси, сизди Шаабан айында орозо кармаганыңыз сыяктуу башка айларда орозо кармаганыңызды көргөн жокмун» - деп сурасам, Пайгамбарыбыз: «Ал Шаабан айы Ражап айы менен Рамазан айынын ортосунда келип, элдер ал айды кайдыгер болуп өткөрүп жиберишет. Бул ай - амалдар ааламдардын Роббисине көтөрүлө турган ай. Менин амалым орозо болуп турган учурумда көтөрүлүүсүн жакшы көрөм» - деди.
📚 Насаи.
------------------
✔️ يُسَنُّ صوم أكثر شهر شعبان..

🔘 لحديث عائشة رضي الله عنها قالت: ما رأيتُ رسولَ الله ﷺ أكثر صِيامًا منه في شعبان. رواه البخاري ومسلم

🔘 وحديث أبي سلمة رضي الله عنه قال: سألتُ عائشةَ رضي الله عنها، عن صيام رسول الله ﷺ فقالت: كان يصوم حتى نقول: قد صام. ويفطر حتى نقول: قد أفطر. ولم أره صائمًا من شهر قط، أكثر من صيامه من شعبان، كان يصوم شعبان كله، كان يصوم شعبان إلا قليلًا. رواه مسلم

🔘 وحديث أسامة بن زيد رضي الله عنهما قال: قلتُ: يا رسول الله، لم أرك تصوم شهرًا من الشهور ما تصوم من شعبان؟! قال: (ذلك شهر يغفل الناس عنه بين رجب ورمضان، وهو شهر تُرفَع فيه الأعمال إلى رب العالمين، فأحبُّ أن يُرفَع عملي وأنا صائم). رواه النسائي
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




КАДЫРЛУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАН!
Биз азыр Шаабан айында турабыз. Бул айда Аллахтын Элчисиﷺ нафил орозолорду кармоону көбөйткөн. Бул айда нафил орозону көп кармаган. Себеби бул айда хадисте келгендей амалдар Аллахка көтөрүлөт, андыктан баарыбыз орозо кармоону көбөйтүүбүз керек. 

1️⃣ Шаабан айында көп-көп орозо кармоо жөнүндө:
Усама ибн Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Оо, Аллахтын Элчиси, сизди Шаабан айында орозо кармаганыңыз сыяктуу башка айларда орозо кармаганыңызды көргөн жокмун» - деп сурасам, Пайгамбарыбыз: «Ал Шаабан айы Ражап айы менен Рамазан айынын ортосунда келип, элдер ал айды кайдыгер болуп өткөрүп жиберишет. Бул ай - амалдар ааламдардын Роббисине көтөрүлө турган ай. Менин амалым орозо болуп турган учурумда көтөрүлүүсүн жакшы көрөм». - деди. Насаи, хасан хадис.

2️⃣ Дагы башка хадисте мындай деп келет:
«Кээде Аллахтын Элчисиушунчалык көпкө орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт деп калчубуз, а, кээде көпкө оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт деп калчубуз. Мен Аллахтын Элчисин Рамазан айынын орозосун гана толук кармаганын жана Шаабан айында эң көп орозо кармаганын көрдүм». Бухари, Муслим.
————————
Бул эки хадистен бизге Шаабан айындагы соопту амалардын бири - көп орозо кармоо экендиги маалым болду. Андыктан бул айдын көпчүлүгүн орозо менен өткөрүүгө аракет кылалы!
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




✔️ШААБАН АЙЫНЫН КӨБҮНДӨ ОРОЗО КАРМОО СҮННӨТ

Урматтуу мусулман бир тууганым!
Шаабан айы кирип келди. Бул айда Аллахтын Элчисиﷺ нафил орозолорду кармоону көбөйткөн. Ошондой эле бул айда орозо кармагандай башка айларда нафил орозону көп кармаган эмес. Анткени бул айда хадисте келгендей амалдар Аллахка көтөрүлөт, андыктан баарыбыз орозо кармоону көбөйтүүбүз керек. 

Эгер  кимдир бирөөнүн былтыркы жылдагы Рамазан айынан калган карыз орозосу болсо, аны тезирээк ушул айда кармап бүтүрсүн. Анткени бул айдан кийин Рамазан айы кирип келет. 

Шейх Усеймин (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деп айткан:"Аалымдар айтышат: Шаабан айы - парз намаздардын сүннөтү болгондой эле Рамазан айынын алдындагы сүннөт болуп саналат. Демек, Шаабан айынын орозосу сүннөт. Ошондой эле Рамазан айынан кийинки Шаввал айында алты күн орозо кармоо парз намаздардан кийинки сүннөт намаздар сыяктуу эле сүннөт.
"Шаабан айындагы орозонун дагы бир пайдасы бар, бул адамдын жан дүйнөсүн тынчтандырат, Рамазан айынын орозосуна даярдайт жана аны кармоону жеңилдетет".

📚 فتاوى أركان الإسلام (صـ٤٩١)

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




ШАРИЯТ ИЛИМИ–ЖАННАТКА КИРҮҮҢӨ НЕГИЗГИ СЕБЕП!

Көрүнүктүү аалым шейх Салих аль Фаузан айтат:

“فلا يجوز للإنسان أن يتساهل في حضور مجالس العلم والسعي إليها، لأنه قد يستفيد فائدة تكون سببا لدخوله الجنة”.

"Пенде илим мажилистерине катышууга жана ага умтулууга жеңил карабоо керек. Анткени ал - ошол мажилистерден жаннатка кирүүсүнө себеп болуучу бир пайданы (илимди) алып калуусу мүмкүн".
📚 Аль-Мунтака:1/39.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


АЛЛАХТЫ ТААНЫТА ТУРГАН ШАРИЯТ ИЛИМИНИН ТАТТУУЛУГУ

«Эгер илимдин таттуулугун жана анын улуулугун билишкенде, ага жетүү үчүн бири-бири менен кылыч менен салгылашмак! Бирок, алар илимдин лаззатына жетүүдө машкаттар менен жана аларды илимден тосуп турчу наадандык пардасы менен тосулуп калышкан! Аллах Таала илимдин ырахатын Өзү каалаган пендесине берет. Аллах – улуу кең пейилдиктин ээси!».
📚«مفتاح دار السَّعادة»: (١ / ١٠٩).
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


"Эгерде пенде Роббусуна илимдин негизинде ибадат кылса, анда анын жүрөгү ошол ибадатка байланып, ибадат менен нурланып калат. Ошентип ал ибадатты салт, же өнөкөт болгондугу үчүн эмес, ибадат болгондугу үчүн аткарып калат. Ошондуктан пенде намазды ушул шарт менен окуса ага Аллах убада кылган нерсеге кепилдик берилет. Бул намаз бузуку нерселерден жана күнөөдөн тосот деген убада. "Чынында, намаз бузук жана күнөө иштерден кайтарат" Куран, Анкабут:45. 📚 Шейх Усеймин:"Китабуль-Илим": 6.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


Илим - Пайгамбарлардын мурасы жана жүрөктөрдүн нуру. Илим ээлери Аллахтын жамаатынан жана Аллахка эң жакын адамдар. Илим ээлери Алахтан чыныгы коркуу менен коркуучулар жана даражасы эң бийик кишилер. Илим алуу амалдардын эң улуусу.

Имам Ахмад (рахимахуллах) айткандай: "Илимге эч нерсе тең келе албайт".
📚 Ибн Муфлих: “Аль адабуш–шария” 2/45.

Ибнуль-Каййим (рахимахулла) бул тууралуу мындай деп айтат:“Шарият илими – жүрөктөрдүн жашоосу, көздөрдүн нуру, көкүрөктөрдүн шыпаасы, акылдардын бакчасы, рухтардын лаззаты, жалгыздардын үлпөтү. Жолун таппай арсар болуп, ара жолдо калгандардын жол көрсөтүүчүсү. Ал сөздөрдү, амалдарды жана абалдарды өлчөй турган тараза. Аны менен Аллах таанылат жана сыйынылат жана эскерилип, жалгыздалып, улукталат. Илим менен Аллахка багыт алган жолоочулар туура жолдо болушат. Ал жол аркылуу Аллах менен байланышат, анын эшигинен максат кылуучулар кирет. Аны менен шариат өкүмдөрү билинет. Аны менен адал арамдан ажыратылат. Аны менен туугандык мамиле тикеленет. Илим – “имам” болсо, амал – “эргешүүчү” болот. Ал “жол баштоочу” болсо, амал аны “эрчүүчү” болот. Илим “чоочунга” жолдош, жалгызга шерик, жалгыздыкта жан-шерик, күмөндөрдөн арылтуучу болот. Анын кенин колго кириткен киши үчүн - чоң байлык. 📚 Ибну Каййим “Мадарижус – саликин”. 2/469.

Оо, Аллахтын пендеси илим алууда ниетиңди оңдогун!

Бул тууралуу Аллахтын элчисиﷺ мындай деп айткан: “Чындыгында амалдар ниетке жараша болот жана ар бир адам (кылган амалы менен) эмнени ниет кылса ошого жетет.” 📚 Бухари 54.

Бул хадис Ислам дининдеги эң чоң негиздердин бири болуп саналат. Мусулмандын кылган амалынын баары ниетине кайтат. Эгер ниети Аллах үчүн болсо - ал амалы Аллах үчүн ибадат болот, ал эми дүнүйөгө же башка нерсеге жетүү үчүн кылса - ошол үчүн болуп, ага сооп болбойт.
Бул бардык айтылган сөздөр, кылынган ибадат амалдар жана мамилелер - баарысы ниетке кайтат.


Кимде-ким чоң сооптуу анык ибадатты, мисалы: намаз, орозо же илим талап кылуу сыяктуу амалды дүнүйөгө жетүүнү же адамдардын намазкөй, такыба жигит экен деп айтуусун ниет кылса - ошого гана жетет. Акыретте ага эч кандай намаздын же орозонун сообу болбойт.

Ал эми кимде-ким жөн эле адамдардын арасында күнүмдүк адат болгон - ичип жешти жана уктоо сыяктуу амалды Аллахка ибадат кылууга күч-кубат алуу максатында ниет кылып аткарса - бул ибадат болбогон жөнөкөй амалы дагы ибадатка айланып, ал үчүн соопко ээ болот.

Ошондуктан урматтуу мусулман бир тууган! Аллах үчүн кылынып, сооп бериле турган жакшы амалдарды ниетибиз туура болбогон себептүү күйгүзүп албайлы!❗️
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




السَّلامُ عَلَيْكُم ورَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكاتُهُ

ОО, КАДЫРЛУУ УМРАГА КЕЛГЕН БИР ТУУГАНЫМ, АЗЫР СЕН ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫНﷺ МЕЧИТИ ЖАНА СҮЙҮКТҮҮ ШААРЫ МАДИНАДА ЖҮРӨСҮҢ!


Аз болсо да убактыңды илим алуу менен өткөр! Пайдасыз иштерден, сөздөрдөн алыс бол! Убактыңды пайдалуу илим менен өткөргөнүң үчүн кубанасың.

Кадырлуу мусулман бир тууган! Аллахты анын Пайгамбарын, ислам динин таанып билүү үчүн илим издөөгө аракет кылууң, эң улуу ибадат болуп саналат.

Бул тууралуу имам Зухрий (рахимахулла) мындай деп айтат:“Аллахка ибадат кылууда илимден өткөн жакшы нерсе жок”.📚 Абу Нуайм: “Хилятуль авлия” 3/365.

Имам Ахмад (рахимахулла) мындай деп айтат: “Илим талап кылуу- ниети туура болгон киши үчүн амалдардын эң жакшысы” 📚 Бухутий: “Шарх мунтахаль ироодат” 1/236.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link


КАДЫРЛУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАН!

Муну ар бирибиз жакшылап, түшүнүп, билип алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө адамдар өз колдору менен жасаган күнөөлөрү себебтүү Аллахтан келген балээни тилсиз жоо, же жаратылыш кырсыгы, же табият кубулуштары деп аркандай сөздөр менен атап, Аллахка тообо кылып кайтууга алып бара турган туура сөздөрдү колдонуудан мусулмандарды чалгытышат.

ТИЛСИЗ ЖОО❌

ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫГЫ❌

ТАБИЯТ КУБУЛУШТАРЫ❌

АДАМДАР ӨЗ КОЛДОРУ МЕНЕН ЖАСАГАН КҮНӨӨЛӨРҮ СЕБЕБТҮҮ АЛЛАХТАН КЕЛГЕН БАЛЭЭ✅



Аллах Камар сүрөсүндө мындай деп айтат:


“Ал каапырлар:«биз жеңүүчү, жеңилгис жамаатпыз»,- дешеби?

Алардын тобу кыйроого учурап, артын көздөй качышат.

Жоок! Алар бул менен эле кутулуп калбайт! Буларга убада кылынган кыяматтын азабы бар. Ал азап мынданда оор жана ачуу!

Чындыгында, ыймансыздар адашууда жана жалындуу отто болушат!

Кыямат күнү жүздөрү менен тозокко ташталып:«тозоктун даамын таткыла!» деп айтылат.

Биз баарын тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.

Биздин буйругубуз бир көз ирмем сыяктуу бир гана «бол!» деген сөздөн турат.

Биз силерге окшогондордун көбүн кыйратып жок кылганбыз. Андан үлгү алып эстеген бирөө барбы?

Алар жасап жаткан бардык иштер периштелер жазган китепте бар.

Ар бир чоң-кичине иштер жазылган”.

Аль-камар сүрөсү.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Качан жер көркүнө келип, кулпуруп, кооз болуп турган кезде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз, жер үстүндө биз кудуреттүүбүз деп ойлошот. Ошондо түндөсү, же күндүзү аларга биздин буйрук азабыбыз келип, кечээ гана өсүп-гүлдөп турбаган сыяктуу кыйратып салабыз. Биз аяттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушундай түшүндүрөбүз”.Куран, Юнус:24.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

20 last posts shown.