АРАФАТ КҮНДҮН УЛУУЛУГУ
Аллах Куранда Арафат күнү менен ант берген.
Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү.
Бул тууралуу Аллах мындай деп айтат:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». Куран, Бурууж: 3.
Аллахтын Элчисиﷺ:
«Убадаланган күн – Кыямат Күнү, күбө кылынган күн – Арафат Күнү, ал эми күбө болуучу күн – Жума күнү...»- деп айткан.
📚Сахих Тирмизи: 3339.
Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах ант берген так күн.
«Жуп жана так менен ант!».
Куран, Фажр сүрөөсү: 3.
Ибну Аббас (радиаллаху анху) аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күнү, ал эми так (күн) – бул Арафат күнү»,– деп айткан.
Арафат күн – Аллахтын алдындагы эң улуу күндөрдүн бири. Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, Тозоктон куткарыла турган күн.
Ошондой эле ушул күнү Аллах периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат.
Бул туурасында Аллахтын Элчисиﷺ мындай деп айткан:«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да улугураак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, Жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Менин пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскан, (тальбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин ырайымымды каалашат, а бирок Менин жазамды көрүшкөн эмес. Арафат күнүндөгүдөй Тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». 📚 Сахих Ибну Хиббан
-----------------------
✍ Нематулла Кадайев
Telegram👉@islambulagy
Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!