Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


•Жарыгыма...🌊
Байланыш үчүн: @mrzhvv

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter




❤️‍🩹




Билемин, маңдайымда жазмыш барын,
Бир күн келип аны дагы табыштаарын.
Табылбаган жандырмагы азырынча,
Тагдырымда катылган табышмагым.


© Куткелди Шабданбеков



***



Кыргыз дүйнө таанымында беш нерсени кайыптын иши дешкен ( т. а. белгисиз ). Ошонун бир — бул «нике кайып».


Жерге түшпөй, же учалбай көкөлөп,
Бир сезимди ымыркайдай бөпөлөп.
Жүрөм, секет, күлөм, бирде томсором,
Жүз бөлүнгөн ойлорумду жетелеп...

Өкүнбөймүн уйку качкан түндөргө,
Өзү уктап калат бир күн бул дүйнө.
Өкүнөмүн: өзүң да жок, сүйүү жок,
өтүп кеткен аркадагы күндөргө.


—Элмирбек Иманалиев




Жарык болом десең, өзгөлөрдүн шамын өчүрбө...✨


Агарып күндүз, түндөсү,
Ар кимдин турат күмбөзү.
Барган көп, кайра келген жок...
Бар бекен башка дүйнөсү?
 
Мезгилим быт-чыт сөгүлүп,
Мелтирейм, ойго чөмүлүп.
Келечек эмес, негедир
Кеткендер кымбат көрүнүп.

Айтылган сөзүм угабы?
Азыр да көңүл бурабы?
Ажалым жетсе асылдар
Алдымдан тосуп чыгабы?

Акыйкат менен жаңылыш,
Ар кимдер уккан каңырыш.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айтылбай турат сагыныч...

—Ж. Касаболотов


Бүгүн орозо туттуңузбу (кармадыңызбы)❔😍🌷🌙


Сен гүл болуп, айланага жылмаюу чачууга убада бер,
топурак болуп, сени төбөсүнө көтөрчү инсан табылат...

—Жалалиддин Руми


Тарых кайталана берет, болгону каармандар өзгөрөт...

4k 0 22 4 29

Кечээ жаз...
Бүгүн кыш...)


Учкучумду жолуктурдум!

Тагдыр сүйүү эшигин ачып койгон, Бешенеме мөөр кылып басып койгон, Ушундан бир нече жыл алдын буйруп Баткендин кулунуна ашык болгом!

Жарыгымды аралыктан жактырганым, Жат адамга жүрөгүмдү таптырбадым!
Бир ал үчүн ички дүйнөм жаралгандай, Жүрөгүмө бөлөгүн баткырбадым!

Бийик асман, булут менен ооруп турдум! Бакытка, кубанычка толуп турдум. Асманга учууну мен самап жүрүп,
Жер үстүнөн учкучумду жолуктурдум!

✍️🏻Апсаматова Айдай


❤️‍🩹


🖇️

Бүгүнүңдөн зериккенде баш чулгуп,
Эртеңиңе жеткиң келет тезирээк.

🖊️ Жолон Мамытов


« Бүт убактыңды бул дүйнө үчүн сарптагыдай, ушул дүйнө үчүн гана жаратылдың беле?»

—Бедиуззаман Саид Нурси


Берилген нерсеге шүгүр кылуу канчалык маанилүү болсо, берилбеген нерсеге дагы ошондой эле шүгүр кылуу, сабыр кылуу да абдан маанилүү...)
#китептенүзүндү


Forward from: напоминания
«Ля иляха иллялах» - баары Алладан деген ишеним. Эмне болбосун, Алла жазган тагдырдын бардыгында жакшылык бар.

“وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ”
Алла Билет, силер билбейсиңер. 2:216


Өз кадырыңды адамдардын көзүнөн издебе.
Сен ааламдардын Жаратуучусу Алла Тааланын алдында кадырлуусуң...
🕊


Пайдасы тийбесе да,
Зыяны болбосо экен.
Күлдүрүп жүрбөсө да,
Күйдүрүп койбосо экен.
Көптүрүп мактап туруп,
Көзүмдү ойбосо экен...

Идирис акын

20 last posts shown.