Президент Садыр Жапаровтун Бельгияга болгон иш сапары аяктады. Өлкө башчысы Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту.
Шарль Мишель менен болгон сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасы жана Европа мамлекеттери арасында мамилени кеңейтүү, инвестиция, туризм, жана башка маселелер боюнча талкуулашты.
Садыр Жапаров белгилегендей, 2006-жылы Кыргызстан учуу коопсуздугунун талаптары сакталбагандыктан «Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесине» же «тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине» кирген. Ошондон бери кыргыз учактары Европага уча албай калган.
Бирок акыркы эки жылда өлкөдө 4 аэропорт реконструкцияланып, Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу пландалууда.
Ошондуктан Еврокомиссия өз чечимин кайра карап чыгышы керек, деп баса белгиледи президент.
@kgmilitarist | Прислать контент