Төмөндө улуттук бул баш кийим туурасында айтып бермекчибиз. Калпак мүчөл жашка карата
жетиге бөлүнөт.
🔸мүчөлгө чейинкилер — 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон;
🔸1 мүчөл — 13 жаштан 24 жашка чейинкилердин калпагы ак түстө болуп, жашыл кездеме менен кыюуланат. Жашыл түс жаштыктын, ѳсүүнүн түсү деп белгиленген;
🔸2 мүчөл — 25 жаштан 36 жашка чейинки жигиттер кыюусу көк болгон ак калпак кийишкен. Бул куракта ал мырза бир үйдүн ээси болуп, ѳзүнчѳ түтүн булатат. Кѳк түс — асмандын өңү;
🔸3 мүчөл — 37 жаштан 48 жашка чейинки кишилер ак калпак кийип, кыюусу күрөң, жердин түсүндѳ тигилген;
🔸4 мүчөл — 49 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге кыюусу ачык күрөң, буудай түскө боелгон ак калпак сунушталса, 5 мүчөлгө — 61 жаштан 72 жашка чейинки аксакалдарга кыюусу ак түстѳгү калпак туура болгон;
🔸 6-мүчөл. Кыюусу ак-кара болгон ак калпак 73 жаштан улуулардын баш кийими деп эсептелген, себеби бул курактагы аксакалдар акты-ак, караны-кара деп уулдарына кеңеш берип, насаат айткан.
@kyrgyz_kep