KYRGYZ KURAMA


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Sport


🦅 Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын расмий каналы!
———
🦅 Официальный канал Национальной сборной Кыргызстана по футболу!

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Sport
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
#KYZDARKURAMA | 🔴 LIVE

Улара Качибекова - Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер Улуттук курама командасынын коргоочусу 🇰🇬

📍Улара, бизге берген маегинде футболдогу сапары кантип башталганын, кандай кыйынчылыктарга туш болгонун, бул жолдо ага кимдер күч-кубат бергендиги жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргызстандагы кыз-келиндер футболунун келечеги тууралуу өзүнүн ою менен бөлүштү.

Күчтүү, чечкиндүү жана өз ишине чындап берилген Уларанын окуясы, шыктандырат!

#KYZDARKURAMA | #KYRGYZKURAMA


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАРЫ БАРСЕЛОНАДА

Жалал-Абад шаарындагы BARÇA Academy филиалынан 38 футболчу жана 4 машыктыруучу Испаниянын Барселона шаарында өтүп жаткан BARÇA Academy World Cup 2025 турниринде өлкө намысын коргоп жатышат.

Быйыл турнирге дүйнөнүн 200дөн ашуун академиясы катышууда. Кыргызстандын атынан төрт команда ар кайсы жаш категорияда күч сынашып, дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкта өз талантын көрсөтүүдө.

Турнир 14–17-апрель күндөрү «Барселонанын» расмий машыгуу базасы болгон «Ciutat Esportiva Joan Gamper» спорт борборунда өтүп жатат.

Бул биздин өсүп келе жаткан жаш муундун футболчулары үчүн чоң мүмкүнчүлүк: тажрыйба, мотивация жана чоң футболго болгон жол!

#kfu_kgz


ТҮНДҮК КОРЕЯ 🇰🇵– КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬 БЕТТЕШИ ЭР-РИЯД ШААРЫНДА ӨТӨТ

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын 9-турунун алкагында Түндүк Корея менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул чечим Корей Эл-Демократиялык футбол ассоциациясы тарабынан кабыл алынды. Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын курама командасы өз үй беттештерин нейтралдуу аймактарда өткөрөт.

Кыргызстандын курама командасынын бул коноктогу беттеши 2025-жылдын 5-июнунда орун алат.

Оюндун так кайсы стадиондо өтөөрү жана башталыш убактысы тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.

#kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🎉 ТАРЫХЫЙ ОКУЯ!

26-апрелде Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадионунда алгачкы ышкырык жаңырат! 🏟️⚽

🔥 Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы толугу менен жаңыдан курулган алгачкы футболдук стадион! Тарыхтын бир бөлүгү болууга СИЗ да келиңиз! 🇰🇬

🗓 26-апрель, 2025
🕡 18:30 – Ачылыш аземи
🎤 Концерт – ата-мекендик эстрада жылдыздары менен!
⚽ 20:00 – Премьер-Лиганын 7-туру: Талант vs Алга

#DostukArena #KFU_KG #KyrgyzKurama


ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ЖАҢЫДАН КУРУЛГАН «ДОСТУК АРЕНА» ФУТБОЛ СТАДИОНУ АЧЫЛАТ

26-апрель күнү Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадиону ачылат.

Белгилесек, бул футбол инфратүзүм объектиси Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхындагы толугу менен жаңыдан курулган алгачкы стадион.

Стадиондун ачылыш аземи ата-мекендик эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын 7-туру алкагындагы Талант – Алга футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Ачылыш аземдин башталышы – 18:30, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00до жаңырат.

Кыргыз футбол биримдиги аталган ачылыш аземге футбол сүйүүчүлөрүн жана ЖМК өкүлдөрүн чакырат.

#kfu_kg


🎙️ Главный тренер Национальной сборной по футзалу Луис Бернат Молина подвел итоги товарищеских игр с ОАЭ:

«В первый день мы были идеальны, а потом... К сожалению, во второй игре мы сделали всё наоборот по сравнению с первой. Мы сыграли очень плохо, без борьбы в первом тайме и без концентрации во втором.

Во время учебно-тренировочного сбора игроки хорошо работали, но в последний из дней, отведенных сборной мы не показали свою лучшую версию. А обычно последний день — это день матча.
Так что мы должны извлечь урок, потому что на Кубке Азии та же самая ситуация: последний день — самый важный.

Мы набираемся опыта и улучшаем свою игру, но если не будем бороться за каждый эпизод, мы недостаточно хороши, чтобы обыгрывать другие страны.

Сейчас мы будем следить за матчами плей-офф всех чемпионатов, где выступают наши игроки, а после этого в июне отправимся в Хорватию, чтобы сыграть турнир в рамках подготовки к турниру CAFA, который пройдет в июле и квалификации Кубка Азии в сентябре».

#futsalkgz #kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
✔️ОЮН АЯКТАДЫ

Тилекке каршы, БАЭ 🇦🇪 менен болгон экинчи жолдоштук беттеште биздин курама 🇰🇬 жеңилип калды.

⚽️ Голдордун авторлору: Канатбеков (2), Талайбеков.

#futsalkgz #kyrgyzkurama


ЭКИНЧИ БЕТТЕШ! 🇦🇪🇰🇬

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасы Бириккен Араб Эмираттар курамасына каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт!

✊ Күйөрмандарыбызды оюнда күтөбүз!

🇦🇪 БАЭ - Кыргызстан 🇰🇬
🕚 20:00 (Бишкек убактысы)
🏟️ «Аль Батаих», Дубай
❌Оюндар түз алып берүүсүз өтөт

#futsalkgz #kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
✔️ ЖЕҢИШ!

БАЭ 🇦🇪 менен болгон биринчи жолдоштук беттеште биздин курама 🇰🇬 3:2 эсеби менен жеңишке жетти!

⚽️ Голдордун авторлору: Аманбаев, Канатбеков, Аскарбеков.

#futsalkgz #kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨ |🫀| KYRGYZ KURAMA

#KyrgyzKurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
💥📹АЛИМАРДОН ШҮКҮРОВ СЕЗОНДУ ГОЛ МЕНЕН БАШТАДЫ!

«Торпедо-БелАЗ» | 2:1 | «Арсенал»
__

🔥АЛИМАРДОН ШУКУРОВ НАЧАЛ СЕЗОН С ГОЛА!

«Торпедо-БелАЗ» | 2:1 | «Арсенал»

#KyrgyzKurama


ОЮН КҮНҮ! 🇦🇪🇰🇬

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасы Бириккен Араб Эмираттар курамасына каршы биринчи жолдоштук беттешин өткөрөт!

🙌🏻 Дубайдагы күйөрмандарыбызды оюндарда күтөбүз! Колдооңуздар бизге абдан керек!

🇦🇪 БАЭ - Кыргызстан 🇰🇬
🕚 21:20 (Бишкек убактысы)
🏟️ «Аль Батаих», Дубай
🎥 Оюндар түз алып берүүсүз өтөт

#futsalkgz #kyrgyzkurama


АТААНДАШ ТУУРАЛУУ: БАЭ 🇦🇪

🔻Белгилүү машыктыруучу Рикардо Какау жетектеген Бириккен Араб Эмираттар курама командасы азыркы учурда футзал боюнча FIFA Дүйнөлүк рейтингинде 97 орунда турат.

БАЭ курамасы буга чейин Азия Кубогуна 2012-жылы катышып, тайпадан чыкпай калган.

Атаандашыбыз акыркы беттешештерин март айында Кувейт курамасына каршы өткөргөн. Жыйынтыгында биринчи оюнда 1:4 эсеби менен утулуп, экинчи оюнда - 2:1 эсеби менен жеңишке жеткен.

Кыргызстан менен БАЭ курама командалары тарыхта 2012-жылы Азия Кубогунун тайпалык беттешинде (3:1) жана 2019-жылы жолдоштук беттештерде (2:0,2:3) кез келген.

#futsalkgz #kyrgyzkurama


🔥СТАНЬ ЧАСТЬЮ СБОРНОЙ КЫРГЫЗСТАНА В НАШЕЙ ЭКИПИРОВКЕ | В ОДНОМ СТИЛЕ С КОМАНДОЙ. ВСЕГДА. ВЕЗДЕ.

Друзья, у вас есть уникальная возможность приобрести экипировку Национальной сборной Кыргызстана от испанского бренда JOMA 🇪🇸

🟢Цены:
3️⃣0️⃣% СКИДКА | УСПЕЙ КУПИТЬ (количество ограничено):

• Белое поло — 2450 сом;
• Основная белая футболка— 2310 сом;
• ⁠Основная белая футболка (Реплика) — 1610 сом (есть маленькие размеры);
• Гостевая красная футболка — 3150 сом;
• ⁠Спортивный костюм — 4550.

🔖🔖🔖🔖🔖

•⁠ ⁠Кепка (красная, белая) — 1000 сом;
•⁠ ⁠Белая футболка АкШумкар— 1570 сом;
•⁠ ⁠Красная футболка KYRGYZ KURAMA — 1450 сом;
•⁠ ⁠Белый свитшот АкШумкар — 2200 сом;
•⁠ ⁠Красный свитшот KYRGYZ KURAMA — 2200 сом;
•⁠ ⁠Носки (4 вариации) — 250 сом.

Примерьте на себя дух победителей и станьте ближе к нашей сборной 🦅

Экипировку можно приобрести в офисе КФС, ул. Медерова, 1Б, Бишкек.

Для всех вопросов: +996 778 846 242 (с понедельника по пятницу, с 10:00 до 18:00).

🇰🇬 Алга, Кыргызстан!

#KyrgyzKurama


✔️Футзал боюнча Улуттук курама Дубай шаарына ийгиликтүү келип жетти!

📆 Эске салсак, 13 жана 15-апрелде курамабыздын БАЭге каршы жолдоштук беттештери орун алат.
🕚 Башталышы 21:30 (Бишкек убактысы)
🏟️ «Аль Батаих», Дубай
🎥 Оюндар түз алып берүүсүз өтөт

#futsalkgz #kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
#BACKSTAGE VIBE | ВАЛЕРИЙ КИЧИН

🔥 | Кураманын капитаны Валерий Кичин менен Супер-Инфо үчүн фотосессия.

Жыйынтыгын жакында көрөсүз ал эми азыр — сахна артындагы сырлар менен бир аз бөлүшө кетели!

#kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
✔️ Футзал боюнча Улуттук курама Бишкектеги соңку машыгуусун өткөрдү.

✈️ Эртең курама Дубай шаарына сапар алат.

📆 13,15-апрель
🇦🇪 ОАЭ - Кыргызстан 🇰🇬
🏟️ «Аль Батаих», Дубай

——

✔️ Национальная сборная по футзалу провела заключительную тренировку в Бишкеке.

✈️ Завтра команда отправится в Дубай.

📆 13,15 апреля
🇦🇪 ОАЭ - Кыргызстан 🇰🇬
🏟️ «Аль Батаих», Дубай

#futsalkgz #kyrgyzkurama


ТУУЛГАН КҮНҮҢ МЕНЕН, САИД! 🥳🕯

#kyrgyzkurama


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салды.

Стадион 5055 көрүүчүгө ылайыкталып, үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат.

Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат.

Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.
Стадиондун оюн талаасы табигый болуп анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана карамагындагы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.


🎙️ Комментарии главного тренера Национальной сборной по футзалу Луиса Бернат Молины о проходящем УТС и о сопернике на товарищеских играх:

«Мы думаем о матчах квалификации Кубка Азии, которые пройдут в сентябре и готовим игроков, помогая им получить больше опыта и проверяем на таких товарищеских играх.

Я немного устал постоянно объяснять про Айдара Абдыжалил уулу. Мы вызывали его еще в декабре, после того как обсудили всё с ним при личной встрече в августе, и он отказался приехать.

Алмаз Самат уулу проводит хороший сезон, и мы продолжаем следить за ним. Улан Батырбек уулу и Улан Байгазы уулу были с нами на последнем сборе, и они входят в расширенный состав.

Почему ОАЭ? У сборной ОАЭ новый тренер - Рикардо Какау, и он обычно использует тактику при которой часто подключают вратаря или пятого полевого игрока. С такими проблемами мы можем столкнуться на играх квалификации или Кубка Азии, мы хотим улучшиться и быть готовыми».

#futsalkgz #kyrgyzkurama

20 last posts shown.