ИГОРЬ НИКИТИН: АЗИЯ КУБОГУНУН ФИНАЛДЫК БАСКЫЧЫНА ИЙГИЛИКТҮҮ ЧЫГУУГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ
🇰🇬 Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курама командасынын башкы машыктыруучусу Игорь Никитин 2025-жылы 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогунун тандоо оюндарына чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча комментарии менен бөлүштү.
Эске сала кетсек, биздин команда Йемен, Вьетнам жана Мьянма курамалары менен «I» тайпасында жайгашкан. Игорь Никитиндин командасы ушул жылдын 19-27-октябрында тандоо алкагындагы беттештерин өткөрөт.
«Биз бул чүчүкулакты эки жылдан бери күттүк жана ушул убакыттын ичинде Азия Кубогун тандоо оюндарына түздөн-түз даярдык көрдүк. Эми биз кимдер менен жана кайда ойношубузду билебиз. Биз атаандаштарыбыздан коркпойбуз, тескерисинче, ар бирин сыйлайбыз.
Биз үчүн эң чоң көйгөй – оюндарды кабыл ала турган Вьетнам өлкөсүнүн климаты болушу мүмкүн. Себеби, күзүндө бул аймак абдан нымдуу жана ысык болот.
Даярдык жөнүндө айтсак, машыктыруучулар штабы алдын ала иштеп чыккан планды оңдоп-түзөөгө туура келет. Эми тайпадагы ар бир атаандаштарыбыздын оюндарын талдап, климаттык шарттарга атайын даярдык көрөбүз. Бардык күчүбүздү жумшап, Азия кубогунун финалындык баскычына ийгиликтүү чыгууга аракет кылабыз»
#kyrgyzkurama