МИРАЖ ТҮНҮНДӨ ЖАНА КҮНДҮЗҮ АТКАРЫЛА ТУРГАН ИБАДАТТАР
Мираж түнүндө, куптан намазынан кийин 12 рекетте хажат намазы окулат🧎♂️
Ар бир рекетте Фатиха сүрөсүнөн кийин 10 Ихлас сүрөсү окулган намазга мындай ниет кылынат:
“Оо, Рабби! Ыраазычылыгың үчүн ниет кылдым намазга. Бул түндө, жетимиш кабат асмандарды жана бардык сырларын көрсөтүп, сүйүүң менен урмат кылган сүйүктүү Пайгамбарыңдын (саллаллаху алейхи ва саллам) урматына, мен алсыз кулуңду кечиримиңе, пейзиңе жана ыраазычылыгыңа жеткир.” Аллаху Акбар.
Намаздан кийин:4 Фатиха сүрөсү, 100 жолу:
“Субханаллахи вал-хамду лиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар, ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил-Ъалиййил-ъазим.”
100 истигфар, 100 салават окулуп, дуба кылынат.
Бул намаз, ар бир рекетте жүз Ихлас сүрөсүн окуп он рекет же ар бир рекетте он Ихлас сүрөсүн окуп 100 рекет кылынса, муну аткарган момун, бул намаздын пейзи жана берекети менен Аллахтын алдында намаздан карыз болбогон абалда чыгат (намаз карыздарын аткарууга жетишет).
Бир хадисте, Ражап айынын 27-күнүндө, башкача айтканда, түндүн артынан келген күнү орозо туткан адамга алтымыш айлык орозо сообу жазылары убада кылынган.