my world ✨🦋


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes



Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


• Мен🌼
Кимдир бирөөгө мен жакпасам, бирөөлөр мага ишенбесе, булар менин максаттарыма карай умтулуума жана аракет кылуума тоскоолдук кыла албоосу керек. Себеби мен кимдир бирөөгө жагып, алар мага ишениши үчүн жашап жаткан жокмун. Менин өзүмдүн кыялдарым, максаттарым, дүйнө карашым өзүмдүн жашоом бар. Жараткан Аллах Таала мени жакшы көрүп, мага ишенип башкалардан айырмаланып өзгөчө жөндөмдөрдү, таланттарды тартуулап сезимтал кылып жараткан болсо. Апам дагы мага өзгөчө ишенип, жүрөгү менен мени жакшы жашоодо жашашым үчүн, максаттарыма жеттшим үчүн, окутуп, өзүндө жокту мага берип турса, кантип таптакыр эле башка адамдардын мен жөнүндөгү ою мени ойлондуруп, ушунча максаттарымдан тосуп койсун. Адамдардын мен жөнүндөгү жаман ойлору эч качан мени ойлондуруп, чөктүрүп салбоосу керек. Эң негизгиси – Аллахка жана өзүмө туура болушум...
Канча деген максат кыялдарым бар. Мен мына ошолорго жетишим керек. Мойнумда, кыз, сиңди,мусулман инсан катары милдеттерим толтура. Мен ошолор менен алек болушум керек. Мен мен болушум үчүн аракет кылышым керек!
Дал ушул сөздөр сизге дагы тиешелүү болушу мүмкүн!!!




Ben bilmezmiyim kötü
bir insan olduğumu?
Nasıl bilmezdim? Bende
de bir kalp var ya. O kalbim
de acı çekmekten çok yoruldu.
Ne yapmayı bilmiyorum.
Yüreğimde çok acılar var. O
acı neden, nerden gelmişti ki
bu hayatıma? Bu dünyadan
gitmek istiyorum. Nereye,
onu bilmiyorum, ama yalnız
gitmek istiyorum...🩶


Ассаламу ъалайкум! Жаңылыксыз, кабарсыз болсом да мени күзөтүүдөн баш тартпаган бейтааныш жакындарым. Сиздер менен кайрадан жаңы бир ойлор менен бөлүшүү үчүн кайра эле мен ушул жердемин ❤️


Китеп белекке бердиңизби же алдыңызбы?
Poll
  •   Бердим 😍🌺
  •   Алдым ❤️🤩
  •   Берем 👌🏻
  •   Алам
33 votes


Асылдарым, ассаламу ъалайкум 🤩... Китеп - руханий байлык ...
Бүгүн баарыңыздарды дал ушул 14-февраль китеп белекке берүү күнү менен куттуктайм 🫧🤩🤩🤩🌹...


Менин бүткүл денемди бир ой,суроо ээлеп алды. Мындай караааап көрүп ойлондум да... Үй-бүлөбүздөн башка бизди бир нерсе үчүн эмес, эч кандай себепсиз, жөн гана бул биз экенибиз үчүн чын жүрөктөн жактыргандар жокпу? Күнүгө канча адамдар менен коммуникация, мамиле жасайбыз. Чын эле баары жөн гана жасалмабы?✨ Өтө өтө өтө кызык...


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жашоо өтүп баратат. Окшош, эч кандай жаңылыксыз жашоодон тажаган менин жүрөгүм мындай жашоодон тажаган сыяктуу. Бирок албетте бул жерде шүгүрсүздүк кылбоо керек. Алхамдулиллаах Жаратканга рахмат баары үчүн. Бирок менин тажаганым өзүмдүн өзгөрүүсүз күндөрүм аркылуу болуп жатат.

Кээде жасабаган жана жасабай жаткан нерселерге ,а кээде жасап койгон нерселерге өкүнүп жашап баштадым. Мен өтө көп нерселерди жасоом, аткаруум керек. Аракет кылуусу керек. Бирок убактым текке кетип жатат. Мына ошонун тезинен алдын алып жашоону өзгөртүү керек болуп жатат. Эмнеден баштоо керек дегенде, биринчи Жараткан менен байланыштан оңдоо керек го деп ойлойм... Анан да эч качан бирөө үчүн өзгөрүүгө аракет кылбоо керек экен.

Өзгөрүңүз өзүңүз үчүн гана


Бизде эмнелерге мүмкүнчүлүк бар?

1⃣-эле биринчи бизде жасаган күнөөлөрүбүзгө тообо кылууга мүмкүнчүлүк бар. Эң сонун кубанычтуу нерсе.

2⃣-ден бизде мурун жасай албаган жакшы иштерибизди жасаганга мүмкүнчүлүк бар

3⃣-бизде убактыбызды мындан ары туура пайдаланып калганы мүмкүнчүлүк бар

4⃣-бизде капа кылган же артынан сөз кылган адамдарыбыздан кечирим сураганы мүмкүнчүлүк бар

5⃣-бизде бул нерселердин баарына амал кылганы мүмкүнчүлүк бар

🔅Бирок эртең өлгөн соң ар бир
🔅адамдын өзүнүн кыяматы
🔅башталат. Анын сурагы, дал
🔅азыр жогоруда белгилеп өткөн
🔅 мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана 🔅албай калганы жөнүндө
🔅суралат. Кызык...! Эмне деп
🔅жооп берет экенбиз э?
🔅« Мен акырет жөнүндө эч 🔅 нерсе билген жокмун. Мага эч
🔅ким айткан жок» - дейбизби же 🔅«Менде убакыт болбоду»-
🔅дейбизби?
🔅Эхххх...!!! Жок жок жок!!!
🔅 Уят да! Кантип айтабыз?
🔅Бардык мүмкүнчүлүктөр болду
🔅го. Болуп жатпайбы?
🔅Мына урматтуу мусулман бир
🔅туугандарым. Жаратканга миң
🔅 мертебе шүгүр айталы! Бизде
🔅азыр мүмкүнчүлүк бар. Кеч
🔅 боло электе ойлонолу !!!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Кыйкырып ыйлап жаткан ыйыңды, күлүп турган жүзүң жаап коёт турбайбы?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сен күлсөң күлкүңө гүлдөр ачылат,
Көөдөндөгү санааларды качырат
Жанымда күлүп жүрүп дайыма
Нуруңду мага гана чачырат...🤍

🪶Асема Алимкулова


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Gel birer çocuk olalım....🥰❤️


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ассаламу ъалайкум.
Саламатсыздарбы 🌹 урматтууларым. Кутман кеч. Кандайсыздар? Жаңы максаттарды коюп, кадам таштап, аракет кыла баштадыңыздарбы?

Быйылкы 2024-жылда өзүңүз каалагандай,мыкты инсан болуп өтүүнү насип кылсын 🌷🌷🌷


Кана урматтуулар! 2023-жылдагы максаттарыңыз ишке аштыбы?✨
2024-жыл жашооңуздардагы эң мыкты жылдардан болсун. Бардык жакшы тилек-максаттарыңыздар ишке ашсын🤩

Кандай максаттарыңыз ишке ашты ? Төмөндө жаза кетиңиз 👇🏻


Мыкты постту окуу үчүн бул жакты басабыз👇🏻
Катталууну да унутпайбыз

https://www.instagram.com/reel/C1ebHDZqm3b/?igsh=MzRlODBiNWFlZA==


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Тириктер «алтындан,каш койсом»-дейт
Мойнуна «жакут, таш койсом»-дейт
Өлгөндөрдүн каалоосу, дүйнөгө кайтып
«Бир жолу саждага баш койсом»-дейт


Өзбек тилинен которулган!


Кээ бирки адамдарды
жоготуудан коркуубуз керек.
Себеби алар жашооңуздагы
жанып турган, жашооңузга
жарык берип турган инсандыр...


🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🤍🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧🫧


Биз инсандар өз каталарыбызды,кемчиликтерибизди моюндоону каалабай , жоопкерчиликти өз моюнубузга ала албай, жашообуздагы ар түрдүү жаман окуяларга башкаларды күнөөлөп олтуруп, айланабыздагы инсандарды да, өзүбүздү да кыйнап коёбуз...
Анан акырында "эмнеге"-деген суроону кайра-кайра өзүбүзгө берип, дагы деле каталарыбызды байкабайбыз


Керексиз дүйнөдөн кеткиң келгенде, керектүү колду сага сунган инсан болсо кана ...

20 last posts shown.