7️⃣ Кечиктирбей, дароо аракет кылуу
“Эң жакшы амал – үзгүлтүксүз аткарылган амал, аз болсо да.” (Бухари, Муслим)
– Чечим кабыл алгандан кийин аны дароо ишке ашыруу керек.
8️⃣ Ниетти дайыма оңдоо
“
Чындыгында, амалдар ниетке жараша.” (Бухари, Муслим)
– Ар бир ишти туура ниет менен баштоо, тартиптүү болууга түрткү берет.
9️⃣ Убакытты текке кетирбөө
“Адам эки нерсенин баркын көп учурда билбейт: бош убакыт жана ден соолук.”
(Бухари)– Убакытты туура колдонуу – ийгиликтин ачкычы.
🔟
Ар бир нерсенин ордун сактоо– Пайгамбарыбыз (с.а.в) жада калса буюмдарды да өз ордуна коюп, тартипти сактаган.
Сапаттуу жашоо үчүн:
1⃣1⃣Тазалыкка маани берүү
"Тазалык ыймандын жарымы." (Муслим)
Дене, кийим, айлана-чөйрө таза болсо, жашоо да тартипке келет.
1⃣2⃣Үй-бүлө жана коом менен болгон мамилени жакшыртуу
"Силердин эң жакшыларынар үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылгандар."
(Тирмизи)Үй-бүлөлүк жана коомдук жашоодо гармония болсо, адамдын өз жашоосу да тартипке түшөт.
1⃣3⃣Терс эмоциялардан арылуу
"Ачууланба!"
(Бухари)Сезимдерди көзөмөлдөө акылмандык жана сабырдуулуктун белгиси.
1⃣4⃣Ден соолукка кам көрүү
"Күчтүү мусулман Аллахка алсыз мусулмандан да сүйүктүүрөөк."
(Муслим)
Туура тамактануу, дене тарбия жана сергек жашоо негизи. продуктивдүү жашоонун
1⃣5⃣Жүрөктүн тынчтыгын сактоо
"Ким Аллахка таянса, Аллах ага жетиштүү!"
(Куран, 65:3)Ишенимдүү адам бейпил жашайт, тынч жүрөк болсо, жашоо да тартипке келет.
• Бул 15 насаатты ишке ашыруу менен жашооңузду тартипке келтирип, Рамазанга мыкты даярдансаңыз болот!