Ыйманга суусаган жанбыз🤍


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


Бул жалганда жалгыз максатым сенин ыраазычылыгың Аллахым.🤍
Админ🦁@_kgz_jyrgalbek_kgz_
Ассаламу алейкум уа 
рахматуллахи уа баракатух
Ар бир үйгө ыйман толсун.
Дуба кылганыңыздарда админкаңыздарды да унутпаңыздар, дубанарга муктажмын 🥹

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


АР ТАРАПТУУ КЫЗЫКТУУ КАНАЛДАР КАТТАЛЫП ПАЙДА АЛЫНЫЗ 📍






Жума күнү — Ислам дининдеги эң улуу жана берекелүү күндөрдүн бири. Анын көптөгөн пазилеттери бар:

1. Эң жакшы күн

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:
"Күндүктүн (күн) тийген эң жакшы күнү — Жума күнү. Бул күнү Адам (а.с) жаратылган, ушул күнү бейишке киргизилген жана ушул күнү бейиштен чыгарылган". (Муслим)



2. Жума намазынын маанилүүлүгү

Жума намазы — мусулмандардын эң маанилүү жамааттык ибадаты. Куранда:
"Эй, ыйман келтиргендер! Жума күнү намазга чакырылсаңар, Аллахты эскерүүгө шашкыла..." (Жума сүрөсү, 9-аят)



3. Жума күнү дуба кабыл болот

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:
"Жума күнү бир убакыт бар. Эгерде ошол учурда бир пенде Аллахтан жакшы нерсени сураса, Аллах аны сөзсүз берет". (Бухари, Муслим)



4. Күнөөлөр кечирилет

"Ким Жума күнү гусул алып, жума намазына барса, анан айтылган насияттарды угуп, унчукпай отурса, анын бул Жума менен кийинки Жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет". (Муслим)



5. Кахф сүрөсүн окуунун сооптору

Пайгамбар (с.а.в) айткан:
"Ким Жума күнү Кахф сүрөсүн окуса, анын жүзү он төрт күн бою нур менен жарык болот". (Хаким)



6. Жума күнү периштелердин дубасы

"Жума күнү мечиттин эшигинде периштелер отуруп, кирген адамдарды каттап турушат. Имам минбарга чыкканда, алар да кирип, хутбаны угушат". (Бухари, Муслим)



7. Жума күнү каза болгон адамга өзгөчө ырайым

"Жума күнү же түнүндө көз жумган адамга Аллах бейишти убада кылат жана аны кабыр азабынан сактайт". (Ахмад)




Жума күнү аткарылуучу сооптуу амалдар:

✅ Гусул алуу (жуунуу)
✅ Мисвак колдонуу (оозду тазалоо)
✅ Жакшы жыт себинүү
✅ Жума намазына эрте баруу
✅ Кахф сүрөсүн окуу
✅ Пайгамбарга (с.а.в) көп салават айтуу
✅ Көп дуба кылуу

Жума күнү Аллахтын берекеси жана кечирими мол болгондуктан, бул күндү ибадат менен өткөрүү өтө маанилүү.


"Аллахумма салли ала Мухаммади ва ала али Мухаммад."
Салават айтуунун пайдасы:
Дубаңыз кабыл болот.
Күнөөлөр кечирилет.
Аллахтын ырайымы түшөт.
Пайгамбарга (с.а.в) болгон сүйүү өсөт.
Салават айтууну көп кылуу — жүрөгүбүздү тазалоо, сүйүүнү арттыруу жана Аллахтын ырайымын тартуу үчүн жакшы амал.






Video is unavailable for watching
Show in Telegram
(Куран аят кыргызча котормосу]

Алар: «Эгебиз - Аллах!» - дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Аллах адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар, чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуужайлары жана ичинде Аллахтын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Аллах жолунда жардам берсе, Аллах да ага жардам берет. Чындыгында, Аллах - Күчтүү жана Ызааттуу!

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy




Аллахым сага илим алган. бирөөнү насип кыл деп
дуба кылдым.
Бугундон баштап,
Илимине Амал кылганын
насип кыл деп дуа кыламын. 🤍🤲

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy




Сиз издеген китептер каналдары ;


https://t.me/islamkitebimm


*Жүрөктөн орун алган жагымдуу икая*

Xaсан Басриге бир киши келип:

* *Кургакчылык болуп, каатчылык жанга батты, кеңешиңиз керек,* — дейт.

*_Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла,_* - дейт Хасан Басри.

Аңгыча дагы бир киши келип:

* *Канча аракет кылсам да колума тыйын бүтпөй, жакырчылыктан башым чыкпай жатат, кеңеш бериңизчи,* - дейт.

*_Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сура,_* -дейт Хасан Басри.

Дагы бирөө келип:
* *Көп жылдан бери балалуу боло албай жүрөм, эмне кылайын?* - дейт.

*_Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла,_* - дейт Хасан Басри.

Андан кийин дагы бир киши келип:

* *Багым түшүм бербей жатат, эмне кеңеш бересиз?* - дейт.

*_Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла,_* - дейт Хасан Басри ага дагы.

Ар кандай суроого бир эле жоопту айта берген Хасанга таң калып жанында отургандардан бирөө:

* *Ар түрдүү суроого бир эле жоопту берип жатасыз, биз буга жакшы түшүнбөй калдык...?* - дейт.

* *_Бул жоопту силер деле билесиңер, бул менин сөзүм эмес, Аллахтын сөзү. Куранда Аллах Таала:_* *"Жараткандан кечирим сурагыла, антке-ни Ал баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды агызат",* *_-деген. Демек, истигфар айтып Аллахтан кечирим тилесеңер Аллах Таала аятта айтылгандын баарын берет,_* - дейт.


https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сени бийге эмес, бейишке чакырган түгөйүң болсун🤍🤲

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy


Балдарды ушинтип тарбиялайлы
Устаз:Абдышүкүр Нарматов

20 last posts shown.