Садыр Жапаров


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Politics


ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 🇰🇬
СЛУЖЕНИЕ БУДУЩЕМУ!
КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ!
president.kg

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Politics
Statistics
Posts filter


Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем!
Алга, Кыргызстан!

От всей души поздравляю Акжола Махмудова с выходом в финал на Олимпийских играх в Токио! Вся страна с замиранием сердца сжимает кулаки и желает успехов Акжолу в решающей схватке! Также хочу поздравить Айпери Медет кызы с успешным выступлением на Олимпиаде. Уверен, что сегодняшние Игры станут для нее большим опытом и началом к будущим олимпийским медалям!
Алга Кыргызстан!


Урматтуу кыргызстандыктар!
КОВИД-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз.
Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат.
Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда.
Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар.
Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!


Уважаемые кыргызстанцы!
Еще раз прошу вас пройти вакцинацию против коронавирусной инфекции.
В последнее время почти все пациенты с КОВИД-19, поступающие в больницы, являются теми, кто не привился.
На бюджет нашей страны, испытывающего и без того большие нагрузки, это ложится непростой ношей.
В Кыргызстан в ближайшее время поступит дополнительная партия вакцин на сумму в 20 млн долларов. Кроме того, для лечения одного пациента в течение 14 дней расходуется около тысячи долларов.
Не получив вакцину, вы наносите вред себе, своим близким и в целом стране.
В этой связи, уважаемые кыргызстанцы, большая просьба пройдите иммунизацию!


Ысык-Көл.
Бир эле убакытта төрт мезгилди көрөсүң.
Кыш, күз, жаз жана жай мезгили.
Бүгүн 19.07.2121.
Бүткүл дүйнө жүзүнөн Ысык-Көлгө келип эс алыңыздар.
Июнь, июль, август айлары эс алууга жакшы мезгил. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айлары Каракол тоосунда лыжа тебүү мезгили.
Кош келиңиздер!

Иссык-Куль.
Почти одновременно здесь можно застать четыре времени года.
Зиму, осень, весну и лето.
Сегодня 19.07.2021.
Приезжайте отдыхать на Иссык-Куль со всего мира. Июнь, июль, август благоприятное время для летнего отдыха. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март - время для горнолыжного туризма в городе Каракол.
Добро пожаловать!


Смотрите "Садыр Жапаров элчилерге күтүүсүз суроо берди: "Силерде тартип болсун, бизде бардак болсунбу?"" на YouTube
https://youtu.be/jPI1mQHrTSU


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Президент Садыр Жапаров прибыл в г. Анкару

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 июня, прибыл с официальным визитом в столицу Турецкой Республики — г. Анкара.

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту «Эсенбога», где у трапа его встретил министр культуры и туризма Турции Мехмет Нури Эрсой.

На флагштоках международного аэропорта вывешены государственные флаги Кыргызстана и Турции, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула.

Напомним, что в рамках визита Глава государства проведет двусторонние переговоры с Президентом Турции Реджепом Тайипом Эрдоганом, встретится со спикером Великого национального собрания Мустафой Шентопом, примет участие в бизнес-форуме двух стран, а также побеседует с гражданами Кыргызстана, работающими и учащимися в г. Анкаре.


Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасынын борбору — Анкара шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.






Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram

20 last posts shown.

3 010

subscribers
Channel statistics