❗️❗️
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуунун айрым учурларын ачыктады: ⚡️Тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келген, Кыргызстан болсо 1991-жылдагы документтерге таянып, ошол боюнча чечилди.
⚡️Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар берилип, кайра 190 гектар жер алынды.
⚡️Баткен районундагы Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилип, ордуна 91 гектар жер компенсациясы менен алынды. Ал жактагы жашоочулар толугу менен көчүрүлүп, үй салынып берилет.
⚡️Ворух анклавдын 19 миң гектар жерин колдонуп келгенин, сүйлөшүүлөрдөн кийин аларга 14,5 миң гектар жер калды.
⚡️Тажик тарапка "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы берилип, ордуна 750 гектар жер алынды.
⚡️Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участогу нейтралдуу макамга ээ болду.
_
📩Каналга Катталуу https://t.me/sirazhadilovmigrant