«Дал азыр эмнени каалайсың?» деп сурашса,ойлонбой туруп «3 жыл мурун барганда 1 күнүм 1 кылымга созулган эжемдин жайлоосуна барып эс алууну» демекмин.
Таң аттырбай туруп уй саап(албетте мен сааган эмесмин,сааганга жардамдашымыш болчумун) эжемдин менден кичинекей кыздары уйду зыкылдатып сааганына оозум ачылып,уйларды тоого айдап,торпокторун болсо ыйлатып байлап,кеч уйлар кайтып келгенде кайрадан байлап саап,чатырда уктап,булактан суу ташып,курут тоголоктоп,аны жайып кургатып,тойгуча жеп,жаңы тартылган каймак,суюк сары май,казанга жасалган Кларанын жоон даамдуу блинчиги,радио укмай,телевизор,телефон деген жок,ойномой,китеп окумай.
Ошондо билгенмин,сүзмө кантип жасаларын,сары май каяктан чыгарын,күрөң чөбөгө кантип ак сүттөн чыга келерин,быштактын кантип быштак болорун.
Чатырынын жанында жаңгактар бар эле,бирөөсүн мен менчик кылып алганмын.Качан үйгө кетким келип ыйлагым келгенде,ошол жаңгактын башына чыгып алып ыйлап,таарынып,кайгырып,жашоого наалып,сооронгондо кайра түшүп үйгө кайтчумун.Эжемдин балдары кезек менен келип, дарактын түбүндө туруп алып «Бегай абжоу,эмне таарындыңызбы бизге?Басыңчы кеттик» дешкендерине карабай дшб болуп отура берет элем кино болуп.
Мына шаардын ызы-чуусунан тажадым,жайлоого алып баргылачы мени...