Беш суроого бир жооп
Хасан Басриге бир киши келип:
- Кургакчылык болуп, каатчылык жанга батты, кеңешиңиз керек, — дейт.
- Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.
Аңгыча дагы бир киши келип:
- Канча аракет кылсам да колума тыйын бүтпөй, жакырчылыктан башым чыкпай жатат, кеңеш бериңизчи,- дейт.
- Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.
Дагы бирөө келип:
- Көп жылдан бери балалуу боло албай жүрөм, эмне кылайын? - дейт.
- Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри.
Андан кийин дагы бир киши келип:
- Багым түшүм бербей жатат, эмне кеңеш бересиз? - дейт.
- Истигфар айтып, Аллахтан кечирим сурагыла, - дейт Хасан Басри ага дагы.
Ар кандай суроого бир эле жоопту айта берген Хасанга таң калып жанында отургандардан бирөө:
- Ар түрдүү суроого бир эле жоопту берип жатасыз, биз буга жакшы түшүнбөй калдык..? - дейт.
- Бул жоопту силер деле билесиңер, бул менин сөзүм эмес, Аллахтын сөзү. Куранда Аллах Таала: "Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды агызат", - деген. Демек, истигфар айтып, Аллахтан кечирим тилесеңер Аллах Таала аятта айтылгандын баарын берет, - дейт.
~ "Эртең дебе" китебинен