Posts filter


🔊 *Жагымдуу жарыя!* 🔊

❤️ *Бактылуу үй бүлө* ❤️
аталышындагы кезектеги бир айлык сабагыбызга каттоо башталды.

📜 Бул сабакта сиз шариятыбыздын негизинде бактылуу үй бүлө кандай курулуп, өмүр кечирүүлөрү керектиги боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болосуз.

📆 Сабак ар аптанын экинчи жана бешинчи күндөрү

⏰ Бишкек убактысы менен 20:00 болот.

Өтүлүүчү темалар:

📌 Үй бүлө куруунун маанилүүлүгү
📌 Үлгүлүү жубайлардын сыпаттары
📌 Үй бүлөдөгү кызматтар
📌 Үй бүлөлүк адептер
📌 Үй бүлөдөгү укук жана милдеттер

📌 Үй бүлө курууга даярдык ж.б.


👳🏻‍♂️ Сабак өтүүчү: Устаз Болот Абдылда уулу

📝 Катталуу үчүн +962796709271 ватсап номерине байланышыңыз.

✅ Жакындарыңыз менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз.


Ассаламу алайкум урматтуу жамаат
Иорданиядан китеп заказ кылуучулар болсо, төмөнкү номурга кайрылыңыздар.
Кыргызстанга декабрь айында барат.

+996 503 950 095


Ассалам алейкум, урматтуу ага - ини, эже - карындаштар!

📌Иордания мамлекетиндеги устаздар тарабынан негизделген "Ханафий мектеби" Ислам илимдерин окутуу борбору, сиздерди 23 - ноябрь күнү 14:00 дө, Бишкек шаарында өтө турчу "ПАЙГАМБАРЛЫК МУРАС" аттуу жандуу Ханафий форумуна келип, кадырлуу коногубуз болуп кетүүгө чакырабыз.

📜 Форумдун жүрүшү:

1. Белгилүү устаздардын илимий лекциясы болот.

- Устаз Элдияр Көбөнов (10 кыраат ээси, Иорданияда КМБД нын өкүлү),
- Устаз Олжобай Алимбеков (W.I.S.E ун. докторанты)
- Устаз Мирлан Кенжебаев (Иордан ун. докторанты)
- Устаз Мухаммадалим Халил (W.I.S.E ун. магистранты)
- Устаз Тилек Зарылбеков (W.I.S.E ун. магистранты)
- Устаз Абдулазиз Адылбеков (W.I.S.E ун. магистранты)
- Устаз Алишер Камбаралиев (W.I.S.E ун. бүтүрүүчүсү)
- Устаз Абдулазиз Калмурза уулу (W.I.S.E ун. магистранты) ж.б. Иорданияда көп жылдан бери илим алып келген устаздардын илимий лекциясы жана баяндарынын коштоосунда өтөт.

2. Ислам илимдери (Фикых, Акыйда, Араб тили, Тажвид, Сиро ж.б) боюнча акыл таймаш болот, жеңүүчүлөргө устаздардын китептери, курстарга жолдомолор ойнотулат.

3. “Ханафий Мектебинин” Куран бүтүрүүчүлөрүнө пайгамбарыбыз (с.а.в) чынжыры менен ижазалар тапшырылат.

4. “Куран Хатым” жамааты аркылуу түшүрүлгөн 1000 Куран хатымга жалпы устаздар менен биргеликте, жалпы момундарга жана Палестинадагы бир туугандарга дуба кылынып, багышталат.

5. Иорданиядагы саамалыктар, университтер жана устаздардын кыргызчага которгон китептери тууралуу жакындан тааныштыруу болот.


📍Дареги:

ул. Фрунзе 429 б, отель Достук, 2 этаж, Империал зал Конгресс-холл

⏱️ Убактысы:

23 ноябрь, 14:00-18:00

💰Кирүү акысы: 600 сом.
💎 Орундар чектелүү.

📞 Сурап-билүү жана билеттер үчүн:

+996778110211 (Бибимариям)




🟢Жума намазга дааратсыз келип, эгер даарат алса жума намазга кечигип калса, таяммум кылса болобу?
Poll
  •   Албетте болот, жума намазды кечиктирген дурус эмес.
  •   Шашылыш болсо, таяммум кылса жарайт
  •   Жок болбойт
308 votes


🔴Таяммумдан кийин нафил намаз окуса болобу?
Poll
  •   Каалаган нафил жана парз намаздарын окуса болот.
  •   Сүннөт намаздарына гана уруксат берилет
  •   Даарат менен гана нафил намаздар окулат
259 votes


🔴Гусулдун канча парзы бар?
Poll
  •   5 парзы бар
  •   4 парзы бар
  •   3 парзы бар
341 votes


🔵Шариятта парз болгон гусулдан башка да гусул барбы?
Poll
  •   Парз болгон гусулдан башка гусул жок.
  •   Ооба, андан башка дагы гусул бар.
  •   Парз болгон гусулдан башка гусул жөнүндө шариятта айтылбайган.
301 votes


🔴Гусул парз болгон адамга маасыга масх тартуу болобу?
Poll
  •   Жок, масх тартуу мүмкүн эмес.
  •   Ооба, масх тартуу мүмкүн.
  •   Динди оорлотуу кажет эмес. Масх тартса жарайт
301 votes


🟢Сынган же жараттанган жерди даарат алып, андан кийин байлоо шартпы?
Poll
  •   Сөзсүз түрдө даарат алуусу шарт.
  •   Жок, дааратсыз эле байлап, кийин масх тарта берсе болот.
  •   Даарат алып, андан соң жаратты байлоосу дурус.
286 votes


🟣Маасынын үстүнөн кийилген бут кийимге масх тартса болобу?
Poll
  •   Дааратты бузуудан мурда кийген болсо, масх тартса болот.
  •   Эч мүмкүн эмес, болбойт.
  •   Бут кийимге маст тартуу каралбаган
277 votes


Иордания мамлекетинде жайгашкан W.I.S.E (The World Islamic Science & Education) университетинде жайгашкан «Ханафий юриспруденциясы» факультети студентдерди 2024\2025-жж онлайн/офлайн окууга кабыл алууну баштады.

📌Окутуу өзгөчөлүктөрү:

1. Иордания мамлекетинин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган, университеттин бакалавр даражасындагы дипломго ээ болуу

2. Окуу мөөнөтүндө, узак убакыттык сапар тартууга муктаждыктын жоктугу.

3. Ханафий мазхабындагы Фикых илимдери боюнча «Мухтасаруль Кудурий», «Аль – Ихтияр», «Шархуль – Викоя», «Нуруль – Анвар», «Мажаллатул Ахкам» ж.б.у.с. эң тандалма китептер окутулат.

4. Ошондой эле Акыйда илимдери, Ислам этикасы, Ислам саясаты, Ислам маданияты жана Исламдагы соода-сатык боюнча атайын тереңдетилген предметтер өтүлөт.

5. Бир семестрге студент алган программасына ылайык (300) доллардын тегерегинде контракт төлөйт.

📌 Окуу системасы:

1. Окуу бардык жабдыктар камтылган «Microsoft Teams» платформасы аркылуу, аптасына бир жолу ишемби (суббота) же жекшемби (воскресенье) күнү, сегиз саат мөөнөт аралыгында, жандуу түрдө, түзмө-түз берилет.

2. Студент платформадагы өздүк баракча аркылуу, студентти предметти мыкты деңгээлде түшүнүүсүнө жардам берген, өтүлгөн сабактардын интеллектуалдык схемаларын, поверпойтторун пайдалануу менен бирге, видеозапистерди көрүп чыгып, жалпы берилген тапшырмаларды аткарат.

3. Бир жылдык окутуу эки семестр жана жайкы семестден куралат.

4. Регистрация 11 класстын аттестатын тапшыруу жана платформадагы өздүк баракчаны тастыктоо аркылуу, эң оңой жол менен жүргүзүлөт.

5. Баары окуса болот (эркек-аял, жаш-кары)

6. Окууну студенттин аракетине жараша 3-4 жыл аралыгында бүтүрсө болот.

7. Сабактар араб тилинде болот.


ТОЛУК МААЛЫМАТ:

+996 773998969
+962 790871366
+962 796709271


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Иорданиядагы Бүткүл дүйнөлүк Ислам университети абитуриенттерди кабыл алууну баштады🥳

Эми сиз дагы окуй аласыз!

Кааласаңыз келип окуйсуз, кааласаңыз үйүңүздө отуруп эле онлайн форматта илим алып жыйынтыгында Иорданиядагы мамлекеттик дипломго ээ болосуз🌺

Кененирээк маалымат алуу үчүн:
Эркектер: +962790871366
айымдар: +962796709271
кайрылыныздар🤗


40 ХАДИС китебинен сынак ушул группаларда болот








Video is unavailable for watching
Show in Telegram


40 ХАДИС сабагы 10 мүнөттөн соң башталат буюрса

20 last posts shown.