Бүгүн өлкөдө 3-элдик курултай өттү. Анда мыйзам сунуштоо укугуна ээ жумушчу топ түзүлдүБүгүн борбор калаада 3-элдик курултай башталды. Ага президент Садыр Жапаров, минкаб башчысы, ЖК төрагасы жана бардык рангдагы саясий кызматкерлер, аймактардан келген 700 делегат катышууда.
Албетте, бул курултай да кызыктар менен коштолууда.
Делегаттардын бири Садыр Жапаровду “прожектор” десе, дагы бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди Манаска теңеди.
Башкасы гендердик теңчилик саясаты кыргыз салттарына туура келбесин айтып чыкса, дагы бирөө интернет желесине 18 жаштан өйдө гана кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
Курултайдын жүрүшүндө атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал мыйзам сунуштоо укугуна ээ. ЖКга мыйзам сунуштоочу жумушчу топтун курамына мурдагы депутат Мыктыбек Абдылдаев, Илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, Ат-Башы районунун экс акими Болот Исаев, окумуштуу, тарыхчы Абдрахман Алымбаев, окумуштуу юрист Урмат Аманалиев, дагы бир окумуштуу юрист Болот Токтобаев, “Кырк чоро” коомдук кыймылынын башчысы Замир Кочорбаев, Элдик курултай секретариатынан Элдарбек Шаршенбек уулу кирген.
Бул тизмеде президенттин кеңешчиси Бекбосун Борубашев да айтылганы менен Садыр Жапаров өз кеңешчисинин бул тизмеде болушун ылайык көргөн жок.
Курултай эртең да уланат.
@kgosho Билип жаша!