Китеп Нур


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


“КИТЕП-БИЛИМ, КИТЕП-ТАРЫХ, КИТЕП-НУР” Республикалык китеп окуу конкурсу

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


📢Ассаламу алайкум уа рохматтулохи уа барокатух!

😍Китеп окуп, мына ушул К5 автоунааларын утуп алыңыз!

📍Кыргызстанда биринчи жолу масштабдуу китеп окуу сынагын жарыялайбыз!

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети “Китеп – билим, китеп – тарых, китеп – нур” сынагын баштады!

📍Сынактын шарты: “Сынган кылыч” тарыхый романы, “Бакыттын үрөнү” жана “Сахабалар салган чыйыр жол” китептерине “Адам адеби” китебин кошуп окуйсуз.

🤔Кантип катыша аласыз?

Ал үчүн китептердин бирин тандап, сынакка катталасыз. Катталуу 2025-жылдын 31-мартына чейин уланат.
2025-жылдын 12-апрелинде жалпы республика боюнча офлайн түрдө сынак тапшырасыз.
Баарынан кызыгы – ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден К5 үлгүсүндөгү автоунаа коюлган. Мындан сырткары ар бир багыт боюнча 2-орундан 13-орунга чейин бирден Умра сапарына жолдомо жана башка кызыктыруучу белектер бар.
Ал эми онлайн катышуучулар үчүн өзүнчө сынак болот. Анда ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден Умра сапарына жолдомо коюлган.

🤲🏻Азыр катталып, азыр окуңуз!

📲 Сурап билүү үчүн: 0777 714 700, 0700 714 700, 0553 714 700




🤲🏻 *Сынба, чөкпө, түңүлбө.*

*Бул жалган дүйнөдө адам баласы күн сайын, жадагалса мүнөт сайын сыноодо: бирде бар, бирде жок, бирде ач, бирде ток болосуң. Бул дүйнөнүн оомал-төкмөлү да мына ошондо. Жараткан Алла Таала кимдир бирөөнү ата-эне, кимдир бирөөнү бир тууган, кимдир бирөөнү уул-кыз, дагы башкасын өмүрлүк жар менен сынайт. Кимдир бирөөгө байлык-бийлик, ден соолук берип сынаса, башка бирөөдөн буларды алып сынайт*.

*“Сабырдын сыны сөөгүңдү сыздатканда, сызылган сызыктар санааңды саргайтпасын. Сабырыңдын сыйын сакайганда сөзсүз сезесиң”, - дегендей бул дүйнө өзү сыноо. Ал эми сыноону сабыр гана жеңет. Башкача айтканда, жыргал күндөр да, куурал күндөр да – сыноо. Ушул сыноолорго сынбай, чөкпөй, түңүлбөй, тескерисинче, жашоосуна ыраазы болуп жашаган инсан бактылуу*.

*Бабаларыбыз меселдегендей, оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн ыйы да, сыйы да сыноо. Куранда Алла Таала: “Биз силердин араңардагы аракетчилдер менен сабырдууларды билебиз жана силердин амалыңарды текшерүү үчүн, чындыгында, силерди сыноодон өткөрөбүз”, - деп айткан.*

*Хадисте: “Алла Таала кимге жакшылык кааласа, аны сыноого туш кылат”, - деп айтылган*.
*Кээ бир адамдар жашоонун сыноосуна кабылып, кыйынчылык, оору, кырсык-балээ, ажырашуу ж.б.у.с. жоготууларга туш болсо, сыноого сынып, жашоого кайгырып, караңгылык дүнүйөсүнө чөмүлүп, бири-бирин айыптап, бакырганды, ыйлаганды, үмүтсүздүк эшигине бут койгонду гана билишет.*

*Мындай адамдар Жараткандын каарына кабылып, өз жашоосун тозокко айлантып, акыретин талкалап жатканын аңдабайт*.

*Хадисте: “Чындыгында, чоң сыйлык үчүн чоң сыноолор берилет. Алла Таала кайсы бир мусулманды сүйгөн болсо, анда ага сыноолорду берет. Ага сабыр кылгандар Алланын ырайымына ээ болушат, ал эми нааразы болгондор анын каарына калышат”, - деп айтылган*.

*“Сыноону сыналган жан билет” дегендей кимдин башына сыноо келсе, анын ачуу даамын сезет. Ал эми сыноонун дарысы - бул сабыр. Бул жашоодо жеңиш менен ийгиликке сабыр менен гана жетесиң. Сыноолор сени чарчатат, кыйнайт, азаптайт, бара-бара курчутуп, күчтүү жана тажрыйбалуу адам кылып тарбиялайт. Бул тууралуу Алла Таала “Бакара” сүрөсүнүн жүз элүү бешинчи аятында мындай деген: “Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерселер менен, ошондой эле, мал –мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү азайтуу аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга Бейишти сүйүнчүлө”*.

*Демек сыноо келгенде асан кайгы болуп кайгырбай, сынбай, чөкпөй, түңүлбөй сабыр менен күрөшүүнү үйрөнүү керек. “Ыймандын жарымы – сабыр” деп бекеринен айтылган эмес. Алла Таала ар пенденин ыйманына жараша сыноо берет. Хадисте: “Эң кыйын сыноо - бул пайгамбарларга, андан соң аларга окшогондорго. Андан соң ошолорго окшогондорго да берилет” - деп айтылган.*

*Оорубас жан болбос, инсан болгон соң оору менен сөзсүз сыналасың. Адам болуп жаралдыңбы, өлүм даамын сөзсүз татасың, жакыныңдан айрыласың. Ысык жан болгон соң, кимдир бирөөгө ашык болосуң, бир күн андан ажырайсың. Ар бир инсандын башына ар кандай сыноо келет. Башыңа сыноо, балээ-кырсык, жоготуу же оору келсе, ушунчалыгына шүгүр дегенди үйрөнүү керек.*

*Балким Алла Таала пендесинин жүрөгүн сыноо менен ойготуп, чыныгы жашоого кайтарат. Ошондуктан, башка келген сыноолорго сынбай, оош-кыйыш кыйынчылыкка чөкпөй, байлык-бийлик, жакшылыкка көппөй, сабыр кылып жаша.*

*Тагдырдын жаман-жакшысына ыйман келтирүү бакыттын башаты экенин унутпа. Баары биз каалагандай боло бербейт. Кээде мен каалайм, сен да каалайсың, бирок менин же сенин каалооң эмес, Кудайдын айтканы болот. Жараткандын тандоосунда жакшылык бар экенин унутпа*.

👤Автор: Шермухаммед Ташматов.

📘"Сынба, чөкпө, түңүлбө" китебинен.


Күн сайын китеп оку. Китеп сени ыймандуу, максаттуу, сабырдуу, эрктүү, өзүнө ишенген, ар бир адам менен тил табыша ала турган инсан кылып тарбиялайт.
Тарыхка көз чаптырсак, ийгиликтүү жана артында из калтырган инсандардын баары китепкөй адамдар болгон. Китеп – адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы.
Андыктан жаш кезибизден тартып китеп биздин талыкпаган жандоочубуз болушу керек. Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири. Ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет.

Башыңа кандай сыноо келсе да сынба, чөкпө, түңүлбө.

Бүгүн “Китеп нур” аттуу республикалык китеп окуу конкурсуна катталып китеп окуп башта. Жакшылыктардын баары алдыда буюрса.




Video is unavailable for watching
Show in Telegram




Video is unavailable for watching
Show in Telegram








Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Forward from: _nurmairam
Video is unavailable for watching
Show in Telegram






Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети “КИТЕП – БИЛИМ, КИТЕП – ТАРЫХ, КИТЕП – НУР” аттуу республикалык китеп окуу конкурсун жарыялайт. Конкурс төрт китеп боюнча үч багытта өткөрүлөт.

1️⃣“Сынган кылыч” жана “Адам адеби”
2️⃣“Бакыттын үрөнү” жана “Адам адеби”
3️⃣“Сахабалар салган чыйыр жол” жана “Адам адеби”

Конкурска катышуу үчүн үч багыттын бирин тандап, катталасыз. Катталуу 2025-жылдын 31-мартына чейин уланат. 2025-жылдын 12-апрелинде жалпы Республика боюнча офлайн түрүндө сынак болот.

Баарынан кызыгы ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден КИА К5 авто унаасы коюлган! Мындан сырткары ар бир багыт боюнча 2-орундан 13-орунга чейин он үч жеңүүчүгө умра сапарына жолдомо, жана башка көптөгөн кызыктыруучу белектер бар!

❗️Ал эми онлайн катышуучулар үчүн өзүнчө сынак жүрүп, ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден гана Умра сапарына жолдомо берилет жана 2-10-орундарга кызыктыруучу белектер бар.

“Эзели мындай болбогон, Мындайды эч ким көрбөгөн...”
Бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Азыр катталып, азыр окуңуз! Жеңиш сиздики болот!

Сурап билүү үчүн: 0777 714 700
Катталуу үчүн: 0700 714 700, 0553 714 700
“Китеп окуп билбегениң билип ал,
Байге утуп, К5ти минип ал...”

16 last posts shown.