Sozduk


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian
Category: Linguistics


Эне тилим - эне сүтүм •

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Category
Linguistics
Statistics
Posts filter


Оолак

Алысыраак, окчун.

Анысы да боюн оолак качырып, жолотпой калыптыр (Убукеев).
[Актан] бири-биринен оолак салынган үч көчө кыштакты айланып чыкты (Бейшеналиев).


Үртүк

Жасалгаланган, кооздолгон ат жабуу. Үртүк, адатта, аттын соорусуна жабылуучу ат жабуу эмес, атка толук кийгизилген кооз жабуу катары түшүнүлөт. Кээде үртүк маанисинде минген аттын көкүлүнө, чокусуна тагылган, сайылып коюлган үкүнүн жүнү – канаты да айтыла берет.


Каада

1. Салт, үрп-адат.
Каада билген карысы, Ак сакалдуу баарысы («Манас»).

2. Адат, көнүмүш, өнөкөт.
Гүлнар каадасындай ага да эркелей кеткиси бар (Сыдыкбеков).

3. Урмат, ардак, шаан-шөкөт, кадыр-барк.
Каада менен жөнөттү, Урматтап калкы Жамбылды (Осмонкул).


Табылга

1. Иштеп, аракет кылып тапкан акы, олжо, киреше. Күндөп-түндөп иштеген эмгегинин табылгасы таттуу болбосо, анан эмне таттуу болот? (Жантөшев).

2. Жетишилген ийгилик, жаңы ачылыш.
Илимдин жаңы табылгасы.
Бул поэма кыргыз окуучулары үчүн чоң табылга («Ала-Тоо»).


Сагызган кубалап кетчүдөй

Өтө кооз, ар түрдүү түстө, кызыл-тазыл деген мааниде.

Сагызган кубалап кетчүдөй кийинипсиң, - деп теңтуштары Айзаданы тамашалашты («Кыргызстан аялдары»).


Жон көргөзүү

Айбат кылуу, күч көрсөтүү.

Жон көргөзүп жатууга жаңгыз атар дары жок (фольк.).


Жолуу болуу

Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу
болуу.

Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов).


Колко

1) Кекиртектин алкым жаккы жоон бөлүгү.
Булкуша кетсе жолборсу, Заманасын куурайын, Колкосун тиштеп суурайын («Эр Төштүк»).

2) Бирөөнүн бергенине, кылган жакшылыгына, көрсөткөн жардамына карата белгиленген сый, акы.
Колкосуна аларын, Билип кел деп жиберди («Семетей»).


Жол айтуу

Кандайдыр бир иштин колкосу үчүн же бир жакка жол тартып бараткандыгы үчүн бир нерсе тартуулоо, берүү.

Беш тыйын жол айтканга жараган жок. Ата наркы, элдин салты боюнча кудаларга жол айттык.


Айран

Таң калгандык, аң-таң болгон абал.

Калың эл үч баатырга айран калды (Токомбаев).
Айткан кеби орунсуз Адам айран ишине (Тоголок Молдо).
Айран азыр калганы («Манас» С. О.).


Жой болоттой

Абдан курчуп, такшалып, эч тартынбай, тайманбай киришкидей же айткыдай.

Досунун кийинки көрүшпөгөн жылдары ого бетер жой болоттой курчуганына айран таңданды (Бейшеналиев).


Төбөгө көтөрүү

1. Колунан келген жакшылыгын аябоо, колдоо, абдан кадырлоо, аябай сыйлоо, урматтоо.
Койчуман карыя өзүнүн адал эмгегименен элге тааныма. Аны айылдагылардын баары төбөсүнө көтөрөт (Убукеев).
2. Ызы-чуу салуу, чуу салуу, дүрбөлөң түшүрүү.
Какылдак безилдеп кез-кез ачуу-ачуу чаңыргандай болсо, кыштакты төбөсүнө көтөрөт (Сыдыкбеков).


Дөбө

1. Тегиздиктен бир кыйла бийигирээк келип, үйүп койгон сыяктуу көтөрүлүп турган дөң жер. Каныбек бийик дөбөнүн башында дүрбү салып жалгыз (Жантөшев).
2. Бир нерселердин үйүлө чогултулган жыйындысы, үймөктөлө жыйылган үйүндү.
Кырманда дөбө болуп турган буудай (Абдукаримов).


Өргөө

1. Жаңы үйлөнгөндөргө арналып тигилген боз үй.
2. Тамак-аш жасабаган, таза турчу боз үй.

Ак өргөөгө ат чабышчу,
Көк бөрү да беришчү (Токомбаев).


Чамын

1. Жулунуу, жулкунуу, атырылуу.

2. Алга умтулуу, тездик менен алга жылуу.

3. Камынуу, даярдануу.

Күүлөнүп тулпар чамынат, Күбүрдөй көбүк жамынат (Токомбаев).
Ак жолборстой чамынып, Айкырып атка мингенде («Манас»).


Туздаш

Бирге ичип, бирге жеп жүргөн, даамдаш.

Эми туздаш болуп отурабыз (Жантөшев).
Кырк жигитим туздашым! Кыйноодо турат бир башым («Курманбек»).


Жайдары

Ачык-айрым, шайыр, көңүлдүү, маанайы ачык.

Айсалкын курбуларынан четтеп, жайдары мүнөзү өзгөрүп, суз болду (Каимов).


Таар

Жүндөн, кебезден ийрилген жиптен, кендирден калың согулган кездеме.

Таар кап.
Жерге салчу таар.
Жарды байкуш жакшырып,
Таардан жабуу жаптырып (Тоголок Молдо).


Кыча

Күчөө, ого бетер күчөө, кычаштык кылуу.

Жумуш күчөп турганда, жанагы Сатардын саякат деп кычаганы жакшыбы? (Таштемиров).
Суук шамал нымдуу кар бир жагынан кычап, жерди ылайлады (Сасыкбаев).


Улага

Иреге, эшиктин алды, үйдүн ичине кире бериш бөлүгү.

Төрдөн согулган жел отту кайра улага жакка жапырат (Баялинов).
Жамила улаганы аттап, төрдө отурган элге башын ийип, аларга урматын билдирди (Баялинов).

20 last posts shown.

122

subscribers
Channel statistics