Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian


Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Statistics
Posts filter


Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ал Кыргызстанда 2023-жылы күздөн бери жашырынып жүргөн.

УКМК 34 жаштагы киши оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде каракчылык кылууга айыпталганын билдирди. Жазадан кутулуу үчүн өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, укук коргоо органдарынан качып жүргөн.

Учурда ал ЖАКтын №21 мекемесине киргизилди.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Ит жол көрсөтүп... УКМК кызматкерлери М.Ж.Н аттуу жарандын жашаган жерин тинтип, бөлмөсүнөн жана короосунун баңгизат таап чыкты. Ал сурак учурунда “өзүм чегем” деп жооп берген.

Бирок анын үйү башка мамлекетке ташылган баңгизат үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турганы аныкталган.

Чекисттер эл аралык баңги каналына бөгөт коюп, шектүүнү камакка алышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Түндө Нарында жер титиреди

Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөө 20-апрелге караган түнү саат 2:29да катталган. Күчү Нарын районундагы бир нече айылда 3-3,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Каракол шаарында 350 орундуу оорукананын курулушу башталды

Долбоорго 600 млн сом бөлүнүп, аны 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Ооруканада консультациялык диагностика, хирургия жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр ачылат. Мындан тышкары, анын аймагында морг, кислород станциясы, откана, унаа токтотуучу жай, генератор орнотулат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Кутман таң, замандаш!

Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө 27, Таласта 25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 28, Ысык-Көлдө 19, Нарын жергесинде 21 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми Бишкек күндүн табы 24...26, Ош шаарында 25...27 градуска чейин көтөрүлөт.

Күнүңүз көңүлдүү өтсүн!

Видео:
@equestrian.only
@Sput
nik_Kyrgyzstan_KG


Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Мамлекет башчы Казакстанда 18-19-апрелде расмий сапар менен болду.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Президент Жапаров Астанадагы "Казакстан гарыш сапары" улуттук космос борборуна барды

Анда Казакстандын космостук жетишкендиктери, аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин иши көрсөтүлдү. Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, аппараттарды жасоо этаптары тууралуу айтып беришип, даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды.

Жапаровду космос борборунда Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов коштоп жүрдү. Алар эки өлкөнүн космос тармагындагы өнөктөштүгүнө да көңүл бурушту.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Буга чейин кармалган Акжолтой Тукунов эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду. Аламүдүн райондук соту анын колго түшүрүлүшүн мыйзамсыз деп тапкан.

Жогорку сот Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарын кармоо Кылмыш жаза кодексин одоно бузуу менен жүргүзүлгөнүн кабарлады.

“Соттун чечими менен Тукунов 16-июнга чейин эч жакка чыкпоого милдеттендирилди”, — дешти соттон.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


🇰🇬Эрназар Акматалиев да Париж Олимпиадасына жолдомо алды!

Балбан 65 килограммга чейин салмак категориясында беттешти. Алгач мөөнөтүнөн мурда ирактык спортчуну жеңип, андан кийин монголиялык атаандашын артта калтырды.

Финалга чыгуу үчүн Эрназар түндүк кореялык балбан менен күрөшүп, мыктылыгын далилдеди.

Ушуну менен азыр Кыргызстандын капчыгында жети лицензия болду.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Балбан Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо утту!

Бул эркин күрөш боюнча алынган биринчи жолдомо. Спортчу Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча лицензиялык турнирде 57 кг чейинки салмак категориясында ат салышып, жарым финалда акыркы 20 секундада монголиялык атаандашын жеңип алды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


“Баары кинодогудай көрүнөт, бирок чыныгы жашоодо аягы жакшылык менен бүтпөйт”. УКМК синтетикалык баңгизат саткандар боюнча социалдык видео жарыялады.

Атайын кызмат мындай окуялар тууралуу маалымат болсо, +996708314813 номерине (WhatsApp жана Telegram) чалууга болорун эскертти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн сом төлөп, абактан чыкты

Өкүмдү бүгүн Биринчи май райондук соту чыгарганын УКМК кабарлады.

Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирген 150 млн сомдук зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат жазып бергени маалым болду.
Тергөө уланып жатат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


"Мадина" базарындагы тамактануу жайлары ээлеринин макулдугу менен алына баштады

Мэрия алардын ордуна тротуар түшүп, жол реконструкцияланып, айланасы көрктөндүрүлөрүн белгиледи.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Токаев менен Жапаров Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты

Казакстандын президенти эстеликтин тургузулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгилеген.

рхитектуралык бул эмгек түрк элдеринин тамыры бир экенин айгинелейт. Бул — Манаска эле тургузулган эстелик эмес, казак менен кыргыздын түбөлүктүү боордоштугунун эстелиги. Өлкөлөр ортосундагы достук бузулбас болоруна ишенем", — деген Токаев.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Россиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам көрсөтөт

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды ӨКМ жеткирип келет. Жүк эртең жолго чыгары айтылды. Гумжардам тамак-аш, кийим-кече жана тиричилик буюмдарынан турат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Лавров биринчи жолу Украина менен Стамбулдагы тынчтык келишиминин айрым пунктуларын ачыктады

РФ ТИМ башчысынын айтымында, алар Украина үчүн НАТОнун 5-беренесине окшош, бирок маанилүү шарттары менен олуттуу коопсуздук кепилдиктерин карашкан.

- Украинада үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусунда эч кандай аскердик база же машыгуу болбошу керек болчу. Бирок гарант мамлекеттердин, анын ичинде Россия жана Кытайдын макулдугу менен гана жайгашуусу мүмкүн

- Украина үчүн коопсуздук кепилдиги Крым менен Донбасска тиешелүү эмес болчу. Тагыраагы, аларга тийбеш керек эле. Антпесе кепилдик иштемек эмес.

Бирок кийинки эле күнү Киевдин өкүлдөрү бул шарттарды өзгөртүүнү талап кылып чыгышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Sputnik, "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" басылмаларына маек берип, Россия Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүгө дайым ачык экенин билдирген.

"Украинада аскердик операция башталгандан кийин 2-3 жума өткөн соң украиналыктар Донбассты бомбалап, чектен ашып кеткенин түшүнүп, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаганда биз дароо макул болгонбуз", — деген Лавров.

Ал Киевге ишенич жок экенин айтып, Владимир Зеленский өзүнө-өзү сүйлөшүүнү тыюу салганын кошумчалаган.

ТИМ башчысы Россия сүйлөшүүлөргө даяр экенин дагы бир жолу белгилеп, бирок "Стамбул окуясынан" айырмаланып, диалог мезгилинде согуштук аракеттерде тыныгуу болбой турганын кошумчалаган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Акжолтой Тукунов Бишкекке жакын жерден кармалды

Ал коомчулукту массалык башаламандыкка чакырган материалдарды тараткан деп шектелүүдө.

“Экспертизанын корутундусуна ылайык, соцтармактагы билдирүүлөрдө массалык нааразылык акцияларына, башаламандыкка жана бийликти алмаштырууга үндөгөн белгилер бар”, — деп билдирди Чүй ОИИББинин маалымат кызматы.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду I даражадагы "Достық" ордени менен сыйлады

"Кыргызстан — тарыхый тамырыбыз бириктирип турган боордош өлкө. Кыргызстан биздин жакынкы жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Бул иште сиздин ролуңузду жогору баалайм”, — деди Токаев Жапаровго.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти болду.

Ал эми федерацияны буга чейин башкарган Рамис Жунусалиев вице-президенттин милдетин аткарары айтылды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

20 last posts shown.