Бисмиллахир-Рахмаан ар-Рахиим
ФИТР САДАКА▪️
Фитр садаканын аныктамасы:
Фитр садака - Рамазандын аягында бериле турган парз болгон садака, ал орозо кармаган адамды күнөө иш-аракеттерден тазалоо үчүн жана кедейлерге жардам берүү максатында берилет.
▪️Фитр садаканын далилдери Курандагы жалпы түрдө келген аяттар жана Сүннөттөгү далилдиги ачык-айкын болгон хадистер жана аалымдардын бир ооздон айткан келишими (аль-ижмаа').
Аллах Таала айтты:
«Чынында ким (зекетин, фитр садакасын берип) тазарган болсо, ал ийгиликке жеттти жана Раббисинин атын эскерип, андан кийин намаз окуган адам (да ийгиликке жетти)». 📙(Ал-а'лаа сүрөсү, аят: 14-15).
Ибн Умар, Аллах алардан ыраазы болсун, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазандын фитр садакасын ар бир мусулман үчүн парз кылды...». 📚(Бухари 1503, Муслим 984).
▪️Ал эми аалымдардын ижмаасына келсек, алар фитр садакасынын парз экенин бир добуштан макулдашкан.
Ибн Мунзир, Аллах аны ырайымына алсын, айткан:
«Алар фитр садакасы парз экенине бир добуштан макулдашкан жана адам өзү үчүн жана малы жок кичинекей балдары үчүн төлөй алган учурда ага парз экенин, ошондой эле адам өз кулу үчүн фитр зекетин төлөөгө милдеттүү экенине бир добуштан макулдашкан». 📚Ибн Мунзирдин "Ал-Ижмаа'" аттуу эмгеги, 55-бет, Ибн Кудаманын "Ал-Мугни" аттуу эмгегинин 4/280-бетине караңыз).
•
Фитр садакасын төлөө үчүн кандай шарттар бар ?▪️
Фитр садакасынын парз болушунун үч шарты бар:
Биринчи шарт: Ислам. Бул шартка ылайык, ар бир мусулманга фитр садакасы парз: эркин адам болобу, кул болобу, эркек болобу, аял болобу, кичинекей болобу же чоң болобу. Бул ибн Умардын хадисине негизделген, анда айтылат:
«Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айында ар бир мусулман үчүн фитр садакасын парз кылган...».📚 (Бухари, Муслим).
Ибн Кудама, Аллах аны ырайымына алсын, айткан:
«Жалпысынан, аалымдардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча, фитр зекети ар бир мусулманга парз, анын ичине кичинекейлер, чоңдор, эркектер жана аялдар кирет. Ал жетимдерге да парз жана аны камкордугуна алган адам анын малынан чыгарып берет».Экинчи шарт: Байлык. Бул, Орозо айт майрамы күнү жана анын түнүндө, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн күнүмдүк тамак-ашынан жана негизги муктаждыктарынан тышкары, бир сааъ өлчөмүндө байлыгы бар болуусу. Демек, байлык дегендин мааниси биз түшүнгөн байлык эмес.
Үчүнчү шарт: Парз болуу убактысынын башталышы, бул Рамазан айынын акыркы күнү күн батканда башталат, бул Шаввал айынын биринчи түнүнө дал келет, жана Орозо айт намазы окулганга чейин уланат.
Буга далил ибн Аббас, Аллах алардан ыраазы болсун, Пайгамбардан ﷺ риваят кылат:
«Ким аны намаздан мурда берсе, ал кабыл алынган закат болуп саналат, ким аны намаздан кийин берсе, ал кадымки садакалардын бири болуп калат».📚(Абу Дауд, Ибн Маажа ).
Жана ибн Умар, Аллах алардан ыраазы болсун, риваят кылгандай, аны Орозо айт намазынан бир же эки күн мурун берүүгө да уруксат берилет, анда:
«Жана алар (сахабалар) аны бир же эки күн мурда беришчү», деп келет.
📚(Бухари, Муслим).
Кимде-ким Фитр садакасын өз убагында бербей калса, ал адам күнөөкөр болот жана анын убактысы өтүп кетсе да төлөп берүүсү милдет.
•Фитр садака эмнеден берилиши керек жана канча өлчөмдө берилет?Фитр садака көпчүлүк Аалымдардын сөздөрүнө ылайык, адамдардын күндөлүк жеген тамактарынан берилет, мисалы: буудай, жүгөрү, күрүч, ун, курма ж.б.у.с. азык болуп эсептелген тамактардан берилет. Ооба, кээ бир аалымдар Фитр садаканы акчалай берсе да болот деп айтышкан, бирок эң жакшысы азыктан бергени, себеби азык менен берүүдө эч кандай талаш пикир жок.
Бул нерсеге төмөндөгү хадис далил болот.
Абу Саид ал-Худриден, Аллах андан разы болсун, риваят:
«Биз Аллахтын Элчисинин, Аллахтын ага салам-салаваты болсун, заманында Фитр күнү (Фитр садаканы) тамактан бир саа' өлчөмүндө чыгарчу элек. Абу Са'ид айтты:
«Биздин ошол замандагы тамак-ашыбыз арпа, мейиз, курут жана курма болчу».
📚(Бухари (1503), Муслим (984).
▪️Ал эми Фитр садаканын өлчөмүнө келсек, Фитр садакасы ар бир адам үчүн бир сааъ өлчөмүндө берилет. Бир сааь - болжол менен 3 кг өлчөмүнө барабар болот. Буга далил жогорудагы хадистерде эскерилди.
t.me/sunnotjolu