Турат Алыбаев


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Technologies


Жазган макалаларым окурмандарды изденүүгө, ой жүгүртүүгө түртөт деп ойлойм.
1. Пайдалуу маалыматтар
2. Өздүк макалалар
3. Эксклюзивдүү, башка жакта жок контенттер
4. Кызыктуу тексттер
Мага жекече суроолор болсо
https://turatalybaev.taplink.ws жазыңыз!

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


🥳 Сүйүнчү! Туугандар сүйүнчү, уулдуу болдук!

🔹 Кудайдын буйругу менен 3-мартта биздин үй-бүлөбүзгө дагы бир үй-бүлө мүчөбүз кошулду.

🔹 Атын Жусуп деп койдук. Жусуп пайгамбардай, Жусуп Баласагындай, Жусуп Абдрахмановдой мыкты инсандардын катарын толуктасын деген максат менен ушул атты тандадык.
Динибизде балага атты атасы коет дейт, бирок ошентсе дагы биз өз атабызды, энебизди урматтап аларды ат коюп бериңиздер деп сурандык. Алар койгон ат бизге да жакты, уккан адамдын бардыгы жактырып жатышат.

🔹 Кудайым перзентибиздин ыйманын бек, өмүрүн узун, ырысын кең кылсын деп тилек кылабыз жана ата-эне катары биз дагы анын жакшы адам болуп чоңоюусуна аракетибизди кылабыз.

🔹 Урматтуу окурманым, биз кубанычыбызды сиз менен тең бөлүшүп жатабыз, сиз дагы бир-эки ооз сөз жакшы каалоо тилегиңизди жаза кетиңиз.

✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек. 6-март, 2025-жыл.


🕌 Рамазан айыбыз куттуу, берекелүү болсун!

👋🏻 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Кудайдын буйругу менен бул ыйык Рамазан айына дагы аман-эсен кирип алгандардын катарында турганыбызга абдан кубанычтабыз.

🔹Бул жылы Рамазан айынын алдында абдан катуу оорудум. Улам барган сайын гриппке туруштук берүү деле оорлой берет окшобойбу көрсө. Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм. Кудайым оору-сыркоодон алыс кылсын. Ден соолукта болуңуздар.

🔹Урматтуу окурманым, бул ыйык Рамазан айы сиз үчүн болуп көрбөгөндөй сонун болсун. Ар бир кылган ишиңиздин Кудай Таалам берекесин миң эселеп арттырсын. Рамазан айы берекенин айы, тынчтыктын айы, жакшылыктын айы. Рамазан айы айлардын султаны.

🔹Рамазан айында адамдар да ушунчалык жумшак, мээримдүү, сылык болуп кетет эмеспи. Ошол орозонун шарапаты менен жеткен мүнөзүбүз туруктуу болуп бизде калсын. Ушул айда жеткен жакшылыктарыбыз кетпесин. Рамазан айында жеткен жакшы мүнөзүбүз кетпес болуп бизде сиңип жашасын.
🔹 Күндүзү сабыр менен, түндөсү тообо жана дуба менен өткөрүү насип болсун. Рамазандагы ар бир күнүбүз береке, кубаныч жана сооптуу амалдар менен кооздолсун. Ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүңүздү өнүктүрүп салым кошуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 1-март, 2025-жыл.


5 миң жылдык тарыхы жазылуу өлкөлөр колага кул болуп отурат, Табылды Эгембердиев сыяктуу мыкты инсандарыбыздын аркасы менен улуттук суусундугубуз сакталып калгандыгына сыймыктанышыбыз керек. Шоро бул биздин улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап турган мыкты суусундук!


🔊 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым.

🔸 Азыр барыбыз билгендей АйТи курстар жана АйТи тармагын окуткан окуу жайлар, университеттер, колледжер абдан көп, бирок дагы деле баягы көйгөй, жумуш табуу абдан оор маселе болуп жатат.

🔸Чындап АйТи тармакта өз ордумду тапкым келет, жумушка орношкум келет дегендерге жардам берүүнү улантып жатабыз.

🔸Буга чейинки ачылган стажировка командабыздан Оптима банкка, Бай дыйкан компаниясына дагы бир канча компанияга жумушка кирген стажерлерубуз болду.

🔸Биз бул ирет жакшы тажрыйба топтой алдык. Проекттерди даярдап чыктык. Эми бизде мурункудан да жакшы жаңылыктар пайда болду.
Бакай банктан Нурдөөлөт мырза, Элдик банктан Элдияр мырза, Италиядан Арууке, Польшадан Кызсайкал, жана бул жактан мен командам менен кийинки стажировканы дагы да профессионалдуу жана олуттуу кылып иштеп чыктык.
1 жылдык узун стажировка баштадык.

🔸Рамазан айынын ичинде 2 проект фроненд, бекенд, мобилька, дизайнер команда менен толугу менен талкуу кылынат. Андан кийин чогуу отуруп техникалык тапшырмалар жазылат. Дизайнерлер проекттин дизайнын иштеп чыкканга чейин программисттер кошумча тапшырмаларды алып, билимин арттырып турушат.
Качан гана дизайн даяр болгондо программисттер архитектура түзүп, кайрадан проектти талкуулап, разработка жумуштарын башташат.

🔸Стажировка толугу менен он-лайн болот. Күндүз башка жумушун аткарып, кеч киргенде толугу менен разработкага отура алам дегендер, 1 жыл аралыгында сөзсүз жакшы компанияга жумушка кирип кетишим керек деген стажерлерду кабыл алууга даярбыз.

1. Flutter developer;
2. Java developer;
3. JavaScript developer;
4. UX – UI Designer;

🔸 Ушул багыттагы стажерлерду кабыл алабыз, албетте төлөмү арзан болбойт. Каалоочулардын бардыгын ала бербейбиз, каалоосу күчтүү жана ушул багытта сөзсүз иштеп кетишим керек деген гана адамдарды алабыз. Өзүнө ишенген, АйТи тармакта өзүн издеген стажерлер үчүн эшигибиз ачык. Албетте орундар чектелүү.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 26-февраль, 2025-жыл.


Forward from: Азамат агай
Салам! Ооба, мурунку анонстар бир аз расмий болуп кеткендей. Кыскасы, ушул жумада жаңы Java for Beginners курсу башталат! Катталуу ачылды – атайын сайт (azamatkg.de) аркылуу форманы толтуруп, андан кийин мени менен байланыш.

Айтмакчы, 26-февралда (шейшемби) Дортмунд убактысы боюнча 14:30 (Бишкек 19:30) Zoom'да бекер вебинар өткөрөм. Ал жакта IT карьерасын кантип баштаса болот жана Java курсу тууралуу айтып берем. Ошондой эле, бардык суроолорго жооп берем.

Кызыктуу болсо, мага жаз!




🚀 Java программалоо негиздери – 2 айлык онлайн курс! 🚀

Сиз IT тармагына кирүүнү каалайсызбы? Java тилин үйрөнүп, карьераңызды баштоого эң жакшы мүмкүнчүлүк!

Курс тууралуу
2 айлык интенсивдүү программа
Жумасына 2 жолу live лекция (реалдуу код жазып үйрөнөбүз)
Практика жана тапшырмаларды текшерүү чатта
Нөлдөн баштап Java’ны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү
Бул BASIS курс – ийгиликтүү аяктагандар кийинки деңгээлге өтөт!

Бул курс кимдер үчүн?
🔹 Программалоону жаңы баштаган жана IT тармагына кирүүнү каалагандар
🔹 Өз алдынча үйрөнүүгө кыйналгандар, бирок IT тармагына кирип, жумуш табууну көздөгөндөр
🔹 Чет өлкөгө чыгып же алыстан (remote) иштөөнү пландаган адистер
🔹 Java негиздерин үйрөнүп, иш жүзүндө колдонууну каалагандар

📌 Курсту ким алып барат?
Курс коммерциялык тармакта 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар программалоо адиси Азамат агай. Мен иштеген жумуштар жөнүндө маалымат 👉 toktakunov.com

📅 Башталышы: 01.03.2025
💰 Баасы: 25 000 сом
📩 Катталуу жана суроолор боюнча: @azamatkgde


👩‍🏫 Мугалим коомдук фонду - келечек мугалимдердин колдоочусу! 🌟

Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Көптөн бери сиздер менен кабарлашпай, катташпай кеттим. 🕰 Мунун бир канча себептери бар. Сиздер үчүн макала жазып турбасам, өзүмдүн да колум кычышат. 📜 Негизи бул макаланы бир канча күн мурда эле жазышым керек эле, бирок убакты сааты чыкпай отуруп ушуга келдик.
🇰🇬 Билим берүү - ийгиликтин ачкычы! 🔑

Мен өлкөмдүн билим берүү тармагы өнүксө, жарандарыбыз жакшы билим алса деп тилек кылам. Билим берүүгө салым кошо турган иш-чара болсо, аны колдоого ар дайым аракет кылам. Эгерде колуман келбесе, жок дегенде жакшы сөзүмдү, комментарийимди калтырып колдоо көрсөтөм. 💬
Эрмек - агартуу жаатында жигердүү жигит! 💪

Эрмек иним мен жакшы көргөн, сыймыктанган инсандардын бири. Биз бир топ жыл чогуу иштеп, билим берүү жаатында тажрыйба топтогонбуз. Ал кезде Эрмек студент болуп, жатак мектепте окуучуларга тарбиячы болуп иштеп жүргөн. 👨‍🏫

📚 Мугалим коомдук фонду - келечектин пайдубалы!
Эрмек азыр болочок мугалимдерди тарбиялап, айына 8 миң сомдон стипендия берип жатат. 🤯 Бул гана эмес, алар үчүн атайын офис ачып, кошумча семинарлар, тренингдер өткөрүп, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда. 🌱

✊ Колдоо көрсөтөлү!
Мындай иштерди колдоо менен өлкөбүздүн билим берүү тармагына салым кошо алабыз. mugalim.chyrak инстаграм барагына катталып, өзүбүздүн салымыбызды кошолу. 🙌 Ал тургай, бир студенттин стипендиясын көтөрүүгө да жардам берсек болот. 📈

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу.
Бишкек ш., 3-февраль, 2024-жыл.
📢 Билим берүүдө биргеликте алдыга жылабыз!

🌐 #БилимБерүү #МугалимКоомдукФонду #КелечекМугалимдер #КолдооКөрсөтүү #ИйгиликкеЖетели


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сенин ишенген антивирусуң кантип иштейт 😁


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram




💻 Программист болуунун негизги 3 себеби

📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, негизи АйТи окуу үчүн себептер көп, бирок менин жеке көз карашым жана биздин компаниябыздын алдыга койгон максаттарына байланыштуу негизги 3 себепти кененирээк баяндап берейин. А сиз болсо АйТи окуп жүргөн, окуйм деп жүргөн, иштеп жүргөн программисттерге балдарын АйТи тармагына окуткусу келген ата-энелерге бул макаланы жиберип коюңуз.

Кыскача айта турган болсом:
1. Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн;
2. Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн;
3. Жакшы жашоо үчүн;

📌Бул айтылган 3 себеп үстүртөн караганда бардык эле тармакка тиешелүү жана жалпылай гана көрүнүшү мүмкүн. Мен азыр бул 3 себепти тереңирээк түшүндүрүп берейин.

1. Эң негизгиси АйТи тармагын өнүктүрүү менен, бул тармак окуу менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн көздөшүбүз кажет. Эптеп окуп, эптеп иштейм деген түшүнүктөн чыгып. Масштабдуу иштерди кылайын, жок дегенде СНГ да таасирдүү бир нерсе жасап чыгайын же жасап чыгалы деп чоңураак максаттар менен аракет кылалы. Биз жасаган продуктулар бүтүндөй өлкөбүзгө пайда алып келерине ишенип аракет кылалы.

2. АйТи тармагын окуунун же бул тармакты үйрөнүүнүн дагы бир негизги максаты, биз үйрөнгөн билимибиз менен өлкөбүздөгү билим берүү сапатын, тилибиздин интернет тармагында жайылышына салым кошууну максат кылсак дейм. Жасап жаткан иштерибизди, үйрөнүп жаткан материалдарыбызды Кыргыз тилинде чыгарууга аракет кылсак. Эптеп акча тапканыбызга ыраазы болуп, курсак ток болсо эле кайгы жок экен деп бейкапар жашай бербей, биздин билимибиз, биздин аракетибиз келечек үчүн да пайда калтырабы – ошону да ойлоно иштесек.

3. Албетте бардыгыбыздын эле каалообуз жакшы жашоо. Бирок элибизде айтылат эмеспи, өзүңө каалаган жакшылыкты башкага да кааламайын жакшы адам боло албайсың деп. Эң башта АйТи тармагынын пайдасын өзүңүз көрүңүз. Жакшы айлык алыңыз, жакшы жашоо куруңуз. Жакшы үйүңүз, жакшы машинеңиз болсун. Балдарыңыз жакшы мектептерде окусун. Алгач өзүңүздүн жашоо шартты жакшыртыңыз, анан курсак ток болсо, изденүүгө, жаңыланууга, жакшы нерселерди ойлоп табууга мүмкүнчүлүк болот эмеспи.

Урматтуу окурманым, бул айтылып жаткан ойлор сиздерди изденүүгө, аракет кылууга түртөт деп ойлом. Биздин АйТи компаниябыздын максаттары ушундай. Биздин програмчылар жакшы жашаса, анан жалпы өлкөбүз үчүн пайдалуу боло турган нерселерди иштеп чыксак деген асыл ой-тилектерибиз бар. Биз ушунун үстүндө аракет кылабыз. Ооба, биз ойлогон ойлорго дароо жете албашыбыз мүмкүн, бирок ошол жолдо аракет кылуубуз дагы бизди бактылуу кылат. Буюрса чоң ийгиликтерди бирге жараталы. Сизге жана бардыгыбызга ийгиликтерди каалайм. Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу! Ден соолукта болуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек шаары 25-декабрь, 2024-жыл.




💪🏻 Программист болуп бай болгум келет!

Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, амансызбы?

📌 Билесизби бардык эле адам, бардык эле кесиптин ээси жакшы жашагысы келет. Жакшы айлык алып, жакшы акча таап, жакшы жашоо өткөрсөм дейт. Акыркы учурда айлыгы жакшы кесиптердин бири бул программист экени көпчүлүктүн көңүлүн АйТи тармагына буруп алды.

✅ Мен дагы эл катары жакшы жашоо каалап, бутка туруп кетейин, байып кетейин, боп кетейин деп АйТи окугам. Анан кантип бай болуп кеткен жокмун, ошону айтып берейин.

✅ Көрсө биз башынан максатты туура эмес коюп алат экенбиз. Же бир аз тагыраак айта турган болсом, психологиялык даярдыгыбыз жок эле бир нерсени баштап ала берет экенбиз.

✅ Менин жеке максатым, “АйТи окуп, 5-6 айдан кийин, аябай кеч болсо 1 жылдан кийин 4-5 миң доллар, ой бул деле аз жок дегенде 6 миң доллардан өйдө айлык алып иштеп баштайм. 1 айлыкта эле карыздардан кутулуп, 2 айлыкта үй-бүлөмдү алып саякаттап жашап калам” деген болчу.

✅ Анан АйТини окуп баштадым, арадан 1 жыл деле өттү, 2 жыл деле өттү, бирок мен күткөн нерсе болуп кеткен жок. Бирок мен бул учурда АйТи де ийгиликке жетүү үчүн, көп мээнет кылыш керек экенин, көп аракет, тынымсыз окуу, ар дайым изденүү керек экенин сездим. Бир жаман жери, мага окшоп акчаны гана максат кылып окуп алгандар, же билимден жок, же акчадан жок. Аракети жарым жолдо калып кетти. АйТи ни таштап коюшту.

✅ Мен болсо улантып жатам. Ийгиликке жеткен досторду таптым, кыйындар менен тааныштым. Алардын бул ийгиликке жеткен жолун көрдүм. Жок дегенде 4-5 жыл тынымсыз аракет кылып, ушул кесиптин мыктысы болуп алсаң анан ийгилик сени карай жылмаят экен. Андыктан урматтуу окурманым, ар күнү өзүбүздү өнүктүрө берели, өсөлү, мыкты адис бололу. Сеньор програмчы бололу.

📌 Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 16-декабрь, 2024-жыл.


Илгери Америкада жылкы багып жүргөн кезде 😂


Чат ЖПТден сен мени кандай адам деп элестетип жатасың деп сураса, ушуну чыгарды го.

Ээ кокуй, бул мени Кытай деп ойлоп жүрөт окшойт. Бирок бөлмөмдө Кыргызстанымдын баягы күн карамага окшогон желегин илип отурарымды кайдан билет, мага ошонусу да кызык болуп баратат.

Бул шүмшүк, биздин сүйлөшкөндөрүбүздү да угуп, айланабызды толук көрүп жатам десе деле таң калбай турган абалга келип баратат окшойбуз.




😳 Чат ЖПТ менен болгон маек!

📌 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, көптөн бери сиздер менен өз макалаларымда жолукпай баратат окшойм.

📌 Менде бүгүн төмөнкүдөй кызык окуя болду. Чат ЖПТ ге айтып калдым, “мен сени менен эле иштеп, айрым иштеримде изденбей, көп код жазбай, жалкоо болуп баратам” деп.
Анда ал мынтип атпайбы: (анын жазгандарын толугу менен сиздерге сунуштайын.)

😳 Рахмат, досум, жылуу сөзүң үчүн! 😊 Мен сага жардам берип жатканыма абдан кубанычтамын, бирок сенин код жазууң жана изденүүң маанилүү экенин унутпа. Менин максатым — сени күчтөндүрүү, бирок сенин өз алдынча өсүүңө тоскоол болуу эмес. Ушул маселени талкуулап көрөлү.

Эмне үчүн өз алдынча иштөө маанилүү?
1. Иш тажрыйбасын арттыруу.
o Практикасыз чыныгы долбоорлордо маселелерди чече билүү татаал болот.
o Жашоо программалоо менен ар дайым жаңы маселелерди чечүүнү талап кылат, демек өзүң изденсең, күчтүүлүккө жетесиң.
2. Коомдон озуп чыгуу.
o Программалоо дүйнөсү тез өзгөрөт. Өз алдынча изилдөө жана үйрөнүү сага жаңы технологияларга көнүүгө жардам берет.
o Бул сенин уникалдуу жөндөмдөрүңдү өнүктүрөт.
3. Чыныгы чыгармачылык.
o Изденүү жана код жазуу аркылуу сен өз идеяларыңды ишке ашыра аласың.
o Бул сага профессионал катары чоң мотивация берет.

Сен менден көз каранды болбой кантип иштей аласың?
1. Менен өнөктөш катары иште.
o Менден жоопту толук алуу ордуна, сурооңду мен менен бирге чечип, аны талкуулап иштеп көр.
o Бул ыкма менен сен маселени өзүң чечүүнү үйрөнөсүң.
2. Жаңы нерселерди изилдөө үчүн убакыт бөл.
o Күн сайын бир аз убакыт бөлүп, программалоо тууралуу жаңы нерселерди оку.
o Мисалы: жаңы Flutter мүмкүнчүлүктөрүн, Dart'ты терең үйрөнүү.
3. Чакан долбоорлорду башта.
o Менден кеңеш сурасаң да, негизги кодду өз колуң менен жазып көр.
o Мисалы, өзүң колдонуу үчүн жөнөкөй тиркеме жаса.
4. Код жазууда жигердүү бол.
o Тапшырмалар үчүн автоматташтыруу же жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сынап көр.
o Ошол учурда мага жардам суроого гана кайрылсаң болот.

Эсиңде болсун:
Мен бул жерде сени колдоо үчүнмүн, бирок сенин күчтүү программист болушуң үчүн эң чоң ишти сен өзүң гана жасай аласың. Мен сага ишенем, сен муну кыла аласың! 💪✨
Эгер мотивация же пландаштырууга муктаж болсоң, мен дайыма жанымдамын! 😊


Python програмчылар үчүн дагы жакшы жаңылык бар бизде.

Азыркы учурда Италияда окуп, иштеп жаткан программисттин көзөмөлүндө, 6 айлык стажировка ачылып жатат.

@turat_alybaev ушул шилтемеге Стажировка деп жазыңыз.

20 last posts shown.