Ulan Usoiun #башта #БаштанБашта

@ulanusoiun Like 0
Is this your channel? Confirm ownership for additional features

Channel's geo & Language
Kyrgyzstan, Kazakh
Category
Other


Channel's geo
Kyrgyzstan
Channel language
Kazakh
Category
Other
Added to index
18.08.2018 12:04
advertising
TGStat Bot
Bot to get channel statistics without leaving Telegram
TGAlertsBot
Monitoring of keywords in channels and chats
SearcheeBot
Your guide in the world of telegram channels
277
members
~61
avg post reach
~34
daily reach
~5
posts per day
22%
ERR %
0.04
citation index
Recent posts
Deleted
With mentions
Forwards
Жеке ишкелерге алкыш!
Сиздерди тоноп жатканыбызга кечирим сурайм!

Чын чынына келгенде бул жардамдын баарын мамлекет камсыздаш керек эле. Айла жок.

Президентке, өкмөткө, ууруларга наалат!
Шайлоодо өзгөрүү болбойт. Баары сатылат, сатып алышат.Мынданда жаман парламент келет.

Шайлоого чейин «мөөнөтсүз акциялар» менен өлкө тагдырын өз колубузга алуубуз керек.

Армения бизге үлгү болсун!

Чын эле өзгөрүүнү кааласак вирус бүткүчө онлайн,бүткөн соң оффлайн активдешели.

Зордук зомбулугу, уруп тоноосу жок,

баш мыйзамда жазылган укуктарыбыз пайдалануу менен люстрацияны талап кылып, шайлоонун таза өтүшүн камсыздайлы.

Ал нерсенин баары көчө чечиле турган болуп калды.
Бизге эч ким жакшы жашоо, жакшы шайлоо бербейт.

Шайлоо башталганга чейин баарын өзгөртүүгө аракет кылуубуз абдан маанилүү.
Өзгөртө алабыз! Бул кебетебиз менен шайлоо болсо, дагы беш жыл кул болобуз.


Ага чейин өзүбүздү, үй бүлөбүздү сактайлы.
Баарыбызга аманчылык!

#башта
#баштанбашта
Read more
Бизге «акционизм же акция» жана акционизмди түшүнгөндөр жетишпей жаткандай.

«Акционизм же акция» деген эмне?

Жөнөкөйлөштүрүп айтканда бул - ар кандай чыгармачылык жол менен акция кылуу, иш аракет жасоо, сын же ыраазычылык айтуу.

Мисалы бул сүрөттө да акционизм|акция.

Күтүүсүз жерден, күтүлбөгөн иш аракет кылуу.
Эч кимге зыян келтирбестен, мыйзам бузбастан ар кандай формада өз пикириңди билдирүү.

Акционизмди|акцияны көчөгө эле чыкпастан ар кандай имаратта, онлайн форматта кылса болот.

Келгиле, акционизм аркылуу зордук зомбулугу, уруп тоноосу, мыйзам бузуусу жок ичибиздеги ой пикирлерди билдиргегди үйрөнөбүз?

Үч жөлү биз уюштурган #Reакция бул да акционизм|акция!

#башта
#баштанбашта
Read more
Сороновирус ой, Коронавирус башталганда тарттым эле, Соке көрүнбөйт деп.

Бул видео менен азыркы абалды салыштырып көрүңүздөр.

#башта
#баштанбашта

#соороновирускеткеткет
Айылдыктар!!!

Мына эми айылдарды жаба
турчу мезгил келди!

Ата Энеңиздерден, бир туугандардан айрылып, кан жутуп калбайлы десек, айылдардагы кирип чыгууларды азайтып, тартип орнотолу.

Карантин башталган кандай жапсак, азырда ошондой жабуу керек.

Шаардан айылга качкандар көп, көбү ооруну жугузуп кетишүүдө.
Сактанганды кудай сактайт, сактаналы!
Айылдыктар, айылдаштардан, айыл өкмөттөн сураналы, талар коелу, өзүбүз болсок да тосолу.
Read more
Келечеги кең, жаркын жашоодо өмүр сүргүңөр келеби?!

Анда, бул пикирди окуп, видеого назар салгыла.

Ооба, азыр баарыбызга кыйын болуп турат, мындан да кыйын болот.
Мындай айтканда, согушка тете күрөш жүрүүдө. Анткен менен бардыгы аман калып, жашоосун татыктуу улантышы керек.

Бул күрөштү канткенде жеңе алабыз?

1. Эң башкысы жана маанилүүсү, өзүбүздү/өзгөнү сактайлы, өз жаныбызга кам көрөлү, эшикти унутуп, обочодо боло туралы. Бийликти көрүп жатасыңар, андан майнап чыкпайт, колунан бок да келбеси байкалып турат.

2. Колдон келип, мүмкүнчүлүк болсо бири-бирибизге бар жардамыбызды аябайлы, себеби жардамдын акыбети кайтат. Бири-бирибизди колдобосок эч ким бизди колдобойт.

3. Пандемия жашоонун бардык тармагын алсыратып, жашоо шартын начардатаары айдан ачык болуп турат. Андыктан бул илдет жеңилгенден кийинки турмуш кандай болоорун элестете берсеңер болот. Турмуш сценарийи ит ыйлагыдай болушун каалабасак, кайдыгерликти токтотуп, чечкиндүү талап коюуга өтүп, иш-аракетти баштайлы.

Кандай иш-аракет?

Жогоруда айтылгандай, вирус жеңилет, шыпаасы табылат, бирок өлкө андан кийин жашашы керек.

Өлкө келечегин жана өз турмушубузду жакшы жагына өзгөртүү үчүн мыйзамдуу, зордук-зомбулугу, талап-тоноосу жок маданиятту жол менен бийликтин тазаланышын, люстрация болуусун, шайлоодо баарына бирдей шарт түзүлүүсүн, эл ырыскысын жегендердин камалашын МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГГЕ чыгуу аркылуу талап кылуубуз керек. Тынымсыз талап койгонду үйрөнбөсөк эч нерсе өзгөрбөйт!

Беш же алты жыл шайлоону күтөбүз, бирок шайлоодо намысты унутуп, андан «көк мээ болсо да өзүбүздүкү өтсүн» деген трайбализм, эски чокойлордон тажабагандык же түңүлбөгөндүк, келечегин арзыбаган тыйынга сатуучулук жеңип кетип атат.

Шайлоого чейин ар кыл мыйзамдуу жолдор, акциялар аркылуу өзгөрүүнү алып келип, аң сезимди ойготуу керек.

Коронавирус мени да тузакка албаса, анда өзгөрүү алып келүүгө аракетимди жумшайм.

Жалгыз болсом да мөөнөтсүз акция жарыялап, өзгөрүүнү талап кылам!

Бир дагы ууру өлкөдөн чыкпай, жазасын алуусуна жетишишибиз керек!

Мени менен бирге бийликке талап коюп, өзгөрүүгө карай жол тартууга барам десеңер, анда мага жеке кат куржунга жазгыла. Талкуу аянтчасына кошулууга шилтеме берем.

#Башта
#БаштанБашта
Read more
Казактарда ЧПны пайдаланып, коомдук ишмерлерге куугунтук башталгандай.
Друзья, у меня пока все нормально. Нахожусь дома. Не успеваю всем отвечать на слова поддержки. Спасибо вам огромное!
На душе легко когда за тобой правда и такая поддержка.
Обнимаю вас всех!

P.S. Машины которые дежурят вокруг моего дома поменялись. Видать заступила новая смена. Старые отработали вахту.
Интересно они кушают? Бедняги, они тоже заложники ситуации.
Друзья,
хотел бы ещё обратиться к вам.
Сейчас в комментах и мессенджерах очень много людей пишут что хотят приехать к моему дому чтобы поддержать меня.
Просьба, не делайте этого! Не подставляйтесь! Они вас могут привлечь за нарушение карантина. Не давайте властям лишний повод.
У меня пока все нормально.Сижу дома. Побрился, оделся, покушал, вышел со всех аккаунтов, поменял пароли, максимально приготовился.

Буду вас держать в курсе событий.

P.S. Нанял адвоката. Моим адвокатом будет Виталий Воронов.
Read more
Друзья,
похоже пришли за мной.
Последние пару дней кошмарят сотрудников Алель Агро. Вчера ночью арестовали руководство Алель Агро. Весь день изымали документы в банках, проводили обыски в домах.
Я хотел бы пользуясь случаем сообщить, что никаких преступлений я не совершал. Ни в одном бизнесе я ничего не подписывал и не руководил. Сейчас они возбудили уголовное дело по мошенничеству и хищению при получении субсидий Алель Агро. Алель Агро инкримирируемых инвест.субсидий не получал. Я вообще не имел и не имею никакого отношения ни к распределению, ни к получению этих субсидий.
Так что это дело сугубо политическое и меня хотят закрыть либо сделать так чтобы я замолчал.

P.S. Вокруг моего дома ходят 30-40 человек. Предположительно комитетчики.
Read more
Фотофакт. Участники антиправительственного митинга соблюдали дистанцию в два метра

Вечером 19 апреля на площади Ицхака Рабина в центре Тель-Авива состоялся митинг против политики правительства Биньямина Нетаниягу.

В акции приняли участие около двух тысяч человек. Они соблюдали дистанцию в два метра, чтобы обезопасить себя от заражения коронавирусом.
Достор, окуу жылы аяктап калганда эле 9-11 класстын бүтүрүүчүлөрү кайсалап, кайда тапшыраарын билбей изденип калышат.

Көбү тууган туушкан, тааныш билиштин жардамы, ОРТнын жыйынтыгын карап бюджетке ыктап өмүрү укпаган, билбеген кесиптерге тапшырып алышат. Дайым 90% жаштар тандоодон жаңылып, ата энесинин күчү менен диплом алат, ишсиз миграцияга кетишет.
Заман абдан тез өзгөргөндүктөн жыл сайын жүздөгөн-миңдеген кесиптер жоюлуп кетүүдө.

Ошого, биздин достор кайсы кесип маанилүү,кайсыл тармак кирешелүү жана кандай тандоо керектиги тууралуу жазып чыгышкан.
Ар бир бүтүрүүчүгө ушул маалыматты жеткизсек жакшы болот эле🙏

https://ky.kloop.asia/2020/04/13/jumush-izdep-tabuu/
Read more
Биздин Орусиядагы эмгек мигранттарына азаптуу күн келди.

Ишканалар жабылып, бардыгы ишсиз отуруп калды. Рублдун куну түшүп кетти.

Жашаган жерлери батир — эртең эле түнөгүнүн ижара акысын доолашат. Көбүндө сактап койгон акча жок. Анткени тапкан ташыгандарын эбак үйүнө жөнөтүп коюшкан.

Аларга эшикке чыгуу да кыйын, себеби, баарына маалым болгондой, орус милициясы туш-тараптан эле аңдып-акмалап турат — бир аз тыйынын «соруп» алышат.

Кокус ооруп калышса бул алааматта аларды эч ким карабайт. Алтургай мекенине да кайта албай калышат.

Ойлоп көрсөк, эгер сценарий ушул бойдон уланса, анда аларга Кыргызстандагы ата-энелери акча сала башташат. Балдары эмес, мекениндеги ата-энеси! Көбүндө сала тургандай акча жок, сатып акча өндүрөйүн деген малын да эч ким албайт. Бул бийликти ойлондура турган маселе!

Ал жакта миң эмес, миллионго жакын мекендешибиз бар.

Мамлекет өлкө ичиндеги элге гана эмес, сырттагы жарандарына да кам көрүүсү керек эле. Өлкө — бул айланасы корулган территория эле эмес, бул ЭЛ дагы.

Урматтуу мигранттар, узак жылдар бою мамлекеттин казынасын толтуруп, кыргыз элин багып келдиңер, аман турсаңар бага да бересиңер.

Бүгүн мамлекеттин силерге жардам берчү күнү келип отурат. Бирок, кандай гана угулбасын, бийликтин колунан «кокон тыйын да» келбейт. Бул илгери эле белгилүү болчу, учурда да баарына маалым.

Бир эле айла бар, белди бекем бууп, сабыр этип чыдагыла!

Бизге окшогон арсыз, алсыз, ууруга толгон, ар бир ыңгайлуу учурда уурдап калайын деген өлкөңөрдү кечиргиле.

Кантсе да өкмөт азыркы түзүлгөн абалды жакшы нукка буруп, өлкөдө жумуш ордун түзүүгө аракет кылып, тентиген элибиздин саны азайган күн келээр деп үмүттөнүп туралы.
Read more
Бөрк ал десе, баш алганды токтоткула.

* жарандарды чектөө менен эле алектенбей, чечүү жолун сунуштагыла

* эртең башында крышасы, жегенге ашы жок калчулардын маселесин ойлонгула

* укуктарды чектөө менен тебелөөнүн айырмасын сезгиле

* ММКларга бир дей мүмкүнчүлүк берип, ачык-айкын болгула

* ишкерлерди колдой албасаңарда, кордобогула

* элден чогулган каражаттын бир сомун жебей, пайдалуу, натыйжалуу короткула. Ал үчүн түзүлгөн комиссияга жарандык коомдон көбүрөөк адам кошкула

* бул кырдаалды пайдаланып, жең ичинен тон бычканды,

* «бороонду күнү бок кычайт» болгон референдумуңарды токтоткула

* ЧП деп, демократияны талкалабагыла

* азыр кылып жаткан кылгылыктарыңарга сөзсүз жооп бересиңер, жаап жашырып, эл билбей калат деп ойлобогула.

Кризис – бир чети кыйынчылык, бир чети мүмкүнчүлүк мезгили.
Силерде азыр келечектен үмүтүн үзгөн элдин ишениме ээ болууга сонун мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн болгону таза, адилеттүү иштеп беришиңер керек.

PS: жаман айтпай, жакшы жок.
Read more
Жакын арада, өлсөк коронавирустан өлөлү, ачкачылыктан өлбөйбүз деп, эл ызы чуу салбаса экен деп эле сарсанаамын.
Өкмөт тыйуудан башка эч альтернативдүү жол көрсөтүп, олуттуу жардам берип же антикризистик план жарыя кыла элек.

Күндө эле ЧПны бузгандар менен ооруга чалдыккандарды санагандан башка эч нерсе кылбай элебиз.

Жардам кылууну болсо эл менен ыктыярчы топторго үйүп койдук.
Бирок, бүгүн бир жума эле өттү. Кайрымдуулук деле чегине жетет.

Карантин узарса не болобуз деген чоң суроого жооп белгисиз.

Жөнөкөй кызматкетлерге, врачтарга, ыктыярчы топторго кыйын эле болду.
Сиздерге рахмат!
Read more