Баян Акматов


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Блоги


Чыгармачылыгым тууралуу сиздер менен бөлүшкүм келет. Себеби мен силерди жакшы көрөм.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


Сүрөт
Тарталбай жүрүп сүрөттү
Таарынттым окшойт жүрөктү
Таланттарым ичтеги
Тартыша берип жүдөттү

Жаз, жай өтүп күз кирди
Күз өтүп кайра кыш кирди
Бир алып жүрүш оңойбу?
Шишкин менен Пушкинди

Ойлорго батам жүдөсөм
Жүдөсөм дагы күрөшөм
Баарына бирдей жетишкен
Сүймөнкул кыйын киши экен

Жайылат качан чоң барак
Жайылган сымал чоң канат
Жакшы бир сүрөт тартсам деп
Жашоодо жүрөм жол карап

Сыяга суусап кол дагы
Сыр дайра болуп ой дагы
Дартымды айыктырсам дейм
Да Винчи болбосом дагы

Өмүрүн издеп көп бардым
Өнөрпоздорго көз салдым
Башаты баардык өнөрдүн
Сүрөтчү экен деп калдым.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram














Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram








Оңду солду карангыча эле ойдо жок иштер болуп ойлонгонго да убакыт аз😊. Эмгек сиңирген ишмер кайсы? Эмгек сиңирген артист кайсы? экенин алигиче аңдап биле албай жатам.

Мага чейин мээнети сиңгендерден озунуп алып, адепсиздик кылсам кечирим сурайм. Мурдагы замандай чайга чакырып, чөнтөгүн кампайтып, Чыңгызхан досум айтмакчы паластын асты менен алган жокмун Кудай акы… өзүм деле түшүнбөй калдым.

Манас театырынын ачылышы болду. Кудай кут кылсын. Бул имараттын ачылышына ар ким физикалык көмөгүн көргөздү. Кудайдын буйругу менен ачылды. Кубат Тукешов экөөбүздүн дагы метафизикалык көмөгүбүз бар…. Анын сырын ачпай эле койойун😊.

Барган сайын президентиме сый урматым өсүп баратат. Сыйлык бергенден улам эмес😊. Пахтакорсуң деп патыратып жүрбөгүлө. Кайран кишинин жаны тынбайт экен. Сүйлөсө так, кыймылы чапчаң, эрктүү жана башка…
Баатырлардын далайын,
Баракелди!!! Өлтүргөн дейт. Көз тийбесин.

Анан дагы Манасчы менен Акындар Курманкул Зулушев мырзага ченебей рахмат айтсак болот. Кайсы айтышыбыз болбосун калбай, өбөк-жөлөк болуп келе жатат. Азыркы имаратыбыздын идея-адреси ошол инсанга такалаарын баары билсе керек. Чооң ырахмат мырзам!!!

Ошоооол… Сыйлык ала элегиме көөп убакыт болуп кетиптир. Аш кыла албай, улам сайын ыктытып. Муздак суудан кайталап жутуп, баракчамды карап, ким кандай тилек айтты деп😊. “Ну погоди” мультфильминдеги шарик жуткан карышкырдай кампайып отурам. Тамашасы менен. Баары бир пенделик да.

Биз Театр ачып чардап атсак, коңшу өлкөлөрдү суу каптап атса ичиң ооруйт экен. Апаат кырсыктан сактасын. Казак элибизде аманчылык болсун. Биз дайым биргебиз.

Башка эмне дейм. Бүгүнкү күндөгү эмоциялуу учурдан жылуу салам жолдодук. Рахмат баарыңыздарга.






Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram

Показано 17 последних публикаций.