*🌴4-КҮН🌴*
*💫АЛЛАХТЫН ЖАКШЫЛЫГЫ💫*
БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ
*🌴АЯТ: “Эй, ыйман келтиргендер! Шайтандын жолуна түшпөгүлө! Ким шайтандын жолуна түшсө, ал ( шайтан ) сөзсүз түрдө тыюу салынган жаман иштерге алып барат. Эгер силерге Аллахтын жакшылыгы, мээрими болбогондо, эч бириңер, эч качан ( күнөөдөн ) тазалана алмак эмессиңер. Аллах өзү каалаган пендесин ( күнөөлөрдөн ) тазалайт. Аллах бардык нерсени Угуучу, Билүүчү!”* (*“Нур”* сүрөсү: 21-аят).
*🌴ХАДИС:* Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз ( саллаллаху алайхи васаллам) нур жүздүү сахабасы Азирети Усманга кайрылып: *“Аллахтын жакшылыгы болуп эсептелген бейишке аракет кыл! Мен сага жана бүтүндөй адамзатына туура адал жолду көрсөтүү үчүн жиберилгем”* деген. ( Ибн Саад, Табакат: 3/55 )
*🌴ОКУЯ: АЛЛАХТЫН ЖАКШЫЛЫГЫ ЖАНА ЫРАЙЫМДУУЛУГУ*
Зайд ибн Халид ( р.а. ) аттуу сахаба мындай дейт.
Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз ( с.а.в. ) Худайбияда түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин таңкы багымдат намазын окутуп имам болду. Намаздан кийин жамааттын алдына чыгып:
*- Жараткан Эгеңер эмне дегенин билесиңерби?* - деди.
Жамаат:
*- Эң туурасын Аллах жана Анын Элчиси билет,* - дедик.
Анда Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз ( с.а.в.) ошондо мындай деди:
*- Аллах Пенделеримдин бир бөлүгү момун-мусулман, бир бөлүгү каапыр болуп түнөштү. Бизге Аллахтын жакшылыгы, ырайымдуулугу менен жамгыр жаады дегендер мага ыйман келтирип, жылдыздардын четке каккан ( б.а., жамгырды жылдыздардын жаадырганына ишенбеген ) момун-мусулман катары, ал эми Бизге баланча жылдыздардын аркасы менен жамгыр жаады дегендер мага ыйман келтирбей, жылдызга ишенип ( б.а., жамгырды жылдыздардын жаадырганына ишенип ) каапыр болуп түн өткөрүштү! деп айтты деди*
*📘Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”*
https://t.me/tandalganhadister_kg•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•
ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР