🌿Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн аялдар.
Биз тирүү кезинде бейишке кирери тууралуу сүйүнчүлөнгөн сахабаларды жакшы билебиз. Алар менен катар эле бейишке кирүүсү айтылган сахаба аялдар да бар. Болгону, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) он сахабаны бейишке кирет деп ачык-айкын айткан болсо, башка кээ бир сахабаларды кыйыр түрдө айтып кеткен.
Мына ошондой сахаба аялдардын биринчиси Хадича энебиз. Пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Жебрейил периште келип: "Ага (Хадичага) Жаратуучусунан жана менден салам айт! Бейиште ага тиешелүү үй бар экенин айтып сүйүнчүлө. Анда душмандык да, ызы-чуу да жок" - деп айткан. (Бухари, Муслим).
Экинчиси, Фатима (Алла андан ыраазы болсун). Буга далил, Пайгамбарыбыздын: "Бейиштеги аялдардын канышасы болууга ыраазы эмессиңби" - деп айткан сөзү. (Муслим).
Үчүнчүсү: Анас бин Маликтин энеси Умму Сулайм (Алла андан ыраазы болсун). Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде анын бейиште болорун айткан.
Төртүнчүсү: Кара аял. Бир жолу Бин Аббас (Алла андан ыраазы болсун) бир кара аялды көрө калып: "Бул аял - бейиштик" - деп айтат. Андан кийин сөзүн улап: "Бир жолу бул аял Алланын Элчисине келип: "Оо, Алланын элчиси! Менин талма оорум бар, мага дуба кылыңыз, айыгып кетейин" – деди. Алланын Элчиси: "Эгер сен сабыр кылсаң, бейишке киресиң" – деди. Тиги: "Мен сабыр кылам, бирок талып калган кезде дене-мүчөлөрүм ачылып калат экен. Мага дуба кылыңыз, жыгылсам да ачылып калбайын" – деди. Пайгамбарыбыз ага дуба кылды. Кийин ал талып жыгылса да, ачылып калбай турган болду".