https://islamqa.info/ar/23328 الغيبة وكفارتها - الإسلام سؤال وجواب
🪶 ГЫЙБАТ ЖАНА АНЫН КАФФАРАСЫ
❔СУРОО:
➡1. Бир адамды "тилин кармай албайт" деп жаманат кылуунун өкүмү кандай?
➡Алар жөнүндө кимдер жана эмне деп айткандарын кабарлашым керекпи?
Окуя мындай болду: Бирөө тууралуу ким жана эмне дегенин айтпай, ошону айткан адам "тилин тишинин артында кармай албайт" деп айтты. Башка эч нерсе кошкон жок.
➡Бир адамды айтпаган нерсеси үчүн күнөөлөө мүмкүнбү?
Бул адам күнөөсүз болушу мүмкүн, бирок азыр анын аброю түшүп калды.
"Тилин сактай албайт" деп күнөөлөнгөн адамдын дарегине айтылган айыптоолорду, ушактарды токтотуу үчүн ушул маселе боюнча бардык исламий өкүмдөрдү айтып берүүңүздү суранам.
✔️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
📎 Биринчиден:
Мусулман адам тилин сактап, тыйылган нерселерден оолак болушу керек. Ошол тыйылган нерселерди көпчүлүк адамдар жеңил көрүп, кылгандардан - гыйбат (ушак айтуу), намима (сөз ташуу) жана бухтан (жалаа жабуу) болуп саналат.
Бул амалдардын арам экендигине арбын далилдер келген. Алардын кээ бирин гана эскерип өтүүбүз жетиштүү болмокчу:
Аллах Таала айтты:
📖(Аль-Хужурат сүрөсү, 12).
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
📖 (Сахих аль-Бухари, 213; Муслим, 292).
📎 Экинчиден:
Бир адамдын экинчи жөнүндө "тилин башкара албайт" деген сөздөрү ал адамга жакпай турганы талашсыз. Эгер айтканы чын болсо, анда бул сөздөр гыйбат болот, эгер андай эмес болсо - жалаа жабуу.
Кандай болгон күндө да, ушактап, жалаа жаап же сөз ташыган ар бир адам Аллахка тообо кылып, кечирим сурашы керек, бул аны менен Аллахтын ортосунда. Ал эми анын айткан сөздөрү ал адамга жеткенин билсе, анда ага барып кечирим суроосу керек. Ал эми анын дарегине айтылган жалаа же ушак тууралуу билбесе, анда ага бул тууралуу айтуунун кереги жок. Ал сөздөрдү тараткан адам ал үчүн Аллахка кайрылып, ал үчүн кечирим сурап, ал жөнүндө мурда жаман айтканындай эле артынан жакшы сөздөрдү айтсын!

▫️ГЫЙБАТ:
Ушак / гыйбат / - мусулман адам жокто андагы чынында бар болгон, бирок айтып, таратуусу ага жакпаган нерсеси жөнүндө айтуу.
▫️
БУХТАН
:
Жалаа жабуу /бухтан/ - мусулман жөнүндө андагы жок нерсени айтуу, башкача айтканда, ага жалаа жабуу.
▫️
НАМИМА
:
Чагымчылык / намима / - бул бирөөнүн айтканын экинчисине уруштуруу үчүн сөзүн ташып жеткирүү.
Бул амалдардын арам экендигине арбын далилдер келген. Алардын кээ бирин гана эскерип өтүүбүз жетиштүү болмокчу:
Аллах Таала айтты:
۞ وَلا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضاً أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتاً فَكَرِهْتُمُوهُ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ ۞
«Бири-бириңерди гыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенди жактырабы?! Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тообаларды Кабылдоочу, Боорукер!».
📖(Аль-Хужурат сүрөсү, 12).
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
{ أتدرون ما الغيبة ؟ قالوا : الله ورسوله أعلم ، قال : ذِكرُك أخاك بما يكره ، قيل : أفرأيتَ إن كان في أخي ما أقول ؟ قال : إن كان فيه ما تقول فقد اغتبته ، وإن لم يكن فيه فقد بهتَّه }
"Аллахтын элчиси ﷺ: «Гыйбат (ушак) деген эмне экендигин билесиңерби?!», – деп сурады. «Аллах жана Анын Элчиси билүүчү»,– деп айтышты. Ал ﷺ айтты: «(бул) бир тууганыңа тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу эскерүүң». Бир адам: «А эгер менин айтканым ал адамда болсочу?!» – деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда болсо, анда аны ушактаган болосуң. А эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, анда жалаа жапкан болосуң».
📖
(Сахих Муслим, 2589).
Ибн Аббастан риваят кылынат:
{ مرَّ رسول الله صلَّى الله عليه وسلم على قبرين فقال : أما إنَّهما ليُعذَّبان وما يعذبان في كبير ، أما أحدهما فكان يمشي بالنميمة ، وأما الآخر فكان لا يستتر من بوله ، قال : فدعا بعسيبٍ رطْبٍ فشقه باثنين ثم غرس على هذا واحداً وعلى هذا واحداً ثم قال لعله أن يخفف عنهما ما لم ييبسا }
"Аллахтын элчиси ﷺ эки кабырдын жанынан өтүп баратып: «Бул экөө азапталып жатат, бирок оор күнөө үчүн эмес. Бири - сөз ташып жүрчү, экинчиси - заарасынан тазаланган эмес», - деп айтты. Анан курманын бутагын сурады да, аны экиге бөлүп, ар бир кабырга сайып: "Балким, булар куурагыча азаптары жеңилдейттир", - деди.