https://islamqa.info/ar/13506 ما هو شروط الدعاء لكي يكون الدعاء مستجاباً مقبولاً عند الله - الإسلام سؤال وجواب
🤲 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА ДУБА КАБЫЛ БОЛУУНУН ШАРТТАРЫ
💭 СУРОО:
Аллахтын алдында дуба кабыл болуп, анын жооп берилиши үчүн кандай шарттар бар?
💭 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
Дубанын (кабыл болушунун) шарттары көп.
Алардан:
💭Аллахка гана дуба кылуу керек.
Пайгамбар ﷺ ибн Аббаска айткан:
📖(ат-Тирмизи, 2516 шейх аль-Альбани сахих деген).
Аллах Тааланын сөздөрү да ушул маанини камтыйт.
Аллах Таала айтты:
(аль-Джинн сүрөсү, 18)
Дал ушул шарт - дубанын улуу шарттарынан, бул шартсыз (эч бир) дуба кабыл болбойт жана амалдар Аллахка көтөрүлбөйт.
Адамдардын арасында арбактарга (өлүктөргө) дуба кылып, дуба кылганда аларды ортомчу кылып алышкандар бар. (Дуба кылган адамдар) өздөрүн күнөөкөр сезишип жана Аллахтын алдында өзүн кадыр-барксыз деп санап, өлгөн (такыба) адамдар Аллахка жакындатат жана өлгөн адамдар Аллахтын алдында ортомчу болуп бере алышат деп ишенишет. Ошондуктан, Аллахка дуба кыларда Аллахка шерик кошушуп, өлүктөрдү дубасына ортомчу кылып алышат.
А бирок Аллах Таала айтат:
(Аль-Бакара сүрөсү, 186)
💭 Шариат уруксат берген нерселер менен гана ортомчу кылып дуба кылуу;
💭Шашылуудан алыс болуу. Анткени шашылыштык - бул дубанын кабыл болуусуна кедерги болгон себептердин бири.
Пайгамбар ﷺ айткан:
📖(Бухари, 6340; Муслим, 2735).
Жана башка хадисте:
💭Жогоруда хадисте келгендей эле дубасында күнөө ишти жана тууган-урук менен катнашты үзүүнү сурабаш керек.
💭 Аллах тууралуу жакшы ойдо болуу.
Пайгамбар ﷺ айткан:
📖(Бухари, 7405; Муслим, 4675).
Жана Абу Хурайра кабарлаган хадисте:
📖(Ат-тирмизи). (Шейх аль-Альбани Сахих Ал-Жа'мии китебинде (245) сахих хадис деген).
Ким Аллах тууралуу жакшы ойдо болсо, Аллах Таала ага бардык жакшылыктарды жана ага эң сонун берешендик менен кенен чачат.
💭Жүрөктүн (дуба кылууда) "катышуусу". Сурап жаткан Заттын улуулугун баамдап, сезүүсү зарыл.
Пайгамбар ﷺ айткан:
📖(Ат-Тирмизи, 3479) шейх аль-Альбани сахих Ал-Жа'мии китебинде хасан хадис деген).
💭Адал тамак менен тамактануу.
Аллах Таала айтты:
(Аль-Маида сүрөсү, 27).
Пайгамбар ﷺ арам тамак ичип, арам кийинген адамдын дубасынын кабыл болушунун ыктымалы жогун эскерип, айтты:

{ إذا سألت فأسأل الله وإذا استعنت فاستعن بالله }
"Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан гана сурагын. А эгер жардам сурасаң, Аллахтан гана жардам сурагын".
📖(ат-Тирмизи, 2516 шейх аль-Альбани сахих деген).
Аллах Тааланын сөздөрү да ушул маанини камтыйт.
Аллах Таала айтты:
• وَأَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلَّهِ فَلا تَدْعُو مَعَ اللَّهِ أَحَداً •
(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка "кудайларга" дуба кылбагыла!
(аль-Джинн сүрөсү, 18)
Дал ушул шарт - дубанын улуу шарттарынан, бул шартсыз (эч бир) дуба кабыл болбойт жана амалдар Аллахка көтөрүлбөйт.
Адамдардын арасында арбактарга (өлүктөргө) дуба кылып, дуба кылганда аларды ортомчу кылып алышкандар бар. (Дуба кылган адамдар) өздөрүн күнөөкөр сезишип жана Аллахтын алдында өзүн кадыр-барксыз деп санап, өлгөн (такыба) адамдар Аллахка жакындатат жана өлгөн адамдар Аллахтын алдында ортомчу болуп бере алышат деп ишенишет. Ошондуктан, Аллахка дуба кыларда Аллахка шерик кошушуп, өлүктөрдү дубасына ортомчу кылып алышат.
А бирок Аллах Таала айтат:
• وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ •
"(О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса, Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучуну дубасына жооп беремин".
(Аль-Бакара сүрөсү, 186)
💭 Шариат уруксат берген нерселер менен гана ортомчу кылып дуба кылуу;
💭Шашылуудан алыс болуу. Анткени шашылыштык - бул дубанын кабыл болуусуна кедерги болгон себептердин бири.
Пайгамбар ﷺ айткан:
{ يستجاب لأحدكم ما لم يعجل يقول: دعوت فلم يستجب لي }
"Эгер ал шашылып: «Мен (Аллахка) дуба кылдым, бирок Ал мага жооп берген жок!» - деп айтпаса, ар бириңерге жооп берилет.
📖(Бухари, 6340; Муслим, 2735).
Жана башка хадисте:
{ لا يزال يستجاب للعبد ما لم يدع بإثم أو قطيعة رحم ما لم يتعجل . قيل يا رسول الله ، ما الاستعجال ؟ قال : يقول : قد دعوت وقد دعوت فلم أر يستجيب لي فيستحسر عند ذلك ويدع الدعاء }
"Бир гана күнөө ишти же тууган уругу менен карым-катнашты үзүүнү сурабаса жана дубасында шашылбаса, пенденин дубасына (сөзсүз) жооп бериле берет".
Сурашты: "Оо Аллахтын элчиси, шашылуу деген эмне?", - айтты: "Дуба кылган адам: Аллахка кайра-кайра дуба кылдым эле, Аллах мага жооп берген жок, деп тажап кетет да, дубаны таштап коет".
💭Жогоруда хадисте келгендей эле дубасында күнөө ишти жана тууган-урук менен катнашты үзүүнү сурабаш керек.
{ يستجاب للعبد ما لم يدع بإثم أو قطيعة رحم }
"Бир гана күнөө ишти же тууган уругу менен карым-катнашты үзүүнү сурабаса, пенденин дубасына (сөзсүз) жооп бериле берилет".
💭 Аллах тууралуу жакшы ойдо болуу.
Пайгамбар ﷺ айткан:
{ قال صلى الله عليه وسلم : " يقول الله تعالى : أنا عند ظن عبدي بي }
"Аллах Таала айтат: Менин кулум Мен жөнүндө ойлогондоймун".
📖(Бухари, 7405; Муслим, 4675).
Жана Абу Хурайра кабарлаган хадисте:
{ ادعوا الله وأنتم موقنون بالإجابة }
"Аллах жооп берүүсүнө толук ишенип дуба кылгыла".
📖(Ат-тирмизи). (Шейх аль-Альбани Сахих Ал-Жа'мии китебинде (245) сахих хадис деген).
Ким Аллах тууралуу жакшы ойдо болсо, Аллах Таала ага бардык жакшылыктарды жана ага эң сонун берешендик менен кенен чачат.
💭Жүрөктүн (дуба кылууда) "катышуусу". Сурап жаткан Заттын улуулугун баамдап, сезүүсү зарыл.
Пайгамбар ﷺ айткан:
{ واعلموا أن الله لا يستجيب دعاءً من قلب لاهٍ }
"Билгиле! Аллах Таала кош-көңүл менен кылынган дубаны кабыл кылбайт".
📖(Ат-Тирмизи, 3479) шейх аль-Альбани сахих Ал-Жа'мии китебинде хасан хадис деген).
💭Адал тамак менен тамактануу.
Аллах Таала айтты:
• إنَّمَا يَتَقَبَّلُ اللَّهُ مِنَ الْمُتَّقِينَ •
"Аллах такыба кишилерден гана кабыл алат".
(Аль-Маида сүрөсү, 27).
Пайгамбар ﷺ арам тамак ичип, арам кийинген адамдын дубасынын кабыл болушунун ыктымалы жогун эскерип, айтты: