Официальный канал Национального банка КР


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Экономика


Канал создан для рассылки информации Национального банка Кыргызской Республики


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Экономика
Статистика
Фильтр публикаций


Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, 2023-жылдын 22-сентябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн көчмө лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге республиканын борбордук банкынын банк секторун жөнгө салуу жаатындагы иши тууралуу айтып беришти.
Көчмө лекциянын эң активдүү катышуучулары эстелик сыйлыктары менен сыйланышты.
___________________________________________________________________
В рамках празднования 30-летия введения в обращение национальной валюты Кыргызской Республики 22 сентября 2023 года для студентов Кыргызского национального университета им. Ж.Баласагына проведена гостевая лекция.
В ходе лекции представители Национального банка рассказали студентам о деятельности центрального банка республики в области регулирования банковского сектора.
Наиболее активные участники гостевой лекции были отмечены памятными призами.


Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төрт алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
_____________
За нарушение требований законодательства Кыргызской Республики и нормативных правовых актов Национального банка на четыре обменных бюро наложены штрафы в размере 55 000 сомов каждому.






Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев 2023-жылдын 18- жана 20-сентябрь күндөрү Армян Республикасынын Дилижан шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин 25-отурумуна катышты.
Отурумдун жүрүшүндө тараптар учурдагы экономикалык кырдаал жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө акча-кредит саясатын ишке ашыруу жагында маалымат алмашып, ошондой эле аталган бирликке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кредиттик рейтингдерди таануу жана жалпы финансы рыногун түзүү боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында «Жогорку белгисиздик шартында акча-кредит саясаты» темасында тегерек стол өткөрүлүп, анда борбордук банктардын жетекчилери акча-кредит саясаты жаатындагы чакырыктар жана стратегиялар, анын ичинде коммуникация маселелери боюнча пикир алмашышты.
________________________________________________________
Председатель Национального банка Кыргызской Республики Боконтаев К.К. принял участие в 25-м заседании Консультационного совета по валютной политике центральных (национальных) банков государств – членов Евразийского экономического союза, которое прошло с 18 по 20 сентября 2023 года в г. Дилижан, Республика Армения.
В ходе заседания стороны обменялись информацией о текущей экономической ситуации и ходе реализации денежно-кредитной политик в странах ЕАЭС, а также обсудили вопросы по признанию кредитных рейтингов между странами союза и ход работы по формированию общего финансового рынка.
Кроме того, в рамках мероприятия состоялся круглый стол на тему «Денежно-кредитная политика в условиях высокой неопределенности», где руководители центральных банков высказали мнение о вызовах и стратегиях в сфере денежно-кредитной политики, включая вопросы коммуникации.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
В Кыргызстане активно проводятся платежи с использованием QR-кодов


Кредиттик-маалыматтык бюро деген эмне?
Урматтуу, интернет колдонуучулар!
Эртең, 21-сентябрда саат 16:00до Улуттук банктын Facebook баракчасы аркылуу Улуттук банктын өкүлүнүн катышуусунда түз эфир уюштурулат. Эгерде дал ушул теманын алкагында суроолоруңуз болсо, анда комментарий калтырыңыз. Биздин адистер түз эфир учурунда аларга жооп беришет.
__________________________________________________________________
Что такое кредитно-информационное бюро?
Уважаемые интернет пользователи!
Завтра, 21 сентября, в 16:00 часов состоится прямой эфир на нашей странице в Facebook с участием представителя Национального банка. Если у вас есть вопросы по теме, то можете заранее оставить комментарий под этим постом. Наши представители смогут ответить вам во время прямого эфира.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстанда QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүлөр кызуу жүрүп жатат


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М.З.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

********************************************************************************************************************************************

За осуществление обменных операций с наличной иностранной валютой без лицензии Национального банка Кыргызской Республики Ошским областным управлением Национального банка в отношении гражданина Кыргызской Республики (М.З.М.) наложен штраф в размере 17 500 сомов.




2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев менен Bank of China Limited Директорлор кеңешинин төрагасы Гэ Хайцзяо башында турган делегация ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.
____________
15 сентября 2023 года состоялась встреча председателя Национального банка Кыргызской Республики Боконтаева К.К. с делегацией Bank of China Limited во главе с председателем Совета директоров Гэ Хайцзяо.
На встрече обсуждены вопросы двустороннего сотрудничества в банковской сфере и взаимодействия по развитию финансового рынка Кыргызстана.
Кроме того, Национальным банком Кыргызской Республики была представлена обзорная информация о текущей макроэкономической ситуации в стране, в частности, о проводимой работе по денежно-кредитной политике, банковской деятельности, платежным системам в Кыргызской Республике.
По итогам встречи стороны выразили готовность к дальнейшему взаимовыгодному сотрудничеству.


Национальный банк Кыргызской Республики выносит на общественное обсуждение проект постановления Правления Национального банка Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики» (далее – проект постановления).
Проект постановления разработан в связи с необходимостью продления действия двух постановлений Правлений Национального банка: «О некоторых решениях Национального банка Кыргызской Республики по вопросам оказания поддержки клиентам коммерческих банков, небанковских и специализированных финансово-кредитных организаций, пострадавшим в результате вооруженного конфликта в Баткенской и Ошской областях» от 6 октября 2022 года №2022-П-12/62-2-(НПА) и «О некоторых временных решениях Национального банка Кыргызской Республики по вопросам выдачи кредитов заемщикам Баткенской области» от 18 ноября 2022 года № 2022-П-12/71-1-(НПА)» (далее – постановления), которые были приняты в целях оказания поддержки клиентам коммерческих банков/микрофинансовых организаций, пострадавшим в результате вооруженного конфликта, произошедшего в Баткенской области в сентябре 2022 года, а также в целях реализации Указа Президента Кыргызской Республики
«О первоочередных мерах по восстановлению и развитию административно-территориальных единиц Баткенской и Ошской областей» от 17 сентября 2022 года УП № 313.
Проект постановления размещен на официальном интернет-сайте Национального банка в разделе «Нормативные акты Национального банка» / «Проекты для обсуждения» и на Едином портале общественного обсуждения проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики (koomtalkuu.gov.kg).
Коммерческим банкам, небанковским и специализированным финансово-кредитным организациям, кредитным бюро и ОАО «Гарантийный фонд» необходимо представить свои замечания и предложения к проекту постановления не позднее
19 сентября 2023 года на электронный адрес jkonoeva@nbkr.kg (в формате Word).




Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдорунун (мындан ары – токтомдор) колдонуу мөөнөттөрүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан, аталган токтомдор 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери, кредиттик бюролор жана «Кепилдик фонд» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын (Word форматында) 2023-жылдын 19-сентябрынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.






2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. Семинардын максаты – Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын иш-аракети, ошондой эле жеке финансыны башкаруу, каражат топтоо жана финансылык коопсуздук маселелери менен тааныштыруу.
Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №119-р буйруусу менен бекитилген 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
__________________________________________________________
15 сентября 2023 года Национальный банк Кыргызской Республики провел семинар по финансовой грамотности для сотрудников центрального аппарата Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики. Цель семинара – ознакомление с деятельностью Национального банка по повышению финансовой грамотности населения Кыргызстана, а также управление личными финансами, сбережениями и финансовой безопасностью.
Семинар был организован в рамках реализации Стратегии повышения финансовой доступности на 2022-2026 годы, утвержденной распоряжением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 марта 2022 года №119-р.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын
Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (С.У.Б) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

******************************************************
За осуществление обменных операций с наличной иностранной валютой без лицензии Национального банка Кыргызской Республики Джалал-Абадским областным управлением Национального банка в отношении гражданина Кыргызской Республики (С.У.Б.) наложен штраф в размере 17 500 сомов




Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 7-сентябрынан
тартып 8-сентябрь күндөрү «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» ЮЖБ тарабынан уюштурулган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн микрофинансылык уюмдарынын экинчи саммитине катышты.
Бул иш-чарага Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктарынын, ассоциацияларынын, эл аралык уюмдарынын жана финансылык институттарынын өкүлдөрү катышышты.
Саммиттин жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Борбордук Азия өлкөлөрүндө микрокаржылоо секторунун өнүгүү келечеги, жетишкендиктери жана чакырыктары;
- микрокаржылоо секторун жөнгө салуу тажрыйбасы жана өзгөчөлүктөрү;
- ислам микрокаржылоосу;
- туруктуу каржылоо;
- микрокаржылоо секторундагы санариптештирүү;
- финансы системасынын коомдун өнүгүшүнө тийгизген таасири ж.б.
*****************************************************************************************
Национальный банк Кыргызской Республики с 7 по 8 сентября 2023 года принял участие во втором саммите микрофинансовых организаций стран Центральной Азии, организованном ОЮЛ «Ассоциация микрофинансовых организаций».
В данном мероприятии также приняли участие представители других центральных (национальных) банков, ассоциаций стран Центральной Азии, международных организаций и финансовых институтов.
В ходе саммита были рассмотрены следующие вопросы:
- перспективы развития, достижения и вызовы сектора микрофинансирования в странах Центральной Азии;
- опыт и особенности регулирования сектора микрофинансирования;
- исламское микрофинансирование;
- устойчивое финансирование;
- цифровизация в секторе микрофинансирования;
- влияние финансовой системы на развитие общества и др.

Показано 20 последних публикаций.