Q Sport KG


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Спорт


Добро пожаловать в официальный аккаунт Qsport KG в Телеграме 🇰🇬

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Спорт
Статистика
Фильтр публикаций


👀 FIFA уюму жылдын мыкты курамын тартуулады.

Сиздиң оюңузча ким жетишпей турат? 🤔


🏆 Винисиус FIFA уюмунун версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

🇧🇷 Бразилиялык оюнчу 2024-жылдын алкагында сыйлыксыз калган жок.


⚡️ Карло Анчелотти FIFA уюмунун версиясы менен жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды


🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿 “Челси” клубунун жарым коргоочусу Михаил Мудрик допинг эрежелерин бузганы үчүн спорттон четтеши мүмкүн.

Бул тууралуу 🇺🇦 Украина футбол федерациясынан кабарлады.

Мудрик октябрь айында допинг-тест тапшырган жана анын канынан тыюу салынган зат табылган. Жакынкы күндөрү футболчу экинчи допинг-тесттен өтөт жана анын жыйынтыгы боюнча чечим чыгарылат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Севильянын” тарыхында из калтырган Навас ❤️‍🔥

Хесус Навас клубдун музейине футболдук кийимин белекке калтырды.

“Севилья” 2003 - 2013 / 2017 - 2024

🏆 Испания кубогу х2
🏆 Европа лигасы х4
🏆 УЕФА супер кубогу
🏆 Испания супер кубогу

“Манчестер Сити” 2013 - 2017

🏆 Англия Премьер-лигасы
🏆 Англия лига кубогу х2

Испания курамасы 2009 - 2024

🏆 Дүйнө чемпионаты
🏆 Европа чемпионаты х2
🏆 УЕФА Улуттар лигасы

“Севилья” үчүн акыркы беттешин 38 жаштагы спортчу 22-декабрь күнү “Сантьяго Бернабеу” стадионунда “Реал Мадридге” каршы өткөрөт ⚽️


🫠 “Ман Ситинин” кызматкери ууру болуп чыкты

Клубдун дарыгери Давид Макнели төрт жыл бою кийим чечүүчү жайдан бутса, спорттук кийим, жаздык жана плакаттарды уурдап, интернетке чыгарып сатып жүргөн. Бүгүнкү күнгө чейин ал уурулук менен 30 миң евро тапкан 💸

⚖️ Уурунун өздүгү видеокөзөмөл камераларынан аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алды.


🤝 Рубен Аморим сэра Алекс Фергюсондун ийгилигин кайталады

Ал “Манчестер Юнайтед” менен дебюттук дербисинде жеңишке жеткен экинчи машыктыруучу болуп калды


Эми Рубен болгону 13 жолу Англия Премьер-лигасын утушу керек 😁


💸 Transfermarkt порталында эки өзбекстандык футболчунун баасы өстү

⚽️ ЦСКАнын оюнчусу Аббосбек Файзуллаев 8 миллионго кымбаттаса, “Ланстын” коргоочусу Абдукодир Хусановдун баасы 12 миллион еврого жогорулады 🔝


👀 Конференция лигасынын кезектеги турунун жыйынтыгы

📺 QSportKG телеканалынан кайсы матчты көрдүңүз?


«Челси» — Алматыда 🌄

Алматыда Конференция лигасынын алкагында «Астана» менен «Челси» беттешет.

Бүгүн, Алматы каласында күн ачык, бирок кечке маал -11 градус суук болот.

Матчка бара турган күйөрмандар жылуурак кийинип алыңыздар!


🏆 Дүйнө чемпионаты-2030 алты мамлекетте болот

🌏 Тарыхта биринчи жолу турнир үч башка континентте өтөт: Европада, Африкада жана Түштүк Америкада.

Көпчүлүк оюндар 🇪🇸Испания, 🇵🇹Португалия менен 🇲🇦Мароккодо өткөрүлөт. Ал эми финалдык беттеш “Сантьяго Бернабеуда” болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, ачылышы беттеши 13-июлда 🇺🇾Уругвайда уюштурулат.


⚽️ FIFA 2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган жерди жарыялады

🇸🇦 Дүйнө чемпионаты - 2034 Сауд Арабиясында болот.

❄️ Аба-ырайына байланыштуу турнирди кышында өткөрүүнү көздөп жатышат.

🏆 Эске салсак, Катардагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты дагы кышында болгон.


“Астана” - “Челси” оюнун 🇩🇪германиялык калыстар бригадасы тейлейт

Башкы калыс: Свен Яблонски
Калыстын жардамчылары: Лассе Кословски, Марко Ахмюллер
VARдагы калыстар: Паскаль Мюллер, Катрин Рафальски

🇰🇿 “Астана” - “Челси” 🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿
⏰ 12.12.24 I 21:30
🏟️ Алматы


🏆 Алдыңкү күндөрдү Еврокубоктун беттештери менен өткөрүңүз ⏬

Q Sport KG:

10/12

• 23:35 🇪🇸“Жирона” — “Ливерпуль”🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿

• 1:45 🇮🇹“Аталанта” — “Реал”🇪🇸

11/12

• 21:30 🇹🇷“Фенербахче” — “Атлетик Бильбао”🇪🇸

• 23:35 🇪🇸“Атлетико Мадрид” — “Слован Б”🇸🇰

• 1:45 🇮🇹“Ювентус” — “Ман Сити”🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿

12/12

• 19:00 🇮🇸“Викингур Рейкьявик” — “Юргорден”🇸🇪

• 21:30 🇰🇿“Астана” — “Челси”🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿

• 23:45 🇨🇿“Виктория Пльзень” — “Ман Юнайтед”🏴󠁧󠁢󠁥󠁮󠁧󠁿

• 1:45 🇳🇱“Аякс” — “Лацио”🇮🇹


⚽️ FIFpro-нун 2024 жылдагы символикалык курамы

Бул курамга дагы кайсы оюнчуну кошот элеңиз? Комментарийге жаза кетиңиз 👇👇👇


Александр Крестинин “Барс” футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Ысык-Көлдүк команда 46 жаштагы адис менен бир сезонго келишим түздү.

Орусиялык насаатчы 2014-2023-жылдары 🇰🇬 Кыргызстан улуттук курама командасын жетектеп, 2019-жылы Азия кубогунун 1/8 финалдык баскычына чейин жеткирген.


😱 Лондон шаарында “Тоттенхэм” менен “Челси” укмуш беттеш тартуулады

Эки команда биригип жети гол киргизди. Ал эми кыл-чайнашкан таймашта “Челси” клубу атаандашын 3:4 эсебинде утуп, үч упайды капчыкка салды.

Кийинки беттешин Энцо Маресканын шакирттери 🇰🇿 Алматыда “Астанага” каршы өткөрөт


🥹 Марко Ройс, сүйүктүү Марко Ройс...

...акыры чемпион болду!

Немис футболчусу «Лос-Анджелес Гэлакси» менен MLS-тин алтын медалын тагынды. Клуб 10 жылдан бери биринчи биринчи жолу чемпион болду 🏆


😎 Месси МЛС регулярдык чемпионатынын баалуу оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу мелдештин басма-сөз кызматы кабарлады. Бул жылы Лео 21 гол киргизип, 11 натыйжалуу пас чыгарды.

Месси бул сыйлыкка татыктуубу? 🤔


Чемпиондор лигасын жеңбеген 5 даңазалуу футболчу

Чемпиондор лигасы ар бир оюнчунун кыялы экени анык. Бирок Европанын башкы мелдешине катышкандын баары эле жеңишке жете бербейт.

1. 🇧🇷Бразилиянын тубаса таланты Роналдо Дүйнө чемпионатынан алтын топко чейин жеңген. Бирок Европанын башкы мелдешин уткан эмес.

2. 🇮🇹Даңазалуу голкипер Джанлуиджи Буффон футболдо көпкө кармалганына карабастан Чемпиондор лигасын уткан эмес. Ал “Ювентус” менен үч ирет финалга чейин жетип, үчөөндө тең күмүш медаль тагынган.

3. 🇸🇪Златан Ибрагимович. Швециялык чабуулчу карьерасында жети башка клубда ойногон, бирок башкы трофейди бир дагы ирет уткан эмес.

4. 🇫🇷Франциянын легендарлуу оюнчусу Эрик Кантона Чемпиондор лигасынын алтын медалын тагынып көргөн жок. Ал “Манчестер Юнайтедден” кеткен соң, эки сезондон кийин англиялык команда турнирде жеңүүчү аталган.

5. 🇩🇪Михаэль Баллак Чемпиондор лигасын эки ирет жеңүүгө жакын болгон. Бирок эки учурда тең атаандашы жеңишти майрамдаган.

Сиз бул тизмеге дагы кимди кошосуз? 🤔

Показано 20 последних публикаций.