🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Психология


Мусулман айымдардын жашоодогу
Жаман эмес-жакшыны
Караңгы эмес -жарыктыкты,
Чөгүүнү эмес- өнүгүүнү каалаган айымдар үчүн 🥰
Байланыш үчүн:https://t.me/Mashhura_0611
Аялзатына


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Психология
Статистика
Фильтр публикаций


Кээ кээде окуп тургула...

1.Кедейлик жалкоолуктан келет. Эч кимге муктаж болбоо үчүн билегиңди түрүп эмгек кыл...
2.Жаман мүнөз жугуштуу келет. Айланаңды жакшы адамдар менен толукта. Адамдын жүрөгү сүзгүч сыяктуу. Жакшыны да, жаманды да сиңирип алат. Жакшынакай, көркөм касиеттер менен жаркырат, жүрөгүңдүн ичин...
3.Берген кол алган колдон жакшы. Чама-чаркың жетишинче муктаж адамдарга садака берип тур...
4.Маданияттуу бол. Ички маданиятың өтө жогору болсун...
5.Кабагыңды түйүп жүрбө. Адамдар сенин жылуулугуңа жылынсын, нуруңду чачып, күлүмдөп жүр дайым...
6.Улуу-кичүү болсун көмөккө колуңу созуп, көбүрөөк жакшылык жасай бер. Андайда жаның рахаттанат. Рахат алуунун төрөсү ошол... •ᴏᴋуяᴧᴀᴩ жᴀнᴀ бᴀяндᴀᴩ•
7.Кимдир бирөөнүн жагымсыз, көрксүз экенин, сырткы көрүнүшүн сөз кылба. Анын ыйманы сенден мыкты, ички дүнүйөсү сеникинен сулуу болуу мүмкүн. Көө жагып, тил тийгизүүгө тырышпа. Ар-выжданыңды ылайга булгап, жүрөгүңдү антип уулаба...
8.Жердеги жумур баштуу пенденин өмүрү жалайык менен кепиндин ортосунда өтөт. Карап отурсаң, экөө да мата дейлик. Экөөндө да чөнтөк болбойт. Бош келип, бош кетесиң. Дүнүйө жыям деп арам тер агызба. Урпак апкел өмүргө. Артыңда изиң калсын. Ошол урпагыңа акыл айта тургандай билим жыйна, бере алаар таалим-тарбияңды түздө. Изги иш жаса. Жакшы кызмат кыл...
9. Жасалма дүнүйөлөргө жолобо. Түр-сыпатың да, кылыгың да, аракетиң да чыныгы болсун. «Маска» кийбе. Чынчыл бол...

Интернет булактарынан




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кутман кеч урматтуулар💐🥰


Бул видеону көрүп кандай жыйынтык чыгараар элеңиз?

видеону көрүп сизде кандай ойлор пайда болду?

t.me/SenAsylsyn




Бүтпөс жомок

Жаныңды жанчып өтүп уудай сөзү
Зулумдун заар тилинен жададыңбы
Аксакал жашың төгүп ыйлабачы
Дирилдетип куудай болгон сакалыңды

Сапырган күзгү шамал жалбырактай
Баркы жок элпектигиң, ак көңүлүң
Эч качан зөөкүр адам баалап билбейт
Суранам кереги жок жаш төгүүнүн

Бержакта мени кошо калчылдатып
Зырылдайт муздак сууда байкуш дене
Тынч гана аяр тиктеп карап турган
Табият дал өзүңдөй момун эле

Чоңдордун куруп калган мамилеси
Ааламын наристенин улам тороп
Ушунча жан кейиткен тар чөйрөнү
Сооротот улуулуктан бүткөн жомок

Зар болгон ак кеменин караанына
Алаят дүрбү артында тунук карек
"Түшүнбөйт бул айлана мага эмес
А демек балык болуп кетүү керек"

Кабарлайт карт тарыхтын наркын-баасын
Маңкайган он эки айры бугу эне
Маңкурттук бийлик кылбайт түбөлүккө
Андыктан бул жомокту бүттү дебе

Алмаш 11.09.23


Тарбияң тайкы болсо , тартканың кайгы болот.
Г. МАДАМИНОВ.

t.me/SenAsylsyn


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жума күнүңүздөр маарек болсун урматтуу айымдар💐


t.me/SenAsylsyn


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📹 Шейх Чубак ажы Жалилов Аялдар кантип саламдашуусу керек?
👤 #ЫЙМАН_КЕНИ

t.me/SenAsylsyn


Деп жазыптыр бир инсан


Сиз кандай реакция коёт элеңиз?

t.me/SenAsylsyn


` (таасирдүү окуя...)
Бир күнү жалгыз жашаган аялдын эшигинин коңгуроосу шыңгырайт. Аял эшигин ачып, бир адам турганын көрөт да, эмне керек экенин сурайт.
Келген адам сылык учурашып:
- Саламатсызбы? Мага бир аз акча берип турасызбы?-дейт.
- Эмнеге мен сизге акча беришим керек?- таң кала сурайт аял.
- Жок дегенде караңызчы, менин бир колум жок болуп жатпайбы. Мен кантип башка жол менен акча табам?
- Макул, мен сизге акча берем. Бирок, сиз тигил көчөдөгү кирпичтерди короого ташып бериңиз.
- Кантип ташыйм? Бир колум жок экенин көргөн жоксузбу?
Аял бир колун аркасына алып, экинчи колу менен бир кирпичти кармайт да, короого алып барып койот.
Кечке чейин кирпичтин баарын ташып бүтөт. Аял ага иштегенине жараша акчасын санап берет.
Арадан бир топ жыл өтөт. Бир күнү баягы аялдын эшигинин коңгуроосу дагы кагылат. Аял эшикти ачып, жакшы кийинген бейтааныш адамды көрөт. Көчөдө кымбат үлгүдөгү машина токтоп турган. Бейтааныш дароо аял менен учурашат да, тыкан оролгон калың пачка акчаны сунат:
- Алыңыз, бул акча сиздики!
- Кандайча меники? - дейт аял түшүнө бербей.
•ᴏᴋуяᴧᴀᴩ жᴀнᴀ бᴀяндᴀᴩ•
- Бир нече жыл мурун сиз менин жашоомду өзгөртүүгө жардам бергенсиз. Кандай абалда болбосун аракет менен ийгиликке жетүүгө боло тургандыгын көргөзүп, өзүмө болгон ишенимимди бекемдеп, келечекке жаркын үмүт менен кароого шыктандыргансыз.
- Эсиңиздеби?- деп капталына бурула бергенде, аял
анын бир колу жок экенин көрөт.
Анан саамга ойлонуп туруп:
- Сиз муну алыңыз да, өзүңүзгө окшоп турмуштан үмүтүн үзө баштаган, чынында эле жардамга муктаж болуп турган адамдарга бериңиз, - дейт.
× × ×
Ким жакшылык үчүн туура жол баштаса, анда ага ошону кылгандай сооп берилет.
× × ×
Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишинди кыла бер!
× × ×
Алгандын алаканы ыраазы болот, бергендин жүрөгү ыраазы болот!...


Интернет желелеринен келген пайдалуу маалымат.


t.me/SenAsylsyn




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Эне кантип балдарын бактылуу кыла алат?

1-этап. Апанын сүйүүсү - балага эң башкы витамин. Андыктан "мен сени жакшы көрөм балам, сен эң кымбат адамымсың, менин каным, менин бир бөлүгүмсүң, атаң экөөбүз аябай жакшы көрөбүз, сен эң бактылуу адамсың берекем!" деп көп айтыңыздар. Бул сөздөрдү уккан балдар баарына жагымдуу, өмүр бою жолдуу болушат.

2-этап. Баланын ден соолугун сөз менен чыңдоо.
"Сен кандай күчтүүсүң, кандай сулуусуң, ден соолугуң таза, акыл эсиң тунук, дүйнө таанымың терең. Сенин жүрөгүң жакшы иштейт, шамдагай кыймылдайсың, баскан турганың жеңил, денең чың". Бул сөздөрдү күнүгө уккан баланын кийин сөзсүз дени сак болот.

3-этап. Баланын жан дүйнөсүн, психикасын чыңдоо.
"Сен боорукерсиң балам, акылдуусуң. Сен баарын түшүнөсүң, эс тутумуң күчтүү, дайыма жылмайып жүрөсүң, маанайың дайыма ачык. Уйкуң жакшы, жакшы түштөрдү көрөсүң, тилиң жакшы чыкты, ой жүгүртүүң мыкты. Биз менен эркин сүйлөгөнүң мага абдан жагат. Мен сага дайым ишенем".
Эненин бул сөздөрү баласын ар кандай депрессиядан сактайт.

4-этап. Балдардын көйгөйлөрүн жок кылуу.
"Мен сенин ооруган жериңди (көйгөйүңдү) алып, ыргытып жибердим"
"Мен сенин жаман түшүңдү (ыйлаактыгыңды, тентектигиңди, унутчаактыгыңды ) алып, ыргытып жибердим".
Бул сөздү уккан балдар кийин жашоосунда көйгөйлөргө кабылышпайт.

Бирок эң негизги сөз "МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ БАЛАМ!"
Балаңызды күнүгө кучактаңыз жана ушул сөздү айтып туруңуз.

Жашоосу жарык, келечеги кең болсун балдарыбыздын!



"Энелер мектеби"

t.me/SenAsylsyn


Бала баккан менен бала тарбиялагандын айырмасы болот...

Көп ата-энелер балдарды багып жатабыз, бирок тарбиялаган жокпуз...Көп үйлөрдө балага тарбия берилбей жатат. Короодо ойноп жаткан балдарга ата-энелер тарбия берели, суранам...
балдарга
салам берүүнү,
рахмат айтууну,
таштанды таштабоону,
башкалар менен урушпоону үйрөтөлү
суранам...
Короодогу урушкан балдарды тарбияга чакырайын дейсиң бирок ата-энеси мени "бирөөнүн баласы менен эмне ишиң бар" -деп, сотко берип салбасын деп корком...
Илгээри бизди коом тарбиялаган. Сыртта өзүнөн улууга кулак салбаган балдар үйдө ата-энесине да кулак салаарына күмөнүм бар. Андай балдарга ата-энелери да жалынып, коркуп жашайт...

дубалдын да кулагы бар - туура. Өзгөчө биздин азыркы домдордун дубалдары абдан жука. Бүт нерсе угулат. Ошондуктан кошуналар жок дегенде түнү он экиден кийин үйдөгү ызы-чууну токтотолу. Коңшулар да эс алышсын....

Урматтуу аталар
Аялдарыбыз бизден коркуп жашаса балдарыбыз бактылуу балалыгын жашай алышпайт. Аялдарыбыз бизди сыйлап жашаса гана бактылуу болот жана акылдуу перзенттерди чоңойтушат. Бактылуу үй-бүлө биринчи кезекте акылман аталарга муктаж болот. Аталар, үйдү алып үй-бүлөнү багып коюу менен ишибиз бүтпөйт. Аялдын жана балдарынын баарынын тарбиясына кам көрүүнү унутпайлы...

Короодо урушкан же телефон чукуп отурган балдарды тарбияга чакырсаң жаман көрүп тоготушпайт...

Козу чоңойсо кой болушу анык. Күчүк чоңойсо ит болушу анык. Бирок адам баласы чоңойгондо АДАМ БОЛУШУНА КЕПИЛДИК жок...

Садиктеги балдарга акыл айта албаган, муштай баланы тартипке чакыра албаган алсыз улууларга айландык...
ОЙЛОНОЛУ жана ОЙГОНОЛУ

Урматым менен Идрис Айитбаев


Жылмаюу да садака.

Бүгүнкү күнүңүз жылмаюу менен өтсүн 🕋🤗


Балам көп ойлондуруп коёт, инсан экенбизда) мага сабак берди.
-Апа?
-И?
-Эшиктен үйгө киргенде биринчи көзүңүзгө эмне көрүнөт?
-үйдүн чачыктыгы,экөөңдүн ар жерде жаткан бут кийимиңер,жуулбай турган идиш-аяк,иши кылса бут грязный нерсенин баары көрүнөт.
- Ии,анда сиздин көзүңүз жакшы нерсени көрбөйт турбайбы, мисалы мен биринчи сизди көрөм.

Г.Бердигулова



Канал менен бөлүшүп коюңуздар.
Катталуу менен жакшы маалыматтарга байып туруңуздар🥰🤗


t.me/SenAsylsyn




Жашоодо кездешүүчү сага жакпаган нерселерден алыстоого аракет кыл- мына диета.
Өзүнө жакпаган адам менен маектешпе, сүйлөшпө, өзүңдү алыс карма- мына диета.
Уруш-жаңжалдан, ушактан ар кандай жагымсыз нерселерден алыс бол-мына диета.
Бирөөдөн жакшы мамиле күтүш үчүн, өзүң жакшы жагына өзгөр-мына диета.
Үйдөгү жакпаган идиш аякты,буюм теримди, кийим кечени жок кыл-мына диета.
Өзүңө зыян алып келүүчү нерселерден алыс бол, болбогон нерсеге башыңды тыкпа-мына диета.
Жан дүйнөңдү жакшы нерселер менен бак, жаманды жакындатпа-мына диета.

Мага көпчүлүгү-"Ташбү эже,дарыны ичем, диета сактаймын бирок дагы эле ооруймун" дешет.
Аларга- Жан дүйнөңдүн диетасын сакта деймин.

Урматтуу окурман эң биринчи жан дүйнөңдүн диетасын сакта, ошондо оорубайсын, көпкө жашайсың!
Кимдир бирөөгө жакшылык кылайын,сооп алайын десең постту бөлүшүп койгула.

Ташбү Жамиловна

t.me/SenAsylsyn


Марк Катон, римский сенатор, выучил греческий язык в 80 лет.

Сократ только в возрасте 70 лет научился играть на многих музыкальных инструментах и успел овладеть этим искусством в совершенстве.

Микеланджело создал свои самые значительные полотна в возрасте 80 лет.

В 80 лет Гете закончил своего «Фауста».
Немецкий историк Леопольд Ранке свою «Мировую историю» закончил в 91 год.

Исаак Ньютон еще в 85 лет был занят неутомимой деятельностью.

Лев Толстой в 82 года управлялся на поле с косой так, что за ним не могли угнаться молодые косцы. Седобородый автор «Войны и мира» в эти почтенные лета катался на коньках, ездил на велосипеде, скакал на лошади и приседал пистолетиком (на одной ноге) более 40 раз!

Американский гражданин, композитор и дирижер Игорь Стравинский творил до 88 лет.

Поэт Беранже работал до 77 лет;
Лев Толстой — до 82;
Виктор Гюго — до 83;
академик Иван Павлов — до 87;
древнегреческий драматург Софокл — до 90 лет.

Философы Диоген и Демокрит, художники Тициан и
Микеланджело проявляли творческую активность, перейдя рубеж восьмидесятилетия;

Бернард Шоу творил до 94 лет...

Кстати, не так давно американские ученые, совместно со своими европейскими коллегами, обнародовали сенсационное открытие:
оказывается, человеческий мозг развивается не до 25-30 лет, как считалось ранее, а до 50 лет. Более того, если человек продолжает заниматься активной мыслительной деятельностью, то старение мозга почти не происходит!

К чему все это?
Только к одному:
нет такой болезни «старость», а есть только неверные психологические УСТАНОВКИ.

«Не верьте всему, что слышите, — даже если это раздается в вашей собственной голове», — советует известный психиатр Дэниел Эймен.
Все самые большие барьеры и препятствия в нашей жизни находятся внутри нас.

Сломайте их!

Наша душа, наши внутренние силы не имеют возраста.
Пока мы живы, у нас все еще остается шанс подняться выше— взять хотя бы еще одну высоту на пути нашего духовного восхождения.

Не ждите лучших времен — лучшее время может быть только одно.
Оно называется ”СЕЙЧАС”

©️ Ия Алексеевна Попова

🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃

Интернет баракчаларына келген маалымат. Орусча болсо да окуп коюңуздар. Өтө сонун макала экен


t.me/SenAsylsyn

Показано 20 последних публикаций.