Куран-журөк жазы
Эт жүрөк -муз , көңүлдө-кыш,ойдо-туман
Маңызы жок өмүр өтүп барат улам.
Эх, канчалык максат коюп,жеткен менен,
Тумчугамын тынчтык таппай, билсең тууган!
Дүйнө үчүн тынымы жок аракеттер,
Алпурушуп канча өмүр кетти бекер.
Жашаптырмын унуткарып өлүм соңун,
Жалган дүйнө-түбөлүктүү түркүк бетер...
Абалым оор, көөдөнүм бош, алсыз ыйман,
Багытым жок, кен ааламда жалгыз турам.
Жаратканым бул күндөрдө себеп кылып,
Жолуктурду жол көрсөтчү момун тууган...
Маңдайынан ыйман нуру жанып турган,
Ошол адам мага дайым насаат кылган.
"Үйрөнүп сен,башкаларга үйрөткүн!" деп
Колдорумдан бекем кысып ,берди КУРАН
Куранга сен бүтүндөй өзүңдү арнабасан,Куран сага кыпындай да илим бербейт .Тоскоодуктар,кыйынчылыктарды ашып өтүп үйрөнгөн Курандын ырахатын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес...
Үйрөнүүгө бел байлдым жумшап күчүм,
Бекем туруп, тоскоолдукту жеңдим бүтүн.
Мен чыныгы "Куран ээси "болсом экен.
Куран окуп калчу күндү канча күттүм...
Эх Кураным,жакын курбум ,жан шеригим
Сен бар үчүн дүйнө кең да ,аруу сезим.
Мен бактылуу болор элем чыкса эгер,
Куран окуп жаткан кезде, соңку демим...
✍️Ж.А
Эт жүрөк -муз , көңүлдө-кыш,ойдо-туман
Маңызы жок өмүр өтүп барат улам.
Эх, канчалык максат коюп,жеткен менен,
Тумчугамын тынчтык таппай, билсең тууган!
Дүйнө үчүн тынымы жок аракеттер,
Алпурушуп канча өмүр кетти бекер.
Жашаптырмын унуткарып өлүм соңун,
Жалган дүйнө-түбөлүктүү түркүк бетер...
Абалым оор, көөдөнүм бош, алсыз ыйман,
Багытым жок, кен ааламда жалгыз турам.
Жаратканым бул күндөрдө себеп кылып,
Жолуктурду жол көрсөтчү момун тууган...
Маңдайынан ыйман нуру жанып турган,
Ошол адам мага дайым насаат кылган.
"Үйрөнүп сен,башкаларга үйрөткүн!" деп
Колдорумдан бекем кысып ,берди КУРАН
Куранга сен бүтүндөй өзүңдү арнабасан,Куран сага кыпындай да илим бербейт .Тоскоодуктар,кыйынчылыктарды ашып өтүп үйрөнгөн Курандын ырахатын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес...
Үйрөнүүгө бел байлдым жумшап күчүм,
Бекем туруп, тоскоолдукту жеңдим бүтүн.
Мен чыныгы "Куран ээси "болсом экен.
Куран окуп калчу күндү канча күттүм...
Эх Кураным,жакын курбум ,жан шеригим
Сен бар үчүн дүйнө кең да ,аруу сезим.
Мен бактылуу болор элем чыкса эгер,
Куран окуп жаткан кезде, соңку демим...
✍️Ж.А