🤲🏻ШҮГҮРСҮЗДҮК КЫЛБАҢЫЗ
⠀
Акылыныңыз, колу - бутуңуз, көздөрүңүз, кулактарыңыз, дене - мүчөңүз баары жайындабы, анан иштеген ишиңиз, жашаганга үйүңүз, жегенге бир күндүк тамагыңыз болсо сизге дүйнөнүн бакыты берилиптир. Эмнеге бул сөздөрдү мен сизге айтып жатамын. Акыркы күндөрдө стрес, депрессия деген вирус ооруга айландыбы ар бир экинчи адамда кыйынчылыкка түшүп кеттим, андан чыгуунун такыр жолдору жок, жашоонун кызыгы калбады, жашагым келбейт, сабырым жетпейт өлүп каламын деп кейип-кепчиген эле адамдар. Жашообузду жеңил кылып, канча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Раббыма жеңил ойлуулук кылып, шүгүрсүздүк кылып жатабыз. Сиз бул дүйнөнүн кооздугунун баасын көзү азиздерден сураңыз. Кулактарыныз угуп, тилиңиз сүйлөп жатабы, бул бакытты кулагы керең, дудуктардан сураңыз. Жашаганга үңкүрдөй үйүңүз болсо анда жашоонун ырахатын, жылдап иштеп жер алып, үй салам деп квартирадан - квартирага көчүп жашагандардан сураңыз. Үйүңүздө "апо- ато!" деп чакырып, чуркап жүргөн балдардын бакытын, бир эле болсо да балам болсо деп жылдап күтүп жүргөндөрдөн сураңыз. Узакка барбаңыз бир кадамдын артында канчалаган бакыт эшигин ачууга мүмкүнчүлүк бар экенине эки бут менен басуу үчүн жылдап күрөшүп келе жаткан менден сураңыз. Муну менен мен жашоомо наалыган жокмун. Ооба, кээде өзүмдүн кемчиликтериме карап"эхх...денем соо болгондо мындан да жакшы ибадаттарды кылмакмын" деп айланама көз чаптырсам, ден соолугу чың, акылы өз ордунда болуп, Өз Жаратуучусуну тааныбаган көзү, жүрөгү сокур, чыныгы майыптарды карап шүгүр деймин. Бул сыноонун сынынан ким экенимди, кандай максатта жаралдым эң негизгиси өзүмдү тааныдым.Жаратканды жүрөгүмдөн тапкандан баштап жашоом маңыздуу боло баштады .Мен өзүмдө жок нерселерге эмес, бар нерселерге карап шүгүр кылып жашаймын. Биз канчалык наалып, нараазы болуп жашаган сайын наалыган жашоону берип койот.
Демек тууганым барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылып жашасаң, кайсы бир күнү көздөгөн максатыӊа жетесиӊ, сыноодон сынбайсыӊ, баарын багынтасыӊ...
⠀
🌹Жума маарек болсун жакшылар!
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907