🤲🏻ЭНЕҢИЗ КЕТТИБИ...
⠀
Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам бир күнү Мадинада намаз окуп жатып, Фатиха сүрөөсүнүн " Ар рохмаанир рохиим " деген аятын он беш жолу кайталап эч токтобостон ыйлап дагы да кайталап жатты. Ошондо сахабалар " Йа, Расуулуллоох, сизге эмне болду?" деп сурашканда Ар рохмаанир рохиимди айтканда энесине болгон кусалыгын, мээримин, ырайымын эстеп сагынганын айтып" Эх, кана эле энем тирүү болгондо, тизелерине башымды койсом, чачтарымдан сыласа эле " деди...
⠀
Билесизби бүгүн мен үчүн өзгөчө саат, өзгөчө күн, өзгөчө бактылуу көз ирмемдер. Анткени бул күн ар бир күнүмдү майрам кылган, энемдин өздүк майрамы. Кимдин энеси тирүү болсо чын жүрөктөн куттуктайм! Ал үчүн үйүнүн эшигине куттун таалайы, терезесинен сооптун сыйы агып кирип жатканын сүйүнчүлөгүм келет.
Көрсө дүйнөдөгү эң жылуу жер эненин кучагында. Эне бейиштин бир бөлүгү. Бейиште эч кандай гам- кайгы болбогондой, эненин тизесине башыңды койгондо бүт бардык гам- кайгыңды, көйгөйдү унутуп, жүрөгүң кадимкидей тынчтанып эс алат экенсиң. Эне тогуз ай курсагында көтөрүп жүргөнү аз келгенсип, өмүрү өткөнчө, акыркы демине чейин, кучагында жүрөгүндө, оюнда көтөрүп жүргөн кайраты, күчү тоону жылдырган улуу инсандыр. Анын барлыгы жашообуздун маңызы, дубасы кайтарымсыз кабыл болгон, кадамы, жыты эч жерден табылгыс бейиш тура. Эненин жүзү эч качан унутулбай турган жуз деди Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам. Эне ар кимдин ордун басала турган, бирок анын ордун эч ким баса албаган инсандыр. Энелер эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезген жаныбыздын бир бөлүгүдүр. Энеңиз кеттиби сиз үчүн бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылык эшиктери жабылды. Энеңиз кетсе кыйынчылыкта кармай турган колуңуз, чоң болсоңуз да ал үчүн эркелетип жүзүңүздөн сүйгөн балалыгыңыз, жашооңуздун ар бир күнүн кубанычка бөлгөн майрамыңыз кетет. Эң негизгиси " эне!" деп чакыргандат" оо, балам!" деген үнү сизге күч берип, жүрөгүңүздү тынчтантткан жашооңуздун бир бөлүгү кетет...
⠀
Эгер билсеңиз эч бир жыт энебиздин жытына окшобойт экен. Эч бир жан энебиздей жылуу кучагындай мээрим бере албайт экен. Эч бир адам энебиздей сыр бөлүшүп жакын дос боло албайт экен. Ошон үчүн энебизди көзү барда, өзү жаныбызда экенинде кадырына жетели. Биз инсандар бар нерсебизди качан гана жоготкондо билет экенбиз. Энемдин өтүп кеткенине эки жыл болду. Анын ушунчалык телефон чалып, сурап турган күндөрүн аябай сагындым. Дагы деле номерин биринчи катарга " Бейишим энем " деп сактап койгом. Анын жылмайган жүзү, таттуу сөздөрү жүрөгүмдөн эч качан өчпөйт деп көзүнөн жаш алды бир эжем...
⠀
Ушул макаланы окуп жаткан сүйүктүү окурмандарым! Мени төрөп өстүргөн, мен үчүн түн уйкуларынан калып, жаштыгын, ден-соолуктарын коротуп келген ата - энем үчүн алакан жайып, аларга бул дүйнө жана акыреттери үчүн дуба кылып коюуӊуздарды суранам....
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907