Жашоодо келатканда,
Жай турмуш кылдыр-кылдыр.
Бул сезим кайдан келди,
Булактай шыңгыр-шыңгыр?
Көздөрдү көргөндөймүн,
Көп жылдар мен издеген.
Арбалдым сүрөтүңө,
Ажайып сезим менен.
Ала албай көздөрүмдү,
Алчадай эриндерден.
Мен мынча сезимдерге жеңилбегем... Жеңдирдим...
Жеңил белем?..
Эрк жетсе, кечир мени,
Эмне бар кечирбеген?
Адашып, арып-азып,
А, балким сени издегем?..
Эми бул сезимдерим эмне болот?
Эриген кардай ыйлап шолоктойт го,
Ээрчишип кеткен кезде теңиң менен...
Сөзү: Элмирбек Иманалиев,
Обону: Бексултан Анарбеков.
Жай турмуш кылдыр-кылдыр.
Бул сезим кайдан келди,
Булактай шыңгыр-шыңгыр?
Көздөрдү көргөндөймүн,
Көп жылдар мен издеген.
Арбалдым сүрөтүңө,
Ажайып сезим менен.
Ала албай көздөрүмдү,
Алчадай эриндерден.
Мен мынча сезимдерге жеңилбегем... Жеңдирдим...
Жеңил белем?..
Эрк жетсе, кечир мени,
Эмне бар кечирбеген?
Адашып, арып-азып,
А, балким сени издегем?..
Эми бул сезимдерим эмне болот?
Эриген кардай ыйлап шолоктойт го,
Ээрчишип кеткен кезде теңиң менен...
Сөзү: Элмирбек Иманалиев,
Обону: Бексултан Анарбеков.