Орусиялык туроператорлорго Бишкек менен Ысык-Көлдү көрсөтүшүүдө
Кыргызстан өнөктөш өлкө катары катышкан «Жай 2025» туристтик көргөзмөсүнүн жыйынтыгы боюнча, 7-апрелден 12-апрелге чейин өлкөдө Свердлов, Түмөн жана Челябинск облустарынын алдыңкы туроператорлору үчүн инфо-тур өтүп жатат.
Турдун алкагында катышуучулар Бишкек шаарына, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерине барып, жаратылыш кооз жерлери, туристтик инфраструктура, мейманканалар, пансионаттар менен таанышышат.
Сапардын жыйынтыгында биргелешкен туристтик программаларды иштеп чыгуу жана Кыргызстанды 2025–2026-жылдардын жайкы жана кышкы сезондоруна карата орусиялык туркомпаниялардын каталогдоруна кошуу пландалууда.
@akkalpak_news | Катталыңыздар