Байсалов Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербургга болгон иш сапарынын алкагында Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү «Эне-Мекен» монументине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу аземине катышты.
Өкмөттүк делегация КР Министрлер кабинетинин атынан гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесин бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди. Азем Улуу Ата Мекендик согуштун миллиондогон курмандыктарына, анын ичинде Ленинград блокадасы учурунда курман болгондорго терең ыраазычылык билдирүү жана аза күтүү белгиси катары өткөрүлдү.
Минкаб төрагасынын орун басары ошондой эле баатыр шаарды коргоодо курман болгон Кыргыз Республикасынын жоокерлеринин урматына орнотулган мемориалдык тактанын алдында Ленинград үчүн салгылашкан кыргызстандыктардын элесин эскерди. Элесин эскерип жатып, ал кыргызстандыктардын эрдиги Жеңиштин жана СССР элдеринин боордоштугунун жалпы тарыхына түбөлүккө жазылганын белгиледи.
@akkalpak_news | Катталыңыздар