“Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдү {Шейит кеткендерди} «өлүктөр» деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер.
Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен {кыйынчылык, балээ, кырсык ж.б.у.с.}, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды {Мис. жакындардын жанын алуу менен}, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга {Жогоруда аталган Аллахтын сыноолорун сабыр менен жеңгендерге} сүйүнчүлө!
Аларга кайгы-балээ келгенде алар: «Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» - деп айтышат.”
📖 Бакара сүрөөсү, 2:154-156-аяттар
@akmatbekovich010