Эне акысы
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи уа саллам сахабалары менен бирге сүйлөшүп отурган эле. Ошол кезде бир аял сахаба шашып кирип келип: "Йа, Расулаллах! Күйөөм өлүм төшөгүндө жатат, балким убагы аз калган чыгар. Калима-и шахадатты айта албай жатат. Күйөөмдүн ыймансыз кетип калуусунан коркуп жатамын. Ошондуктан, сизден жардам сурап келдим”, - дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в: "Күйөөңдүн дени сак кезинде кандай жаман иштери бар эле?” – деп сурайт. Аялы анын эч кандай жаман амалы жок экенин, намазын окуп, ибадаттарды кемчиликсиз орундаганын айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в : "Күйөөңдүн дүйүнөдө кандай тууганы бар?” – деп сурайт. Аялы карып калган энеси бар экенин айткан кезде Пайгамбарыбыз аны жанына чакырат. Хазрети Алкаманын энеси Расулуллах алейхиссаламдын жанына келгенде: "Балаңыздын сизге болгон мамилеси кандай эле? Балаңыздан ыраазысызбы?” – деп сурайт.
Хазрети Алкаманын энеси: "Йа, Расулаллах! Уулум үйлөнгөнгө чейин мени өтө жакшы карачу. Үйлөнгөндөн кийин абдан өзгөрдү. Аялынын сөзүн угуп, мени таарынта турган болду. Атүгүл, соңку кездерде мени жалгыз таштап, бөлүнүп чыгып кетти. Анын бул ишине абдан капа болдум”, - дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в карыган энеге уулунун өлүм төшөгүндө жатканын жана кечирбесе Тозок азабына тартыла турганын айтса дагы энеси: "Ыраазы эмесмин, кечирбеймин”, - дейт. Ал эми Алкама болсо үйдө али шахадат келимесин айта албай жаткан болчу.
Пайгамбарыбыз с.а.в кары кемпирдин энелик мээримин козгоо максатында сахабаларына: "Мага бираз отун алып келгиле!” – деп буюрду. Кепмир таң калып: "Отунду эмне кыласыз, йа, Расулаллах?” - деп сурады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз с.а.в: "Уулуңду өрттөймүн. Тозокто күйгөнчө ушул жерде күйгөнү жеңилирээк болот”, - деген кезде, энеси чыдай албай: "Уулумдун көз алдымда күйүүсүнө ыраазы эмесмин, йа, Расулаллах! Ага акымды адал кылдым, кечирдим!” – деди. Пайгамбарыбыз с.а.в. Хазрети Алкаманын абалын билип келүүгө Билал Хабаши хазреттерин жиберди. Билал Хабаши Алкаманын жанына барып, шахадат келимесин талкин кылган кезде Алкаманын тили ачылды. Хазрети Алкама: "Ла илаха иллаллах, Мухаммадан расулуллах”, - деп айтып, жан тапшырды.