Көпчүлүк күйөрмандардын кыжырына тийген Ануарбек Мотиватор 21-декабрь күнү Бишкекте өтө турган ABL Бокс кечесинде Марсель Нурланбек уулунун жакын досу Бексултан Таалай уулу менен бокс эрежесинде беттешет. Буга чейин ММАда Марсель, Ануарбекти оңой утуп алган, бирок Мотиватор аны бокска беттешке чакырган болчу. Марселдин командасы алгач Бексултанды бул беттешке коюуда.