Биз Исраил урпактарына Китепте[6] айан кылдык: “Силер жер үстүндө эки ирет бузуку иш кылдыңар жана абдан текеберлендиңер”.
Качан кылынган убадалардын биринчиси келгенде, Биз силерге зор күчкө ээ болгон[7] пенделерибизди жөнөттүк, алар силердин турак-жайларыңарга аралап кирип барды. Убада ушинтип орундалды.
Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк.
Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп[8]{Кайгыга салып.}, биринчи киргендей эле мечитке[9]{Ирусалим шаарындагы ыйык үйгө – Байт-Ал Мукаддас.} кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн[10]{Душмандардын аскерлери жиберилген.} (жибердик).
Силердин Эгеңер мүмкүн силерге мээрим кылаар. А эгер кайрадан эле мурункуга кайрылсаңар, анда Биз дагы кайтабыз[11]{Азапка салабыз.}. Биз тозокту каапырлар үчүн камак жай кылдык.
Исра 4-8