🥇
Айсулуу Тыныбекова Польшадагы мелдеште алтын медаль алды
Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн күрөш боюнча Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде Кыргызстандын балбан кызы
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды.
Бул тууралуу Күрөш федерациясы маалымдады.
Айсулуу өзүнүн атаандаштарын - Польша жана Канаданын балбандарын мөөнөтүнө жеткирбей утуп, финалда Германиянын балбан кызын жыгып койду.
Дагы бир кыргызстандык балбан кыз
Калмира Билимбекова 59 кг салмакта польшалык эки балбанды утуп, бирок финалда немис кызга утулуп калды. (Cүрөт: Күрөш федерациясы)
@azattyk_radiosu