Azamat_LIVE KG


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


Эл күткөн Жаңылыктар. Кызыктын баары бизде

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкекте кайгуул кызматы айымдардын Эл аралык күнү менен куттуктады


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Өз кесиптешинен пара талап кылган милициянын тергөөчүсү колго түштү.

УКМК 5миң доллар пара менен милиция кызматкерин кармады

✔️Бүгүн, 7-мартта опузалап пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

✔️ Маалым болгондой, Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү, милициянын майору А.К.М. кылмыш ишти токтотуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн тергөөчүсүнөн 5миң доллар опузалап талап кылган.
УКМК кызматкерлери шектүүнү акча каражатын алып жаткан жеринен кармаган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабык


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабылды

Бишкек — Ош жолунун 127-чакырымындагы Төө-Ашууда кар көчкү түштү. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү бүгүн саат 16:00дөр чамасында түшкөн. Буга байланыштуу бардык автоунаалар үчүн жол жабылды."Жол тейлөө кызматтары кырдаалды жөнгө салуу үчүн жеринде иштешүүдө. Көчкүнү тазалоо жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ӨКМ ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү ыктымал экенин эскерткен.


Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрттөн төрт унаа күйүп кетти

Бишкектеги Алматы көчөсүндөгү унаа оңдоочу жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине үч эсеп тартылып, жалын 15:15те чектөөгө алынган. Ал эми 16:03тө толук өчүрүлгөн."Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, төрт унаа толугу менен күйүп кетти", — деп айтылат маалыматта.
Адамдардын арасынан жабыркагандар жок экени кошумчаланды.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкекте кафеден кызды алып чыгып зордуктаган беш шектүү СИЗОго киргизилди

✔️Зордукчулар жабырлануучуну Инстаграмдагы пост аркылуу аңдып турганы тууралуу маалымат пайда болду. Кыз социалдык тармактарга кайсы жерде эс алып жүргөнүн айткан постун жарыялаган.
Алар кыздын артынан кафеге келишкен. Жана анын мас абалынан пайдаланып, шаардын четине алып барып, зордукташкан.

Видео:📹: shtraf_kg


УКМК Таласта жер комиссиясынын мүчөлөрүн кармады

✔️Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды.

✔️Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2009-жылдан 2024-жылга чейин Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 163 трансформацияланбаган айыл чарба жерлери (сугат айдоо жерлери) турак жай куруу үчүн акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөн.

✔️Кылмышка шектүү катары Бакай-Ата районунун акиминин биринчи орун басары С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин облустук башкармалыгынын директору С.Б. жана айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Р.Б.кармалды. Учурда ишке тиешеси бар башка адамдар такталууда.


Тажикстанга өткөн Достук айылынын эли Чет-Булакка көчөт

✔️ Тажикстанга өткөн Достук айылынын элине Баткен шаарына чектеш Суу-Башы айылындагы Чет-Булак участкасынан жер берилет. Бул тууралуу Баткен районунун акими Айбек Шаменов айыл тургундарына маалымдады.

✔️Ал Достук айылынан бардык үй ээлерине мамлекет тарабынан 5 сотых жер бөлүнүп берилип, жалпысынан 71 үй курула турганын айтты.

✔️Ошондой эле, кызыл китеби бар, бирок үйү жок жер тилкелери бар тургундарга 5 сотых жер берилет. Жана жер которгондорго дыйканчылык кылуу үчүн Кызыл-Бел айылынан 9 гектар жер бөлүнөт.

Бул сунушка жергиликтүү калк макулдугун берди.


Сузакта сегиз баш койду урдоого шектелип кыздар кармалды.

Жергиликтүү тургун короосунан 8 баш коюн уурдап кетишкенин айтып милицияга кайрылган. Кылмышка шектелип, К.О аттуу 31 жаштагы жаран жана 20 жаштагы С.О кармалган.

Жалал-Абад облустук милициянын маалыматында, шектүүлөр соттун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда. Буга чейин Сузакта он жолу мал уурулук жасаган балдар да кармалган. Айыл жергесинде мал уурулук жасагандардын аягы тыйылбай, бул орчундуу маселеге айланып келет. Мындан улам, 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексине “Мал уурдоо” беренеси кошулган. Ага ылайык, кылмыш жасагандар 8-12 жылга чейин эркинен ажыратылаары көрсөтүлгөн.


Бишкек мэриясынын мурдагы аткаминерлери "акылдуу жол чырактарды" орнотуудагы коррупцияга шектелип кармалды

✔️Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаев менен "Жол транспорт инфраструктурасынын" мурдагы директору кармалды

✔️Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар тиешелүү техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзбөстөн жана светофордун объектилерин даярдабай туруп, чет элдик компания менен 21 жол чыракты 128 миллион сомго түз сатып алуу келишимин түзүшкөн.

✔️Бирок шаарда тыгын боюнча абал өзгөргөн эмес. Комиссия 18 миллион сомдон ашык суммага сатылып алынган светофорлордун баасынын жогорулатылганын аныктаган.


Токмокто салык кызматкерлери кармалды

✔️Токмок шаарында Салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалгандар Токмок шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын мурдагы башчысы Н.М.М., кирешелер башкармалыгынын башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.Ж. жана жеке ишкер М.Р.С

"Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызмат адамдары тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы маалыматтарды атайылап бурмалап, ошондой эле жөнөтүү документтерин бурмалашкан"
-деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

✔️Республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул сумма тергөө иштеринин жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн. Учурда тергөө уланууда.


Бишкекте кыз зордуктоого шектүү беш адам эки айга камалды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 1-марттагы токтому менен кыз зордуктоого шектелген беш адам 28-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү камоо өтүнүчүн сотко Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү берген.

Жабырлануучу 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык.

Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык.

Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.

Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. “Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи?

Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду.


“Тарых бизге беш деген баа берет” С. Жапаров чек ара боюнча пикирин айтты

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун сын-пикирине жооп берди.

Айжигитов 19 500 гектар жер берилгенин айткан, бирок Жапаров бул маалыматты манипуляция деп атады. Анын айтымында, Ворух 14 500 гектар жерди ээлеп келген, ал эми 5 000 гектар жайлоону тажик тарап колдонуучу. Келишимдин негизинде 1 000 гектар жер гана алмаштырылган.

Ошондой эле, президент Достук айылы Ворухтун "дарбазасы" деген дооматты четке кагып, стратегиялык алмашуулар болбогонун баса белгиледи.

"Чек ара маселесине түбөлүк чекит коюлду. Келишим денонсацияланбайт. Биздин ишибизге тарых 5 деген баа берет", — деди Жапаров кабар агентине берген маегинде.


Садыр Жапаров: Урматтуу мекендештер !

Жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө
40 чакан ГЭС иштеп жатат.

Өндүрүлгөн электр энергиясы
312,5 млн кВт/с түзөт.
Ошондой эле өлкө боюнча 37 чакан ГЭСтин курулушу башталды.
2025-жылы дагы 18 чакан ГЭС ишке кирет.
Жалпы өндүрүүсү 385 млн 200 кВт/с түзөт.

Күн жана шамал станцияларынан кубаттуулугу 5624 МВт түзгөн станциялардын курулушу башталып жатат.

Бизде кубаттуулугу 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо, бүгүнкү күндө биз 14 миллиард кВт саат гана электр энергиясын иштеп чыгып жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат.

Айтайын дегеним, өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк тараптан бут тосуулар болуп жатат.

«Суубузду кирдетип жатасыңар» дешип, жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды.

Урматтуу мекендештер!

Биз суу башында туруп 3 миллиард кВт/с электр энергияны импорттогон мамлекетпиз.
Импорттолгон электр энергиянын баасы
1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйынды түзөт.

Бүгүнкү күндө элге берилип жаткан электр энергиясынын баасы 1 сом 11 тыйын.
Ортодогу 2 сом 39 тыйын айырманы республикалык бюджеттен субсидия кылып жатабыз.

Бүгүнкү күндө бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кылабыз.

Бул акча – ар бир кыргызстандыктын акчасы, салыктан түшкөн акчалар.

Ушундай каатчылыкты жок кылыш үчүн, 2021-жылдан баштап массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтердин курулушун баштаганбыз.
Мындан сырткары “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталып жатат.

Ушунун баарын биз “импорттон кетип, өзүбүздөн чыккан электр энергиясы менен камсыз бололу, өзүбүздөн ашканын экспортко кетирели” деген максатты көздөп, жасап жатабыз.

Өзүбүз суу башында олтуруп алып, башка өлкөлөрдөн электр энергия сатып алганыбыз – өтө уят иш.

Ошондуктан, ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү, силердин аймагыңарда курулуп жаткан чакан ГЭСтерге, мейли менчикпи, же мамлекеттикпи, максималдуу түрдө жардам бергиле.

Ал эми жергиликтүү тургундарга айтарым – курулуш иштерине тоскоол болбогула. Курулуш иштери күндүз жүрөт. Эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алгыла.

Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула.
Курулуш иштери, көп болсо, 3 ай жүрөт.
Курулган ГЭСтер өмүр бою мамлекетибизге, өзүңөргө жана келечек муундарга кызмат кылат. Ошондуктан курулуш иштерине өзүм билемдик менен тоскоол кылбагыла.

Келечек муундарга кызмат өтөп кетели.



Показано 16 последних публикаций.