Belgisiz.akyn


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Образование


Поэзия сүйүүчүлөр үчүн
Сураныч автордук ырларды уруксааты жок албайбыз🙂

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Образование
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❤️‍🩹


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Акыйкатты издедим таба албадым,
Чындык айтып эч кимге жага албадым.
Бул жалганда акыйкат барбы айтчы.
Бар ,бар дешти а бирок таба албадым.

Акыйкатты алмаштырып жалганга ,
Жашап жатат бул адамдар жалганда.
Жооп беребиз бир күн келип биз дагы,
Жаратканга акыретке барганда.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жүрөм азыр мен өзүмдү жоготуп ,
Жаштыгымды керексизге коротуп.
Ушул кезде апам мага күч берет,
Тур балам деп чай ичкин деп ойготуп.


Жаштыгымды керексизге коротуп ,
Мен өзүмдү жалган менен сооротуп.
Жүргөн кезим мен өзүмдү табалбай,
Мен өзүмдү тирүү өлүккө окшотуп .
Автор:Belgisiz.akyn


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Атам бизди кыйналып баккан экен,
Жок болсо да биз үчүн тапкан экен.
Жетпей калган учурларда байкуш атам,
Кийинкиде балам ,деп айткан экен.

Мен ал кезде жаш элем күлмүңдөгөн,
Кыбырап эч нерсеге үлгүрбөгөн .
Эч нерседен кабарым жок убак эле,
Бул жашоонун көп нерсесин түшүнбөгөн.

Автор:Belgisiz.akyn


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сындап коюңуздар )


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Атаке❤️
Бар тапканын кызым балам жесин деди
Бизге берип өзүнө акча кетирбеди ,
Жаштык кылып көңүлүңдү оорутсам,
Суранамын атакебай кечир мени.

Жакшы көрөм деп күндө айталбадым,
Билбейм ата айтуудан тайсалдадым.
Алыста жүрөм азыр сагынганда,
Сагындым деп жаныңа кайталбадым.

Көп азыр атасынын кадырын билбегендер ,
Катуу айтып атасын тилдегендер.
Алар кандай адамдар түшүнбөймүн,
Атакесин көзүнө илбегендер.
Автор:Belgisiz.akyn


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Аталарыбыз аман болсун ❤️




📝:Belgisiz.akyn


«….»
Ооба,чынын айтсам сагындым ,
Сагынычтын азабына кабылдым.
Эми гана бакытымды тапканымда ,
Көп өтпөстөн ал бакыттан айрылдым .



Автор:Belgisiz.akyn


Турмуш ….
Кээде асманга жеткирип ,
Көкөлөтөт бул турмуш .
Кээде асмандан бир алып ,
Жерге чабат бул турмуш .

Автор :Belgisiz.akyn


Салам достор бул канал поэзия сүйүүчүлөрү үчүн өзүмдүн калемиме таандык ырлар менен бөлүшөм.Сураныч уруксаты жок ырларды эч жакка чыгарбайбыз 🙂

Показано 20 последних публикаций.

317

подписчиков
Статистика канала
Популярное в канале